«Эркиндик» айкели 28-июль күнү кечинде алынат


Демонтаж атайын крандын жардамы менен жүгүзүлөт. «Эркиндикти» кыйратуу кечки саат онго эсептелинген. Прораб Мамат Адиловдун айтымында, бул айкел Бишкек шаардык мэриясынын кампасына жеткирилет.

Kloop.kg порталына берген маалыматында прораб, азыркы тапта жумушчулар айкелди бузуу иштерин жүргүзүү үчүн даярдыктарды көрүп жатышат.

Эски айкелдин ордуна “Манас” эпосунун башкы каарманы Манастын айкли тургузулушу күтүлүүдө.

«Эркиндикти» ага орнотууга жаңы орун табылмайынча, Бишкектин шаардык кампасында сакталат.

Коомчулуктун коопсуздугу үчүн, бузула турган айкелдин тегерек-чети 8 метр аралыгында чектелип, коргоого алынган.

Аны бузуу аракетин Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш бакшармалыгындагы куруучулар тобу көрүп жатат.

[жумушчулар эстеликтин мрамордук плиталарын талкалайт]

Кыйратууга каршы болгондор

Укук коргоочу Илья Лукашов Эркиндик айкелин уратуу чечимин туура эмес деп эсептейт.

«Евгения Чирикова активисттер тобу менен биргеликте, Химкинск токойундагы оор техниканын ишин токтотууга аркет кылууда. Биз болсо Атамбаевдин Алат-Тоо аянтындагы айкелди кыйратуу тууралуу чечимин унчукпастан кабыл алдык. Өкүнүчтүү…», – деп Лукашов Фэйсбук интернет баракчасына өз оюн жазган.

Lenta.ru маалыматтык агенствосунун билдиришинче, «Фонд прогресса» уюму да айкелди алып салуу чечимине каршы.

«Эркиндик» эстелиги– бул жакшы белги. Ал биз 20 жыл мурун алган эркиндикти даңазалап турат. “Манас” эпосун пропагандалоо дагы жакш демилге, бирок жаңы айкелдерди тургузуу анча жакшы ыкма эмес. Айкелдерди тургузуу боюнча мараторий жарыялоо керек», – деди уюмдун лидери Адиль Турдукулов.

«Эркиндик» айкели

1999-жылы Кыргызстандын эркиндигинин 8 жылдыгына карата, эркиндик эстелиги Пржевальск шаарындагы айкелинин ордуна тургузулган.

Бирок 2004 –жылы «Эркиндик» гипстен кайра жез менен жасалган. Борбордук аянттагы Лениндин айкелинин ордуна кайра жасалгандан кийин Эркиндик эстелиги тургузулган.

«Эркиндикте» аял сол колунда боз үйдүн тундүгүн көтөрүп турат. Айкелдин негизинде тоголок шар орун алып, ал дүйнө жүзундөгү тынчтыктын белгиси. Ал эми анын бет маңдайында «Асыл ой. Ак соз. Адал иш.» деген кыргыздын накыл сөздөрү жазылган. Конструкциянын салмагы 4 тонна, бийиктиги 2 метр.

2010-жылдын апрель айында болгон төңкөрүштөн киийн 20 ашуун жаштар уюмдары бийликтин алмашуусун ушул айкел менен байланыштырып, кран алып келип бузууга аракеттенишке. Алардын айтымында, кыргыз аялдары эч качан түндүк көтөргөн эмес, бул кыргыз мырзалары үчүн жат көрүнүш болгон.

Ошондо жергиликтүү бийлик аларды токтотуп, айкелди сактап калшкан.

Манастын жаңы айкели

K-News.kg маалымат порталынын билдиригендей, Манастын айкели ушул жылдын 23-августуна чейин даяр болот.

Долбоордун автору Базарбек Сыдыков. Монумент Москвада колодон жасалууда.

Манас кыргыздардын эпосунун башкы каарманы, эпос 2010-жылы ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын катарына киргизилген.

«Аргументативные индийцы» китебинин автору Амарти Сендин айтымында, “Манас” эпосунда жазылгандар индиянын маданиятына шайкеш келет. Автордун белгилешинче, “Манас” эпосу дүйнөдөгү эң чоң чыгармалардын бири.

Автор: Сапар Жыргалбек уулу, Илья Каримджанов
Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова