Ошто көгүлтүр от берүү токтотулду


Авариядан улам Ош жана Кара-Суу районунун тургундарынын үйлөрүнө көгүлтүр от убагында берилбей калган. Ош шаардык көгүлтүр от берүү башкармалыгынын жетечиси айткандай иш качан жанданаары али белгисиз.

Аталган башкармалыктын жетекчиси Таалайбек Максутовдун айтымына караганда, коңшу Өзбекстандан келип туруучу газ түтүгүнүн 54 километринде бузулуу болуп, андан улам 50 миңден ашуун абоненттер көгүлтүр от жок отурат.

Азыр бузулуу болгон жерде жети адамдан турган жумушчу кызматы иш алып барууда.

«Баарын өз калыбына келтирээри менен бизге билдиришет», — деди башкармалыктын жетекчиси өз сөзүндө. сказал начальник управления в интервью Kloop.kg

Тургундардын пикири

Ош мамлекеттик университетинде мугалим болуп эмгектенген Бакты Кыдырмышованын кабарында азыр эл электр плитасын колдноуп тамак-аш жасоодо. Көгүлтүр отунун жоктугу көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн чоң көйгөйдү жаратат.

«Жер там болсо да очокканадан бир нерсе жасап ала коесуң бат-баттан, а бизде болсо электр жарыгы эле бар, аны да өчүрүп салса эмне болоорун ким билет», — деп нааразы болду Кыдырмышова.

Көгүлтүр оттун өчүрүлүшү

Ош шаарындагы турак-жайларда көгүлтүр оттун өчүрүлүшү биринчи жолу гана болгон жок. 2-августта дагы Өзбекстандан келе жаткан газ түтүктөрүндө ушундай авария катталып, эл газы жок бир күн отурган.
Анда көгүлтүр от 58 мин колдонуучунун үйүндө болгон эмес.

Түштүктөгү көгүлтүр от берүү түтүктөру 1967-жылы курулуп, кээ бир жерлеринде эксплуатация мөөнөтү бүткөн.

Редакторлор: Диана Рахманова жана Александр Ким
Которгон: Кундуз Исмаилова