Башкортостандын мунай зат заводу Кыргызстанга кара май алып келе баштайт


Кыргызстандын нефтирейдерлер ассоциациясынын билдиришинче, Башкортостандын нефти компаниясы 11,5 тонна кара май алып келет. Мындай келишим, өлкөдөгү Аи-92 жана Аи-98 маркасындагы күйүүчү майлардын аздыгынан кабыл алынган.

Кsргызстандагы нефтирейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеевдн айтымында, Башкириянын күйүүчү майы өлкөгө 26-июлда алынып келген.

«Өткөн жумада эле алар бизге 6,5 миң тонна беришкен. Эми калганын 3-августка пландаштырып жатабыз», — деп билдирди Акенеев.

Акенеев «Башкортостан Нефть» заводу менен келишим, Аи-92 жана Аи-98 маркасындагы кара май азайганда эле түзүлгөн.
«Кыргызстанда мунай затынын дефицити башталды. Омск заводундагы контракт Салават шаарындагы заводко берилген», — деди ассоциациянын президенти.

Кыргызстандаг нефтирейдерлер ассоциациясынын президентинин айтымында, Башкортостан заводу өлкөнүн шартын кабыл алган жалгыз завод болгон.

«Биз Башкирияга гана эмес, Казань, Астрахань жана Орскиге да барып алар менен баасы да, мөөнөтү жагынан да ыңгайлаштырып келишим түзүү аракетин көргөнбүз. Бирок биз менен Салават шаарныдагы завод макул болду. Азыр биз Туркменистан жана Азербайджан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз», — деп кошумчалады Акенеев.

«Башкортостан менен келишим бизге жардам бербейт»
Таксист Рахман Ажибаевдин айтымында, Кыргызстандын нефтирейдерлери Баккортостан менен түзгөн келишими, бул кырдаалдан чыгууга жардам бербейт.

«Мамлекеттин Башкирия менен түзгөн келишими эч кандай жардам бербейт. Баалар мурункудай эле калууда. Мында көбүнчөсү ортомчулар чоң ролду ойноп коет. Бир гана кара май эмес, ортомчулар азык-түлүктүн бааларын жасашат», — деди шоопур.

Аэ эми башка таксист Алишер Самудинов өзүнүн кесиптешинин айткан оюна каршы. Анын айтымында, кара майдын алынып келиши, Кыргызстандын экономикасын көтөрөт.

«Башкирия менен келишим түзүлдү. Менин оюмча президент менен премьер-министр жакынкы өлкөлөр менен сүйлөшүшү керек, мындан улам биздин экономика алдыга жылат», — деди Самудинов.

Ибль айынын ортосунда өлкөгө Омск нефти компаниясы мунай затын алып келүүнүн токтоткон. Бир нече күн айдоочуларга май куюуу тармактарында 10 литрден ашык эмес кара май берилип калган.

Күйүүчү майдын аздыгына карабай, «Газпром нефть Азия» кара май алып келүүчү компаниясында баалар көтөрүлгөн жок. «ШНОС» жана «БНК» компанияларында орточо эсеп менен кара май 41 сомго чейин жеткен.

Азыркы тапта «Газпромдун» кара майынын баасы ошол бойдо эле калды. ал эми «БНК» жана «ШНОС» май куюуу бекеттеринде Аи-92 күйүүчү майынын литри орточо эсеп менен 35,40 сомду түзөт.

Кара май алынып келбей калышы

Кыргызстанда жогорку октандагы кара майдын камылгасы түгөнүп калган. Ага себеп, бажы союзунун өкүлчүлүгү алдында Казахстан, Росси менен Белоруссияны күйүүчү майды алып келүүсүн токтотуусун сурангандыгынан болгон.

«Июль айынын башталышында Казахстан аталган чет өлкөлөрдү он күнгө кара майды алып келбей туруусун өтүнгөн. Россия менен Белоруссия бул суроону карап, бирок бир аз күндөн кийин кайра ишин уланта берген», — деди Кыргызстандын нефтирейерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акеев.

Tazabek.kg интернет сайтынын билдиришинче, Омск нефтини кайра өндүрүү компаниясы Кыргызстанга кара май алып келүүсүн Россиянын өзүнүн ич-ара пайда болгон оорчлуктарынан улам токтотконго аргасыз болгон.

Редактор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова