«Баарына каршы добуш бер!» акциясынын катышуучулары анын демилгечиси кармалгандан кийин милиция тарабынан кое берилди


Акциянын уюштуруучусу Азис  Абакировдун айтымында, Свердлов райондук ИИБдө кармалганынын себеби, «Баарына каршы добуш бер!» акциясынын катышуучуларын  коюп жиберүү максаттында болгон. РИИБ  активисттердин  кармалганы тууралуу маалыматты четке кагып, баракчалардын гана  жок кылынганын билдирди.

Kloop.kgнин кабарчысы «Баарына каршы добуш бер!» акциясын уюштуруучусу Азис Абакиров менен байланышкан мезгилде,  «Дордой» базарында Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр учурунда экенин  билдирген.

Уюштуруучунун айтымында, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери  менен сүйлөшүүнүн жыйытыгында, акциянын катышуучулары бошотула тургандыгы сүйлөшүлгөн. Абакиров алардын ордуна өзүн кармоону сунуштаган.

«Милиция сүйлөшүүлөргө макул болуп жатат. Биз келиштик. Жоопкерчиликти өз моюнума алып, кармалган жаш балдардын коюп жиберилишин суранып, алардын ордуна мени кармагыла деп айттым», — деди Абакиров.

Абакировдун так дарегин билүү максаттында Kloop.kg порталынын кабарчылары уюштуруучунун өзү менен байланыша алышкан жок.

Досу, Азамат Акелеевдин айтымында, Абакиров кармалгандан соң, РИИБнүн кызматкерлери тарабынан бир сааттан кийин коюп жиберилген.

"Аны бир сааттан соң коюп жиберишти, эч кимдин үстүнөн иш козгобой турган болушту",-деп билдирет Акелеев.

Анын айтымында, азыркы кезде Абакиров Чүй облусунун Кемин айылында.

Аталган акциясынын катышуучулары 28-октябрда «Дордой» базарында өз ишин өткөрүп жаткан мезгилде милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Абакировдун айтымында флеш-мобдун [алдын ала пландаштырылган тынчтык нааразычылык акциясы] катышуучуларын кармоонун себеби, аны уюштуруу жана баракчаларды шаар боюнча таратуу болгон. Бирок, Абакиров эмне үчүн баракчалар алынып,  калгандары кармалганын түшүнбөй турганын айтты.

«Менин өз оюмду айтууга укугум бар, балдар болсо мага бул учурда жардам беришти. Кайсы себептерден улам бизди кармап алышканын түшүнбөй жатам, акырындык менен аны аныктап чыгам. Бул акцияга  студент балдар катышкан», — деп кошумчалады уюштуруучу .

ИИБ Кloop.kg порталына берген интервьюсунда, акциянын катышуучуларын кармагандыгын четке кагып, болгону баракчалар гана жок кылынганын билдирди. Ошондой эле, баракчалардын жок кылынгандыгынын себебин айтуудан баш тартып, ШИИБнө кайрылуусун айткан.  Бирок, шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуяны комментарийлөөдөн баш тарткан.

«Кандай гана  көз караш болбосун урмат-сыйга ээ»

Кыргызстандагы укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү ИИБнүн кылыгын туура эмес деп билдиришти.   «Ачык көз караш» коомдук фондунун башчысы Дмитрий Кабак «Кандай гана  көз караш болбосун урмат-сыйга ээ»,-деп эсептейт.

«Эгер талапкерлерди колдогон үгүт иштерин жүргүзсө, демек аларга каршы үгүт иштерин жүргүзүү да болот», — деп билдирет фондтун жетекчиси .

Юрист жана сот системасын көзөмөлдөө жарандык кеңештин өкүлү Нурбек Токтакунов, "ИИБ эч кимди кармоого акысы жок, себеби, үгүт иштери азырынча эч ким тарабынан тыюуга алынбаган",- деп белгилеп кетти.

«Келгиле ой жүгүртүп көрөлү, үгүт иштери эртең аяктайт, демек  иш-чараларын азыр жүргүзө берсе болот. Эгер баарына каршы үгүттөгөндөр болсо, анда эч кандай эч нерсе  жок», — деп билдирди Токтакунов.

Юрист Алмаз Эсенгелдиев kloop.kg  порталына берген интервьюсунда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандарды кармоо учурунда, эмне себептен аны колго түшүрүп жаткандыгы тууралуу түшүндүрмө бериши керек,-деп билдирди.

«Эгер, алар укук бузууга барбаса, аларды кармоонун эч бир кажети жок. Кармаган күндө да укук коргоо органынын кызматкерлери себебин түшүндүрүп бериши зарыл.  Андан тышкары жарандын өзүнө тиешелүү болгон буюмун же кандайдыр бир документтерин эч нерсе түшүндүрбөстөн алып коюсу мыйзамга туура келбейт», — деп түшүндүрмө берди Эсенгелдиев.

«Баарына каршы добуш бер!» акциясы

Азис Абакиров маалымат технологиялары жаатында кызмат көргөзүп, программалык камсыздоону ишке ашырган «Юник Текнолоджис» компаниясынын кызматкери болуп эсептелет.

Мындан мурун Абакиров Бишкек иштиктүү клубун жетектеп келген, бирок бир аз убакыттан кийин кызмат ордунан кетүү тууралуу арызын жазган.

«Вести.kg» маалымат агенттиги билдиргендей Абакиров кызматынан кеткенин, келе жаткан шайлоодо, баарына каршы добуш берүү чакырыгы менен чыга тургандыгын түшүндүргөн.

«Президенттик шайлоо алдында мен саясий көз караштагы билдирүү жасаганмын. Менин Бишкек иштиктүү клубунан кеткенимдин себеби, жогоруда айткан билдирүүм менен байланыштуу. «Баарына каршы добуш бер!» акциясын уюштургандыгым,  талапкерлердин арасынан бир дагы татыктуу президентти көрбөгөндүгүмдөн улам болгон кадамым», – деп жазган Абакировдун сөзүн жаңылык басма сөзү .

Акциянын катышуучулары  Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын студенттери. Алардын башкы максаты флеш-моб өткөрүп, Бишкек шаары боюнча «Баарына каршы добуш бер!» деген баракчаларды таратуу болуп саналган.

Акцияны өткөрүү тууралуу жарыяны Абакиров бир топ социалдык тармактарга, анын ичинде «Фейсбук» интернет тармагына кошуп, акцияны колдоочуларды жана ага каршыларды да топтой алган.

«Баарына каршы добуш бер!» акциясын уюштуруучусу Абакировдун кесиптеши Адилет Абылов,  акцияны өз оюн билдирүүнүн бир жолу деп эсептейт.

«Өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу биз өз көз караштарыбызды билдире алабыз деп ойлойм. Мамлекетке аз акча каражатын келтирүүнүн үстүндө иш алып барган адамдар өзгөрүүнү талап кылгандай эле, биз дагы нааразычылыгыбызды билдире алабыз. Каражаттар дагы бир кезектеги капчыгы өзүнөн узун-туурасынан дагы чоң болуп турган адамга эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө жумшалганы жакшы…», – деп Абылов,  Абакировдун «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

«Фейсбуктун» дагы бир колдонуучусу Медер Бек Абакировдун уюштурган  акциясына каршы оюн билдирген.

«Урамттуу Азис! Сиз «Баарына каршы добуш бер!» акциясынын баштоочусу болуп жаткандыктан сизге бир нече суроо бергим келип турат: Сиз президенттик шайлоону кайра өткөрүүгө кете турган чыгымдарды толугу менен каржылоого даярсызбы? Маселен эгер, шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгү баарына каршы деген добушун берсе, шайлоону кайра өткөрүүгө мамлекеттик казынадан 450 000 000 сом жумшалат да», – деп суроо узаткан Медер Бек.

Социалдык тармактардын дагы бир колдонуучусу Канымжан Акмолдоева, «Баарына каршы добуш бер!» акциясын өткөрүүдө эч кандай маанини көрбөй жаткандыгын билдирди.

«Мен силердин акцияңардын мазмуну эмнеде экенин түшүнө албай жатам. Алардын ордуна башка планеталыктар келет деп ойлоп жатасыңарбы. Булар болбосо, булардан башка, булардан да жамандар болот!», – деп Канымжан Акмолдоева интернет баракчага акцияга болгон көз карашын жазган.

Авторлор: Диана Рахманова жана Данияр Омурзаков
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы

Азис Абакиров