Чолпон-Аталыктар Көлдүн жээгинен жер талап кылып, митинг уюштурду


500 чамалуу Чолпон-Атанын тургундары үч күндөн бери бийликтен куруу иштерине Ыссык-Көлдүн жээгинен жер үлүшүн бөлүп берүүсүн талап кылууда. Нааразы болгондор 15 боз үй тигип, оң жооп болгон мезгилге чейин тураарын айтышса. Бийлик өкүлдөрү баары мыйзам чегинде чечилиш керек деген ойдо.

Митингчилердин бири Русландын айтымында көлдүн жээгиндеги жерлер алардын ата-балаларына тиешелүү болгон. Бирок жердин бир несе бөлүгү чет көлкөлүктөргө сатылып кеткен.

«Көл жээкте биздин да жер үлүшүбүз болушун каалайбыз. Биз бул маселени козгоп, ушуну менен экинчи жолу митинг чыгып жатабыз», — деди Руслан.

Ыссык-Көл облусунун губернатору 19-сентябрь күнү митингчилерге келип, алардын койгон талабы тууралуу маселе 10 күн аралыгында чечилээрин убада кылды.

Губарнатордун орун басары Нурбүбү Кененбаеванын маалыматына караганда Ыссык-Көл облустук администрациясы өкмөткө атайын комиссия түзүү тууралуу суранычын жөнөтүшкөн.

«Биздин максатыбыз суроону мыйзам чегинде чечүү», — деди Кененбаева.

«Казахстандын жери»

Жергиликтүү тургундар 2002-жылы Казахстандын — «Даго-Сити», «Юрист» жана «Бакыт» компанияларына 99-жылга ижарага берилген жерлерди кайра кайтаруусун талап кылды. Бул тууралуу Kginform.com интернет баракчасына Чолпон-Ата шаарынын мэри Мирлан Маратов өз кабарын айткан.

Аталган пансионатарга тиешелүү болгон жер көлдүн жээгине абдан жакын жайгашып, жалпы санында 40 гектар жерди ээлейт.

Кыргыз Республикасында азыр туруктуулуктун жоктугунан улам, казак компанияларына тиешелүү болгон жерлерди өздөштүрүүгө болбойт.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу улуттук агенттигинин 2010-жылдын 19-июлуна карата берген статистикалык божомолдоолоруна ылайык, Чолпон-Ата шаарында бир сотый жердин баасы 600-2500 чейинки АКШ долларын түзгөн.
«Жердин баасы анын көл жээгине алыс же жакын болгондугу менен байланыштуу болот», — деп айткан Чолпон-Ата шаарынын мэри.

Сүрөттүн автору: Илья Каримджанов
Автор: Айбек Жумабеков
Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова