ИИМ: Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын уулун алып качуу тууралуу малыматты четке кагат


Укук коргоочунун уулу Марсель жеткирилген свердлов райондук ИИБ ал кармалгандыгы тууралуу кабар беришти. Мындан бир аз мурун Абдирасулованынын жакындарынан Марсельди төрт белгисиз адам үйүнүн жанынан машинага салып алып кеткен дешет.

Свердлов райондук ИИБ кезекчиси билдиргендей эч кандай уурдоо болгон эмес. Анын айтымында Абдирасулованын уулу майда тентек иштери үчун кармалган. Бирок кезекчи 19-жашаар Марсель кайсы иштер үчүн кармалгандыгын тактап айткан жок.

Адвокат жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов Марселди колго түшүргөн кезде Свердлов райондук ИИБ болгонун айтып, аны Абдирасуловко жакындатпай койгонун билдирди.

Дагы бир укук коргоочу Дмитрий Кабак “Твиттерге” акырында баары бир Токтакуновду Марсель менен сүйлөштүрүп, бирок соңунда РИИБ кууп жиберишкенин жазган.

Божомолдуу уурдоо

«Эркиндик үнү» укук коргоо борборунун башчысы Сардар Бегишбековдун айтымында Марселди өзүнүн үйү жагынан, тактап айтканда “Учкун” кичи районунун жанынан 20-сентябрда кечки саат сеги чамаларында кармап кетишкен.

Бул маалыматты Абдирасулованын кызы Гүлшайыр да тастыктап берди. Марселди алып кетип жатканда үйдө аны менен бирге кичүү карындашы да болгонун билдирди.

«Биз жеке үйдө жашайбыз. Сиңдимдин айтымында Марселди эшиктен бирөө кыйкырып чакырып алган. Бир аздан соң жардам сураган Марселдин үну угулуп, сиңдим эшикке чыкса ак джип менен келгенден Марселди катуу токмоктоп атыптыр. Ал авто унаанын номерин жаттап алган — B3920BA», — деди Гулшаир Абдирасулова.

«Кылым Шамы» укук коргоо борборун жетектеген Азиза Абдирасулованын жетегинин алдында эмгектенген Жибек Исмаилованын айтымында Марселдин кармалышы анын апасынын кызматына байланыштуу.

Бул окуядан бир аз мурун Азиза Абдирасулова укук коргоо кызматкерлери тарабынан болгон кыйноолордун бирин, тактап айтканда төрт саат бою мазакталып, андан соң каза тапкан Фирускан Физиевдин өлүмү тууралуу иш алып барган.

Өз дарегине мындай айыптарды уккан улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери укук коргоочунун сөздөрүн четке кагып, уруп-согуу болбогондугун билдиришкен.

«Куру сөз болбой, ар нерсе фактылар менен далилдениши керек. Фазиев мыйзамсыз негизде ок-дарыларды саткан. Аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармайбыз деп аткан мезгилде качып, милицияны көздөй ок ачкан. Жүрүп бараткан машинадан секирип түшүп, андан тышкары өз үйүнүн экинчи кабатынан качам деп секирген. Буга чейин анын үйүнөн мылтыктын 9 түрү табылган», — деп улуттук коопсуздук кызматынын теңтөрагасы Көлбай Мусаев билдирди.

Авторлор: ЭльдиярАрыкбаевжана Анна Лелик
Которгон: Кундуз Исмаилова