Токмоктон укук коргоочу Азиза Абдирасулова мыйзамсыз колго түшүрүлдү


Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Токмок шаардык жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан 9-август күнү кечинде колго түшүрүлгөн. 17-жашаар кыз аталган шаардын милиционерлери аны жордуктагандыгы тууралуу арыз жазган. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул иштин чоо-жайын билүү максатында Токмокко келген.

«Кылым Шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова келген Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнөн мылтыкчан киши чыгып, Азиза турган жакка мылтыктын башын бурган.

«Алар менден эмнени умүт өтүп атканы түшүнүксүз эле келип, мени кайдагы бир өтө коопту кылымшкер катары эле кармап алышты. Менин тегерегимде ондон ашык милиция кызматкерлери жүрүштү», — деди укук коргоочу.

Токмоктун ички иштер бөлүмүнүн жанынан Азиза Абдирасулованы колго түшүргөну бекеринен эмес дейт ал өзү. Маселен ал 17-жашаар кызды зордуктоо боюнча ишин чечмелегени келген.

«Мен кат жүзүндө ички иштер министирине арыз жазам. Алар мени мыйзамсыз түрдө кармап, мылтык такаган милиция кызматкерлерин жазалоого чара колдонушу керек», — деди Абдирасулова.

Абдирасулованын билдиргенине караганда ал Ички иштер бөлүмүнүн имаратына бир аз убакыт мурун өздүк автоунаасы менен келе албагандыктан такси менен келген .

«МАИ кызматкерлерин чакырып, баарын териштире башташты. Менин жанымда «Кылым Шамынын» кызматкерлери, адвокаттар бар эле», — деди Абдирасулова.

Абдирасулованын кесиптеши «Эркиндик үнү» фондунан Сардар Багишбековдун айтымында, Абдирасулованын унаасы жол коопсуздук кызматкери Буланов тарабынан жол эрежелерин бузгандыгы үчүн токтотулган.

Абдирасулова мындан тышкары Ички иштер министирлигинин алдындагы коомдук байкоо кеңешинин өкүлү болуп да эмгектенет.

Ички иштер министирлиги жана Токмок шаардык милиция кызматкерлери бул макаланы жазууда өз оюн билдире алган жок.

Редактор: Илья Каримджанов жана Бектур Искендер
Которгон: Кундуз Исмаилова