Депутаттар кыйнап кыстоого каршы орган түзүүгө макул эмес


Эл өкүлдөрү Кыргызстандагы кыйноолордун алдын алуу максатында улуттук борборду ачуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган жок. Депутаттардын, «бул иш мамлекеттик казынанын чыгымдарынын ашыкча болушуна алып келет»,- деген оюн укук коргоочулар жөн гана шылтоо деп айтышууда. Кыйноолордун алдын алуу органын түзүү тууралуу депутаттардын ою эки жаатка бөлүнгөн.

«Эркиндик үнү» коомдук фонду,  Кыргызстандагы укук коргоочулар жааты түшүнбөстүктө экенин айтат. Укуктук тартип, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети 25-октябрда өткөн отурумунда кыйноолорго каршы Улуттук борбор түзүү мыйзам долбоорун четке какты.

Депутаттар, «бул иш мамлекеттик казынадан чыгымдарын ашыкча болушуна алып келет»,- деген. Укук коргоочулар алардын оюн жөн гана «шылтоо»,- деп айтышууда.

«Акча жок деп айтышканы - куру шылтоо. Бишкек шаардык мэрия көчөлөргө атайын гүлдөрдү орнотуу үчүн 10 миллиондон ашык каражат короткон. Ошондуктан борборду ачууга да акча тапса болот», — деп билдирди «Эркиндик үнү» коомдук фондунун мүдүрүнүн орун басары Азмаз Эсенгельдиев.

Эсенгельдиевдин айтымында, кыйноолордун алыдын алуу, аны болтурбоо мамлекет үчүн кирешелүү долбоор. Анын менен жабык жайларда мониторинг жүргузсө боло тургандыгын парламент өкүлдөрү түшүнүш керек.

«Колонияларда канчалаган тополоңдор болот. Аны калыбына келтирип, андагы элдин нааразычылыгын басууда мамлекет канчалаган каражатты коротуп жатат? Кыйноолорду колдонуп жаткандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн канча каражат кетирүү керек? Бул үчүн тергөө органдарын, прокуратура, сот жана абакта отурган адамды да толугу менен камсыз кылып турууга көп каражат кетет. Кыйноолорду алдын алуу боюнча иш-чараларга мамлекет тарабынан салым жасап коюу алда канча натыйжалуу болот», — деп баса белгиледи укук коргоочу.

«Прецедент» шериктештик тобунун укук коргоочусу Нурбек Токтакунов, эгер депутаттар кааласа мыйзам долбоорун ишке ашырууга каражатты таба алышаарын белгиледи.

«Өлкөдө акча жок деген аргумент туура эмес. Биздин психологиябыз боюнча акча эч качан болбойт жана болгон эмес. Грант бирөө бергичекти күтүш керек. Акча каражатын кайдан болсо дагы тапса болот», — деп эсептейт укук коргоочу.

Кыргызстандагы жаш укук коргоочулар тармагынын координатору Тимур Шайхутдиновдун айтымында, эл өкүлдөрү бул мыйзам долбоорунун зарылдыгын түшүнбөй жатат.

«Депутаттардын иши тажыйырбасыздык болуп жатат. Акыйкатчы дагы - бул механизм коомго оң таасирин берет деп колдоодо.  Укук коргоочулар бул долбоор боюнча депутаттарга түшүндүрүш керек»,-деп айтат Шайхутдинов.

«Ачык көз караш» көз карандысыз уюмунун укук коргоочусу Дмитрий Кабак өкмөт кыйноолорго каршы иш-чараларга катуу аракет жасашы керек.

«Өкмөттүн максаты депутаттарга борборду пайда кылуу канчалык деңгээлде маанилүү болоорун жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берүү болуп саналса, биздин максат аны коомчулукка айтып берүү болуп эсептелет», — деди укук коргоочу өз сөзүндө.

Кыйнап кыстоого каршы борборуна мыйзам кабыл албашынын себеби

«Республика» партиясынан депутат Максат Сабировдун айтымында, кыйнап кыстоо боюнча эскертүү улуттук борборунун ыйгарымын так аныктоо керек.

«Бул жерде орган кандай иш аткара тургандыгын иштеп чыгыш керек. Каржы тарабын табууга болот. А бул суроо комитет тарабынан каралат»,-деп кабарлады депутат.

СДПК партиясынан депутат Мамытбай Салымбековдун билдирүүсүндө, долбоор октябрь айынын аягында кабыл алынат.

«Мыйзамды (интернет сайттарда, тегерек үстөлдөрдө) кенен талкуулоого калтырдык. Биздин шайлоочуларыбыз өз ойлорун, талкуулоолорун жиберсин. Талкуулоо ушул айда болот, жана анадан кийин биз мыйзамды кабыл алабыз»,-деп айтты депутат.

Мыйзам долбоорунда көпчүлүк мүчүлүштүктөр бар экенин белгилеп, аны азыр ошол бойдон кабыл алуу туура эмес деген оюн «Ар-Намыс» партиясынын депутаты Гульнара Асымбекова билдирди.

«Албетте мындай мыйзам керек. Бирок андагы материал негизинен аягына чейин толук иштелген эмес, оңдоп чыгып, бир айдын ичинде кабыл алса болот», — деди Гульнара Асымбекова.

«Ата-Мекенден» Куратбек Мадылбеков, парламент каражаттын тартыштыгынан улам мыйзам долбоорун кабыл албады,- дейт.

«Каражат маселесин чечип алыш керек. Балким, акыйкатчынын жана башка органдардын штатын кыскартуу керек. Мыйзам долбоору бир айдын ичинде кабыл алынышы мүмкүн. Бирок, бул борбор Кыргызстанда иштеп келе жаткан башка структураларды туурап иштейт», — деди Мадылбеков .

«Бул маселелер мене ишей турган биздин акыйкатчыбыз бар. Андан тышкары мамлекеттик орган - бакшы прокуратура бар. Алар кандай иштеп жатканы башка суроо. Ошондуктан алардын аткарган иштерин текшерип чыгуу керек», — деп белгиледи депутат.

Борборду ачуу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынбагандыгы менен парламнет өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрду киргизген. Анда укук корго органдарында кызмат кылгандардын кыйнап-кыстоо учурундагы алып абар турган жоопкерчилиги тууралуу жазылган.

«Кармалган, шектүү деп табылган жана күбөлөргө карата укук коргоо органдарыны кызматкерлери тарабынан келтирилген кыйнап-кыстоолор боюнча алардын мойнуна ала турган жоопкерчилиги кодексте жазылган эмес», — деп билдирди «Ата-Журт» фракциясынан Улугбек Кочкоров.

Аларга келтирилген жаракаттардын оордугуна жараша укук коргоо органдарынын кызматкерлерин 12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын дагы депутат өз сөзүндө кошумчалады.

Анын айтымында азыр күбөлөрдү жоопкерчиликке тартуу нормасы өкүм сүрүп келет. Бирок кыйнап-кыстоо биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан күбөлөргө карата колдонулуп, уруп-тепкиге алынган күбөлөр аргасы жок өз эркине каршы көрсөтмөлөрдү берет.

Кыйнап кыстоо менен курөшүү борбору

Кыйнап кыстоо боюнча күрөшүү борбору атайын мыйзамдын негизинде түзүлүшү керек. Кыргызстандык тарап бул нерсеге 2008-жылы кошулган. Аталган органга 11 мүчө катталат: акыйкатчы, Жогорку Кеңештин эки депутаты жана сегиз коммерциялык эмес уюмдардын өкүлүлдөрү.

Мамлекет тарабынан жабык деп эсептелген мекемелерге аталган борбордун мүчөлөрүнүн иш алып барышына эркин мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы, түрмө, абак, интернат-үйү, психиатриялык мониторинг жүргүзүү клиникасы.

Кыйнап кыстоодон алдын ала сактап калуу жана ачып көрсөтүү борбордун мүчөлөрүнүн милдети болуп саналат. Аталган борборду түзүү үчүн мамлекет карзынасынан 9 млн 250 миң сом керектелет. Ал эми жыл сайын иш жүрүшүн камсыз кылууга 9,5 млн сом талап кылынат.

Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы
Авторлор: Любовь Шевченко жана Данияр Омурзаков