Беш жылдык билим берүү системасы жоюлууда

2012-жылдын күз айларына чейин Кыргызстандын бардык ЖОЖдору Болондук билим берүү системасын өтүш керек дейт Билим берүү министрлиги. Жакынкы арада Жогорку Кеңеш мындай реформа боюнча мыйзам долбоорун карап чыгат. ЖОЖдордун өкүлдөрү бул боюнча эки башка карама-каршы пикирде.

Билим берүү министри Канат Садыков,  жылдын аягына чейин ЖОЖдордо беш жылдык окуу системасы калбайт деп билдирген.

Министрликтин басма сөз катчысы Керез Жукеева «Клоопко» берген интервьюсунда, Кыргызстандын ЖОЖдору кийинки окуу жылына чейин «төрт жылдык билим берүү системасыны өтүшү керек» деди.

Анын айтымында, Кыргызстан болон системасына өткөн башка чет мамлекттерден артта калбашы керек.

«ЖОЖдорду реформалоодо оң жактарына караганда, терс жактары көбүрөөк. Реформаны тескөө иштерин университеттин ректорлору менен билим берүү жана илим министрлиги биргеликте алып барат»,— дейт Жукеева.

Жукееванын маалыматында, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана башка университтердеги медициналык факультеттерден сырткары башка багыттардын баары реформаланат.

Болондук билим берүү — эки тепкичтүү окутуу системасы. Биринчи тепкич — 4 жылдык окуудан кийин студент «бакалавр» наамын алат. Экинчи тепкич — эки жылдык окуудан кийин «магистр» наамы берилет.

Төрт жыл аралыгында студенттерди кредиттик системада окутат.

ЖОЖдордун Болондук системага өтүшү жөнүндөгү токтомго, 2011-жылдын жай айларында Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турган кезинде кол койгон.

Кантсе да реформалоо боюнча мыйзам кабыл алына элек.

«Ата- Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенконун оюнда, батыш болондук системасын толугу менен көчүрүп алуунун кереги жок.

«Болондук билим берүүнүн принциптери европалык окутуу модели дегендикке барабар. Биздин кээ бир ЖОЖдорубуз азыртан эле бакалавриат жана магистратура боюнча окутуп жатышат. Жакшы жыйынтыктар да бар»— дейт Никитенко.

«Атамекенчинин» айтымында, этап-этап менен өткөндүктөн реформа белгилүү бир убактты талап кылат.

Никитенко, өкмөт токтом чыгарган, билим берүү министрлиги реформанын планын иштеп чыкты, эми жакынкы күндөрдө парламент мыйзам долбоорун карап чыгаарын кошумчалады.

Ошондой эле депутат айым, ЖОЖдор эки тепкичтүү билим берүү системасына өткөндөн кийин, үчүнчү тепкичтеги, башкача айтканда университеттен кийинки окутуу боюнча реформаларга даярданып жатканын белгилеп өттү.

«Техникалык база жок»

Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттинин билим берүүнүн сапаты боюнча менеджменттик бөлүмүнүн жеткечиси Бурул Ташбаева, университетте реформа жүргүзүү үчүн техникалык базанын жоктугун айтты.

Болондук системага өтүү жаңы китептердин басылып чыгышын талап кылат,- деп кошумчалады ал.

Кыргыз-орус славян университетинин өкүлү, беш жылдык билим берүү, төрт жылдык «бакалвриатка» карагада бир топ жакшы дейт.

«Советтик билим берүү системасы элдерге ыңгайлуу. Өзгөчө студенттер көнүп калышкан»,— деп айтты славян университетинин өкүлү.

Мугалимдерди «даярдоо керек», жалпысынан реформа «убакытты жана финасылык булкатарды талап кылат» дейт. Ошондой эле Славян университетинин илимий-техникалык базасы болондук системага өтүү үчүн бардык стандарттарга жооп берээрин кошумчалады.

Стратегиялык маалыматтык технологиялар институтунун ректору Борис Кубаевдин оюнда Кыргызстандын ЖОЖдору эки тепкичтүү билим берүү системасына өтүүгө даяр эмес.

«Башка системага өтүү кадамдарын жасалма жол менен ылдамдатуу жакшы жыйынтыктарды бербейт. Бул система европалыкдарга ылайыкталган, ал эми биз анын негизги  принциптерин гана колдонушубуз керек»,— дейт Кубаев.

Кубаев, облустардагы ЖОЖдордун баарынын эле «илимий-техникалык базасы жеткиликтүү эмес» жана тажыйырба алуу боюнча программалардын жоктугу эң негизги кемчилик экендигин белгилеп өттү.

Кубаевдин ою боюнча, финансылык реформаларды студенттердин төккөн контракттары аркылуу жүргүзсө болот.

Жаңы система студенттердин өз алдынча иштөөсүн жогорулатып, мугалимдердин айлык акысын төлөөнү жеңилдетет.

«Ректорлор жана министрлик тыгыз иштей баштайт, бул жакшы жыйынтыктарды берет»,дейт Кубаев.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проректору Гүлбүбү Токтосунова «Клоопко» берген интервьюсунда, университет негизделген күндөн баштап, 16 жылдан бери эки тепкичтүү билим берүү системасында окутуп келет.

Гүлбүбү айымдын оюнда, кыргызстандык ЖОЖдор жаңы системага өтүүгө аргасыз, анткени Европа жана КМШнын университеттери болондук система менен окутуп жаткандыктан дипломдорубуз жана академиялык наамдар ортосунда төп келбестик келип чыгышы мүмкүн.

Кыргызстанда 52 жогорку окуу жай бар, анын ичинде 34ү мамлекеттик ал эми 18и жеке университет.

Болондук системага өткөн алгачкы ЖОЖдордун бири — Ош мамлекттик университети болгон. Ал 2004-жылы бул системага өткөн.

Которгон:Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бермет Иманалиева