Ош: Эгемендүүлүк күнүндө милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат


Ош ИИБ- маалыматында майрамдык салтанат күндөрү шаар ичинде 600 милиция кызматкери жана 400 ыктыярчылар тынчтыкты сактайт. Күчөтүлгөн тартип бул шаарда 29-августтан 2-сентябрга чейин киргизилди.

Түштүк борборундагы ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Марат Орозбаев өзгөчө коргоого эл көп чогулган аянттар алынып, укук коргоо органынын кызматкерлеринин ушул күндөрдөгү иши кандай болоору планга кирген.

«Майрам күндөрү паспорттук режим киргизилбейт. Маселен буул сыяктуу иш-чаралар коомдун ичинде тынчысданууну жаратып да коюшуу мүмкүн», — деп кошумчалады Орозбаев.

Ош шаардык мэриясынын кабарында 31-авгут эгемендүүлүк күнүн белгилөөдө негизги аянтта майрамдык концерт өткөрүлүп, андан тышкары шаардын аймагында жайгашкан имараттарда Кыргызстандын желбиреги желбирейт.

Шаардын биринчи вице-мэри Таалайбек Сабировдун айтымында эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанат аскердик парадтан башталып, эстеликтерге гүл коюлат.

«20 жылдан берки Оштун жетишкендиктери сахналаштырылып элге көрсөтүлөт. Мында рольдорду уюм, комитеттердин кызматкерлери аткарып, өзгөчө болот», — деди Сабиров.

Шаар тургундарынын пикири

Раиса Киргизова Ош шаарынын тургуну. Анын айтымынад укук коргоо органдарынын бул күндөрдөгү аткара турган иши абдан эле жакшы болуп, элдин коопсуздугу толугу менен көзөмөлгө алынат.

Студент Айдан Мамабердиева майрам күндөрү көчөгө чыкпай турганын белгиледи.

«Мен биздин милиция кызматкрелерине ишенбейм», — дейт Мамабердиева.

Кыргызстандын эгемендүүлүгү

1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишип, ал эми 1993-жылы улуттук валюта — сом кабыл алынган.
20-жылдан бери мамлекет үч өлкө башчысын алмаштырып, эми үстүбүздөгү жылдын 30-октябырында алты жылдык мөөнөт менен төртүнчү президентти эл шайлап алат.

Редакторлор: Диана Рахманова, Александр Ким
Автор: Абдулла Закиров
Которгон: Кундуз Исмаилова