Депутаттар балык уулоо боюнча мораторийди жокко чыгарууну пландоодо


Ыссык-Көл облусунун тургундарынын айтымында, көлдө балык жокко эсе, анткени аны судак жана радужный форель жеп коет, же болбосо браконьерлердин торлоруна түшүп жок болот. Ыссык-Көлдөгү чабактын жоктугуна байланыштуу, эл өкүлдөрү Ыссык-Көл жана Соң-Көлдөгү балыктарды кармоо боюнча мораторийге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландоодо.

2008-жылы экс-президент Курманбек Бакиев Ыссык-Көл жана Соң-кӨлдөгу балыктардын баардык түрун кармоого мораторий жарыялаган. Балыкты илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жана жөн гана сүймөнчүлүк балык уулоосу менен алектенүүгө болот.

Бүгүнкү күндө балыкчылар жана сатуучулар Ысык-Көлдүн балык базарларында көлдүн көркү болгон чабактын жок болуп калганын билдиришти. Алардын айтымында чабакты көлдөгу жырткыч балыктар же болбосо браконьерлер жок кылып коюшат.

«Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Эсенгул Исаковдун айтымында. Парламент мораторийди жокко чыгаруу үсүндө иш алып барууда.

«Моратирийди киргизүү менен биздин көлдүн фаунасы аксап калды. Азыр жырткыч балыктар Ыссык-Көлдүн чабагын акырындык менен жеп бүтүрүп келе жатат», — деди Исаков.

Эл өкүлү билдиргендей, мораторийди алып салбастан, ага акырындык менен өзгөртүүлөрдү киргизип коюу зарыл.

«Кайсы балыктын түрүнө мораторий алынып салынаарын так аныктап алышыбыз керек. Чабак Ыссык-Көлдүн көркү болчу. Азыр ал жок», — деди депутат өз сөзүндө.

Мораторийди алып салуу боюнча демилгечи болуп айыл-чарба министирлигинин алдындагы балык чарбачылыгынын департаменти эсептелет. Депутаттын айтымында бул сунуш азыр иштелип, парламенттин кароосуна бериле элек.

СДПК фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев судак чабакты көбөйтүүдө тоскоол болгон жырткычтардан жалгыз ле эмес деп эсептейт.

«Менин оюмча азыр эң чоң маселе бул браконьерлердин мыйзамсыз түрдө алып барган иши. Кандай гана иштерди жасабасын, мамлекет алардын ишине каршы тура албайт», — деди Тербишалиев.

Биринчи жолу мораторий 1992-жылы кабыл алынган. Экинчи мораторий 2008-жылы жарыяланып, өкмөт балык жаатындагы өсүштөр тууралуу токтом кабыл алган.

Балыктын баары Россиядан алынып келет

Ыссык-Көл облусундагы Бает айлынын тургундары жергиликтүү балыктын жоктугу тууралуу кеп салышат. Мурун балык уулоо менен алектенген Замирбек Кекечев көлдүн чабагы 2000-жылдан бери жок болуп калганын айтат.

«Баардык балыкты Россиядан алып келишет, анткени көлдүн чабактарынын баарын жырткыч балык чабак жеп бүтүрдү», — деди Кекечев.

Чолпон-Атанын базарында бир килограмм чабактын баасы 1200 сомду тузөт, ал эми форель 350 сомдон сатылат.

Браконьерчилик менен күрөшүү керек

Балык чарбачылыгы боюнча ассоциациясынын президенти Ренад Досаев Ыссык-Көлдүн чабагы 1992-жылы эле жокко эсе болгонун билдирди.

«Мораторий жарыяланган жылы эле Кыйтай менен чек ара ачылып, ал жактан торлор алынып келинип турган. Андан улам мыйзамсыз балык уулоо өрчүп кеткен», — деп билдирди Досаев.

Кытай өндүргөн торлор сапаты жагынан артта калганы менен, балыктын торго көп түшүшүн камсыз кылат. Ал эми балык уулоочулар чабак өрдөп келе жаткан учурунда баарны кармап алып, алардын көбөйүшүнө тоскоолдуктарды жаратат.

Досаевдин ою боюнча бийлик браконьерчилик менен маселени чечип, 2-3 жыл ичинде чабактын көбөйүшүнө баардык шарттарды түзүү керек.

«Балыкты кармоо үчүн кээ бирлери уруксаат сертификатына кол коюшат да, өкмөттүн макулдугун алат. Ал эми браконьерлерге эч нерсенин кереги жок, ошондуктан мыйзамсыз балык кармоо алар үчүн алда канча жеңил. Алар күнүнө 2 тоннага жакын балык кармашат», — деп кошумчалады Досаев.

Редактор: Диана Рахманова
Автор фото: Тимур Райимкулов
Которгон: Кундуз Исмаилова