Жер титирөөдө жабыркаган Кадамжайдагы оорукананын ордуна жаңы ден-соолук борбору курулат


Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 150 орундуу ооруканын курулушуна 30 миллион сом сарыпталат дешет. Эски ден-соолук борбору июнь айында болгон жер титирөөдөн улам жараксыз деп табылган.

Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саиджан Иратовдун айтымында Кадамжай аймактык ооруканасы мурунку санитардык бөлүмдүн ордуна тургузулат.

Анын айтымында имараттын мурун эле даяр туган төрт кабаттуу карказы бар, ал эски поликлиникадан 3 эсе чоң.

«Биз бул максатты ишке ашыруу үчүн 30 миллион сом сурап жатабыз. Бирок курулуш иштерине андан азыраак акча кетет. Өкмөт каражатты келе жаткан жылы гана бөлүп берээрин айткан», — деди Иратов өз сөзүндө.

Азыркы тапта оорулууларды азыркы жараксыз деп табылган ооруканага жана жылуулатылган чатырларга кабыл алуу токтотулган.

Ден-соолугу өтө оорлор Кызыл-Кыяга жиберилип, ошол жактан керектүү медицина кызматын көрүп жатышат деди Иратов.

Тохтомат Ганиевдин айтымында финансы министрлиги жаңы имараттын курулуш иштерине акча каражатын бөлүп бериши зарыл. Жаңы имарат эски оорукананын ордуна кайра салынат.

1957-жылы салынган, жер титирөөдөн кийин бир сыйра оңдоп-түзөө иштери жүргөн бул ооруканада оорулууларды кабыл алып, мындан ары ишти жүргүзүүгө болбоорун райондун акими билдирди.

Жер титирөөдөн кийин медицина кызматкерлери жабыркаган имаратта 40 операция жүргүзүүгө жетишкен.

Анда хирургиялык жана төрөт бөлүмдөрү жабыркап, болочок энелер балдар бөлүмүнө, ал эми хирургиянын оорулуулары травматологияга которулган.
Аймактык оорукананын мүдүрүнүн орун басары Ашим Байматовдун айтымында жаңы имараттын архитектуралык планы түзүлду.
Жер титирөөдөн кийин

Ушул жылдын 20-июлунда, түнкү саат 01:00 чамабарында Баткен облусунда жер титирөө катталган. Анын эпицентри Советский айылында болгон дешет серепчилер. Силкинүүдөн кийин облустагы көпчүлүк объектилер жабыр тартты. Алардын бири Кадамжай аймактык ооруканасы.

Жер титирөөдөн кийин жарабай калган хирургиядан даарылануучулар травматологияга жана төрөт бөлүмүнүн оорулуулары балдардын дааарылоо бөлүмүнө которулган.

Бул оорукана негизи 204 адамга ылайыкташтырылып, курулган. Бирок кырсыктан киийн азыр анда 140 киши гана даарылана алат.

Редактор: Александр Ким
Которгон: Кундуз Исмаилова