Шайлоо-2011: ОБСЕнин байкоочусун депортация кылуу менен коркутушту

Кыргызстандагы президенттик шайлоого ОБСЕнин атынан байкоочу катары учуп келген Жапандык Юкико Кикучи 27-октябрда эртең менен үч жарым саат «Манас» аэропортунда кармалып, депортацияга дуушар болуу коркунучунда турат,-деп билдирген кесиптеши. ТИМ жана Япония элчилигинин Кыргызстанга болгон билдирүүсүндө, Кикучинин кармалуусу документери менен байланшытуу болгон.

«Твиттерге» Кикучинин депортация боло тургандыгы тууралуу биринчилерден болуп Норвегиялык Хельсинки комитетинин укук коргоочусу Ивар Дале жазган.

«Жапандык  Юкико Кикучини Манас аэропортунан депортация кылып салганы жатат. КМШ мамлекеттеринин тизмесине Орусияда кызмат кылгандыгы үчүн кирип калган», -деп жазган Дале өз блогуна Бишкек убактысы боюнча эртең мененки 7:30 чамаларында.

Бир сааттан кийин «Клооптун» кабарчысы Кикучи менен байланышкан, бирок ал комментарий берүүдөн баш тартты.

Анын жанында жүргөн Жапан элчилигинин кызматкери деп тааныштырган инсан, азыркы тапта Кикучи аэропорттун аймагынан сырткары экендигин жана анын башка эч кандай көйгөйлөрү жок экенин билдирди.

Дипломат бул тууралуу кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты.

Кийинчерээк, Япония элчиликтин дипломатынын билдирүүсүндө, аларга болуп өткөн окуя тууралуу коментарий берүүгө мүмкүн эмес.

Ал Япониялык байкоочунун "Манас"аэропортунда узак убакытка кармалганын четке какан  жок жана ага депротация  туралуу коркунучтун болгонун да аныктаган жок.

Кикучи Бишкек шаарына «Турциялык авиакатам» менен Стамбулдан учуп келген. «Манас»аэропортунун веб-сайтынын маалыматына ылайык, учак таңкы саат 3:56да жерге конгон, жапандык байкоочу эң аз дегенде аэропортто үч жарым саат кармалган.

Даленин айтымында, Орусиянын курамына кирген Чечняда жүргөн согуш учурунда Кикучи качкындарга жардам берген.

Кикучинин Орусиядагы кызматынын алгылыктуу убактысы 2004-2006-жылдарга туш келет. Ал учурда Жанапдык Кикучи Чеченстандын 14-жашар качкыны Имран Юнусовдун жабыркаган баш сөөгүнө операция өткөрүү үчүн акча каражартын чогултууга жардам берген.

Москвадагы «Шереметьево» аэропортунан Грозныйга учуп кетүү учурунда, 2008-жылы Кикучинин Орусияга кирүүсүнө тоскол болгон.

Жапандык өкмөткө Кремиль, Кикучи «коркунуч туудурат»,-деп аны кабыл албоосу боюнча айткан. Орусия  кошумча маалымат берүүнү туура көргөн жок.

Ивар Даленин микроблогундагы жазууларга караганда, Кикучи жалпы кара тизмеге кирип калган. Бул тизмеге мурунку советтер союзунун курамындагы алты мамлекет кирип, алардын катарына Кыргызстан жана Орусия кирет.

Норвегиялык  Хельсинки комитети 2010-жылдын декабрь айында «кара тизмек» системасы кандай иштей тургандыгы тууралуу чечим чыгарган. Чечимге ылайык кара тизмек системасы Орусиялык коопсуздук кызматы тарабынан көзөмөлдөнөт.

«Система Европадагы Шенген аймагын эске салат,  алты өлкөнүн бирине кирүүгө тыюу салынган болсо, калгандарына кирүүгө жол автоматтык түрдө жабылат», — деп чечимде жазылган.

Чек арачылар мойнуна алган жок

Кыргызстандын бийлиги тарабынан Кикучи менен болгон маселе тууралуу азырынча эч кандай комментарий келип түшкөн эмес.

Чекараны көзөмөлдөө бөлүмүнүн ыкчам кезекчиси «Клооптун»кабарчысы менен болгон маегинде, чындыгында 27-октябрь күнү Кыргызстандын аймагына ОБСЕнин байкоочулар тобу учуп келгенин айтып, бирок баардыгы жакшы өткөнүн билдирди.

«ОБСЕнин байкоочуларынбиз аларды кантип кармайбыз? мага ОБСЕнин делегациясы келгендиги тууралуу маалымат беришти, баары жакшы өткөн» — деди ыкчам кезекчи өз сөзүндө.

Ыкчам кезекчи ошондой эле бирөөнүн депортациялоо тууралуу эч кандай иш-аракеттер көрүлбөгөндүгүн айтып, бирок толук маалымат алуу үчүн чек ара кызматынын жетекчилигине иш күндүн ичинде кайрылып, кабардар болуу керек экендигин өтүндү.

Сиз Кикучи айым менен биргеликте Стамбулдан учуп келдиңизби? Сиз аны депортациялоо боюнча коркутканын көрдүңүзбү? Анда өз байкооңуз менен ой бөлүшүп жана +996 779 89 66 85 номерлерине смс жибериңиз.

Автор: Бектур Искендер

Которгон: Кундуз Сырдыбаева

Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы