Нарын облусунун айрым мектептери оор абалда - жаңы мектептер курулууда

Кыргыз Республикасын тоолу аймактарынын бири Нарын облусунда 139 мектеп бар. Анын айрымдары оор абалда, кээ бирлерин оңдоп түзөө керек. Азыркы күндө бир мектеп пайдаланууга берилип, экинчиси бүтөөр алдында турат.

Учурда Кочкор районундагы Убайдылда Малтабаров атындагы орто мектеби катуу жер титирөөдөн кийин тап-такыр жараксыз абалга келип калган. Үч жылдан бери Молдо Кылыч айылынын окуучулары кыштактагы ташталган үйлөрдө окууга мажбур.

Убайдылда Малтабаров атындагы орто мектептин директорунун айтуусунда, мурдагы окуган жай ашар жолу менен курулган. Жер титирөөнүн кесепетинен жараксыз абалда калып, ӨКМ тарабынан окуганга болбойт деп чыгарып салынган.

«Азыркы кезде окуучулар сарайда эмес кыштакта калган адамдардын үйүндө окуп жатышыт. Адегенде чатырларда окудук. Чатырларга суук түшкөндүктөн айласыздан үйгө көчүп өттүк. Бир эмес эки үйдө окуп жатабыз. Үйлөрдө окуп калганыбызга быйыл экинчи жыл кетип жатат. Азыркы учурда мектебибизде эки жүз окуучу билим алууда. Бир эле Молдо Кылыч атындагы айылдын балдары окуйт. Бизде баардыгы болуп 23 мугалим эмгектенет,- деп айтып өттү Төлөбеков Тынайбек мектептин директору.

Ал эми, Жумгал районунун Баш Кууганды айылында Ш.Садыбакасов атындагы жаңы мектептин курулушу союз кезинде эле - 1989-жылы башталып, ошол бойдон токтоп калган.

Асан Жекшенов, Ш.Садыбакасов атындагы мектептин директорунун айтымында, долбоор туура эмес түзүлгөнгөндүктөн мектеп токтоп калган.

«Себеби долбоордо көрсөтүлгөн курулуш материалдары 7м 20см же 72 деп аталган плита Кыргызстанда чыкпагандыктан токтоп калган. Кийин 2003-жылы кайра Нарын облустук архитектурасы айыл өкмөт менен биргеликте 18 класс-комплектке проект түзгөн. Бирок тилеке каршы ал дагы иш жүзүнө ашкан эмес»,-деп айтты Жекшенов.

Касымбек Мамытов - Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын башчысынын айтымында, Нарын районунун Алыш айылындагы мектеп боюнча маселе оор.

«Айылдын өзүндө мектеп жок. Алар тогуз он километр аларыктагы айылдык профсоюздун имаратынан барып окуп келишет. Алыш айылына мектеп куруу быйыл планга кирип жатат деп угуп атабыз. Ушул боюнча быйыл бюджетте маселе чечилип калса өтө жакшы болмок ”,-деп билдирди Касымбек Мамытов.

Мындай абал Ак- Талаа жана Ат- Башы райондоруна да мүнөздүү.

Жаңы мектептер курулууда

Мына ушундай оор абалды жеңилдетүү максатында кыргыз өкмөтү тарабынан Cадыбакасов атындагы мектепти бүтүрүүгө 9 млн сом бөлүнүп, жакынкы күндө 700 окуучуга ылайыкташтырылган алгачкы корпусу пайдаланууга берилди.

Ал эми анын ачылышына катышкан Нарын облусунун губернатору өзүнүн резервдик фондунан окуу куралдарын жана керектүү эмеректерди сатып алууга атайын каражат бөлгөн.

«Жаңы жылга чейин мектепке 15 миң сомго атайын килемче сатып бердик. Азыркы кезде резервдик фондко акча которула элек. Акча бөлүнөөр замат аталган мектепке дагы окуу куралдары үчүн акча которуп беребиз»,-деди Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Субагожоев Жакыпбек.

Кочкор районуна караштуу Молдо Кылыч айылындагы Убайдылда Малтабаров атындагы мектеп салынып бүтөөр алдында турат.

«Жаңы салынып жаткан мектеп 8 класстан турат. 8 класс эмес 11 класс болсо абдан жакшы болмок. Эки смен менен окуса 200 окуучуга ылайыктуу. Мектеп бардык шартары менен курулууда. Салынып жаткан мектеп өкмөттүн өзүнөн республикалык бюджеттин эсебинен салынып жатат»,- деди мектептин директору.

Кочкор райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Молдош Чакиевдин айтымында, ал мектеп мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынып жатат . Мамлекеттик бюджеттен жалпысынан 46 миллион сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн сумма мектептин курулуш ишинин аягына чейин жетет. Буюрса февраль айында мектептин ачылышы болот.

«Мектептин спорт залы, ашканасы бар жана бүт баары жакшы. Билим берүү жана илим министирлиги буюуртмачы болуп, ал министирликтин курулуш бөлүмү тарабынан салынып жатат. Мектеп заманбап долбоордун негизинде курулууда»,-деп билдирди Молдош Чакиев «Клоопко» берген интервьюсунда.

Редактор: Айгул Гуламидин кызы