Бишкектин жолдорундагы белгилер негизги көчөлөрдө гана пайда болот


Жол маркировкасы Бишкектеги эң маанилүү деп эсептелинген 8 көчөдө жүргүзүлүп, иштер 31-августка чейин бүтөт деп белгиленүүдө. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча бөлүм башчысы калган жолдорго акча каражаты бөлүнгөн эместигин маалымдады.

Kloop.kg порталына берген маалыматында Бишкектеги жол коопсуздугун көзөмөл жүргүзүү бөлүм башчысы Казыбек Мусакеевдин айтымында, азыр алтыдан көп эмес көчөлөрдо жолдор тиешелүү деңгээлде сызыктар менен бөлүнүп, андан тышкары мектепке жакын жерлерге зебра тартылууда.

Виктор Солдатов адистештирилген монтаж-эскплуатациялык башкармалыгынын башкы инженери болуп эмгектенет. Анын айтымында азыр белги коюу иштери Абдрахманов, Байтик Баатыр, Манас проспектиси жана мамлекеттик резиденциядан Жибек-Жолуна чейин жасалып бүттү.

«Иш күнү-түнү дебей токтоосуз жүрүп атат. Азыркы мезгилде Бишкектин мектептеринин тегерегиндеги жолдорго зебра тартуу менен алекпиз. Бирок эч шексиз, баарын атайын түзүлгөн графиктин негизинде жүргүзүп атабыз», — деди Солдатов.

Башкармалыктын жетекчисинин айтымыныда мэрия бул иштерди орундатууга 7 миллион ом бөлүп берген. Ал эми калган жолдорго каражат каралган эмес. Салдатов жолдорду белгилөө бир жылда эки жолу болуп тураарын кошумчалады.

«Азыр белгилер Ош базарынын тегерегинде пайда болгон жаңы көчөлөрдө пайда болууда. Долбоор боюнча калган көчөлөр сметага кирген эмес» — деди Солдатов.

Жолдорго белги коюу иштери ушул жылдын 25-26 июлдарында башталган. Инти жолчулар эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүрүшү керек дейт Мусакеев

Маркерлегендин зарылдыгы

Бишкектеги авто мектептеринин биринде иштеген инструктордун айтымында жол белгилеринин айдоочуга тийгизген таасири абдан эле зор.

«Жол эрежелерин корсотчу атайын белгилер болот. а алар жок болуп калган учурда кырдаалга жараша озун боолголоп айдайсын» — деп айтты айдаганды уйротуучу инструктор.

Анын айтымына караганда маркерлөө өзүн бараткан жолдо бет мандайдан келаткандардан айырмалоо үчүн абдан керек экен.

«Бул белгисиз баардык айдоочулар жолдо жүрүү эрежелерин бузуп, авария учурларын да пайда кылмак. Маркерлөө атайын унаа бурула ала турган жерлерге тартылды», — деди ал.

Айдоочу Канимет Жолдошбековдун айтымында жолго белгилерди салуу элдин жол эрежелерин жакшы билишине өбөлгө түзөт деген ишенимде.
«Ушул тартипти сактап, аварияга кабылбашы керек» — деди Жолдошбеков.

Белгилер аз

Kloop.kg маалыматтык порталына берген интервьюсунда шаардагы ашканалардын биринде кызмат кылган Мирлан бирнчи кезекте жолдорду оңдоп-түзөп андан кийин гана белги коюш керек деген ойдо.

«Жөө жүргүнчүлөр жок болсо, эрежелерди айдоочуларга да элдерге да түшүндүрүү зарылдыгы келип чыгат эле. Бирок анын айырмасы деле жок. Азыр элдин баары айдоочунун күбөлүгүн сатып алып жатышпайбы», — деп эсептейт Мирлан.

Студент Эрнис Жусупбеков жол белгилери бидзин коомчулукка абдан керек дейт.

«Жөө жүргүнчүлө эч бир коркунучу жок эле жолдон өтүүсү үчүн көпчүлүк жерлерде светофорлор жок. Жол белгилери жок болсо жол кырсктары көбүрөө болушу мүмкүн» — деди Жусупбеков.

Жолдорду маркерлөө

Көчө белгилери жолдорго атайын чийилип, жолдо жүргөн жүгүнчүлөрдү маалымдап турат. Ал айдоочулардын визуалдык түрдө ариентация алуусу үчүн колдонулуп, жол коопсуздугун камсыздап турууучу элементтердин бири.

Белгилер туруктуу жана убактылуу болуп экиге бөлүнөт. Туруктуу белгилер үчүн ак түс колдонулат, ал эми убактылуусу сары. Кызгылт же кызыл түс менен сызылат. Кыргызстанда көбүн эсе сары өң колдонулуп келет.

Редактор: Илья Каримджанов
Авторлор: Анаркан Садыралиева, Нурзаада Жаныбекова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева