Кадамжай районунда жабыр тарткан мектептердин ордуна жаңысы курулат


Кадамжайда жаңы типтеги 2 мектепти куруу иштерине 25 млн. сом каралган. Жергиликтүү бийликтин маалыматында, суук түшкөнгө чейин жаңы имараттарды колдонууга берүүгө жетишпейт.

Кадамжай районунун акими Тохтомат Ганиев район боюнча катуу жабыркаган деп 3 мектепти эсептеп, алар азыркы тапта тиешелүү деңгээлдеги жардамды алып жатышканын билдирди.

Азыркы тапта эки жаңы мектептин куруу иштери башталган. Алардын бири 480 окуучуга ылайыкташтырылса, экинчиси 320 окуучуга эшигин ачат. Ал эми үчүнчү каттуу жабыр тарткан мектепте оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү керек.

"Жараксыз деп табылган мектептердин окуучулары азыркы тапта чатырчаларда билим алышууда. Ызгаардуу күндөргө жакын чатырларды жылуулап, меш киргизүү менен катар, көмүр киргизип, баардыгын даярдап коюшат",- деп баса белгиледи райондун башчысы.

Баткен облусунун губернаторунун орун басары Атамбек Ботоев суук түшкөнчө мектептердин куруу иштери аягына чыкпай калат деп билдири. Анын айтымында бул билим -берүү уяларынын окуучулары жакын жайгашкан мектептерге которулат.

Мындан бир аз мурун Кадамжай районунун акими Токтомат Ганиев жабыр тарткан нике үйү, милиция жана жергиликтүү оорукананын имараттарын оңдоп-түзөө иштеринен өтүп жатканын билдирген.

Жер титирөө

Баткендеги силкинүүлөр катуу болгондуктан аны Ош, Ташкент жана эпицентрден 700 чакырым алыс турган Бишкек шаарынын тургундары да сезген.

Баткен аймагында 19-июлдан 20-июлга караган түнү саат 1:35те жер титирөө катталып, анын очогу облустагы Кадамжай районунун Совет айыл округунда силкинүү 7-8 баллга жеткен. Жергиликтүү бийликтин айтымында, адам курмандыктары катталган жок. Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан эски имараттарда там күбүлүп, жаракалар пайда болгон.

БиБиСи кызматынын маалымдоосунда, Фергана өрөөнүнө таркаган жер титирөөдөн улам Өзбекстанда 13 адам каза тапкан, 86 адам жаракат алып, кыйраган жерлерде куткаруу тобу иш алып барууда. Өзбекстандагы адистер жер титирөөнүн магнитудасы 7 баллга чейин жеткендигин айтышты.

Автор: Анастасия Кучина
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Редактор: Айгуль Атабекова