«Клооп» такталбаган макала жарыялагандыгы үчүн кечирим сурайт

«Клооп» интернет-порталынын өз алдынча иликтөөсүндө, Ош шаарында ЗАГСка Ан-24 үлгүсүндөгү учак менен учуу жөнүндөгү макала анык эместиги такталган. Макаладагы фактылар чындыкка туура келбейт, болгон окуя менен башкы каарман жана айтылган цитаталар ойлоп табылган.

2011-жылдын 15-ноябрында Саидмансур Сайдалиевдин автордугу астында «Ош шаарында АН24 учагы ЗАГСка чыгууда» деген  макала жарыялаган. Иликтөөнүн негизинде окуя автор тарабынан ойлоп табылган.

Башкы каарман Сейдалиев атуу авторго эч кандай интервью бербегендиги тууралуу «Клооп» маалымат порталына комментарий калтыргандан соң, макаланын жалгандыгы билинген.

«ЖАЛГАН!!! Саидмансур Сайдалиев жана Диана Рахманова — алдамчылар! Мени менен болгон маек жана авиаторлордон алынган интевьюлар ойдон чыгарылган»,— деп комментарий калтырган макаланын каармандарынын бири Василий Борисюк .

Макала жарыялангандан кийин, макаланын авторунан комментарий алууга эч мүмкүн болбоду. Автор жеткиликсиз бойдон калды.