Жер титирөөдөн жабыркаган оорукананын пациенттери чатырларга которулушу мүмкүн


Кадамжай аймактык ооруканасынын мүдүрүнүн орун басарынын айтымында, бул имараттын экинчи кабатында орун алган төрөт бөлүмүнүн шыбы жана полу ураган. ӨКМ- билдиргендей, ооруканага чатырлар жеткирилип, анда акушерлер ишин улантат.

Аймактык оорукананын орун басары, Ашим Баймаматовдун билдиргенине караганда, оорукананын эскилиги жетип, адамдын жашоосуна коопту. Ошондуктан экинчи кабаттагы төрөт бөлүмүнүндө жаткан 25 кош бойлуу аялдардарды коңшу, балдар ооруканасына которууга туура келген.

Баймаматов жер титирөөнүн кесепетинен операция кылуу бөлүмү да бүлгүнгө учурагандыгын кошумчалады.

«Биздеги эки операция кылуу бөлүмүнүн бирөө кыйроого учурады. Ошондуктан биз оорулуулардын көбүн травматологияга котордук», — деди Баймаматов.

Кадамжайдын аймактык ооруканасы 204 кишиге ылайыкташтырылган. Бирок жер титирөөдөн кийин имаратка 140 гана адамды кабыл алып, даарыласа болот. Медицина кызматкеринин айтымында, азыр даары-дармектер жетиштүү эле.

«Жер титирөөдөн кийин бизге эки жабырлануучу кайрылган. Аларга ӨКМ- көзөмөлү алдында эки чатыр иштеп атат», — деди оорукананын жетекчисинин орун басары.

Бир чатыр 30-40 кишиге ылайыкташтырылган. Эгер керек болсо, чатырларга оор жаракаттары менен оорулуулар жайгаштырылат да, алар мезгилдүү акушердик пункт катары да колдонулат.

Кадамжай районунун акими Тохтомат Ганиевдин айтымында, жер титирөө учурунда ооруканадан эч ким жабыр тарткан эмес. Жеңил жаракат алган 13адам гана медицина кызматкерлеринин кызматы менен пайдаланды.

«Кээ бири бат эле кетип калышты. Эки адам даарыланууга ооруканада калып. Азыр тиешелүү даары-дармектерди алышууда», — деди Ганиев.

Аталган имарат 1957-жылы курулган. Азыр ал толугу менен оңдоп-түзөө иштерине муктаж.

Саламаттык сатоо министирлигинин пресс-катчысы Елена Баялинова аймактагы оорукананын травматология, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү оңдоого такыр эле жарабай калганын билдирди.

Эч ким кароосуз калбайт

Өзгөчө кырдаалдар боюнча ыкчам башкаруусунун башчысы Мухтар Бейшенбиев, кыйроолор болгон жерде ӨКМ, саламаттык сактоо, транпорт министирлиги жана президенттин аппаратынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөру иш алып барып жатканын кабарлады.

«Гуманитардык жардам акырындык менен келип атат. Тынчтыкты сактоо мүчөлөрү күчөтүлгөн иш алып барып, мародерлукту болтурбоо аракетинде», — деди Бейшенбиев.

Анын айтымында азыр чыгымдардын суммасы такталып жатат, жакында чаралар көрүлөт. Жабыркагандардан арыз кабыл алуу дагы уюштурулган.

«Эч ким кароосуз калбайт», — деп баса белгиледи Бейшенбиев.

Жабыркагандар чатырларда жайгашты

Кадамжай районун тургуну Анаргуль Фарсиеванын айтымында, жер титирөөдөн кийин анын үйү жараксыз болуп, азыр үй-бүлөсү чатырда жашап жатканын айтат.

«Биз төшөнчүлөрүбүздү алып келдик. Райондук администрация ар түрдүү жардам көрсөтүп атат. Ар бир үй-бүлөгө бирден чатыр бөлүнгөн», — дейт Фарсиева.

Дагы бир жабырлануучу Саадат Дилатова бийлик чатыр беребиз дегенин айтып, бирок төшөнчүлөр гана берилгенин белгиледи.

«Оокаттын баары эшикте жатат. Чочко сыяктуу жашап атабыз. Чатырда эмес, тапчандарга жатып, күн өткөрүүдөбүз. Балдарыбызды лагерге жөнөттү», — деди Дилатова.

ӨКМ- билдирүүсүндө, Баткен облусунда жер силкинүүдөн кийин 623 үй жараксыз болуп, 703 үй оңдоп-түзөө иштерине муктаж болгон.

Андан тышкары 6 көп кабаттуу үй, 19 социалдык объектилер жабыркаган.

Жер титирөө

Баткендеги силкинүүлө катуу болгондуктан аны Ош, Ташкент жана эпицентрдан 700 чакырым алыс турган Бишкек шаарынын тургундары да сезген.

Баткен аймагында 19-июлдан 20-июлга оогон түнү саат 1:35те жер титирөө катталып, анын очогу облустагы Кадамжай районунун Совет айыл округунда силкинүү 7-8 баллга жетти. Жергиликтүү бийликтин айтымында, кишилей чыгым катталган жок. Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан эски имараттарда там күбүлүп, жаракалар пайда болгон.

Би-Би-Си кызматынын маалымдоосунда, Фергана өрөөнүнө таркаган жер титирөөдөн улам Өзбекстанда 13 адам каза тапкан. 86 адам жаракат алып, кыйраган жерлерде куткаруу тобу иш алып барууда. Өзбекстандагы адистер жер титирөөнүн магнитудасы 7 баллга чейин жеткендиги айтышты.

Сүрөттө: Кадамжай районунун Бостон айылындагы имараттардын урагандан кийинки абалы
Редактор: Александр Ким
Которгон: Кундуз Исмаилова