Бакиевдин иниси оорукандан «качып кетти»

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси Ахмат Бакиев медициналык борборлордун биринде дарыланып жатып "качып кеткендигин" жаза аткаруу кызматы кабарлады. Эскерте кетсек, Бакиевдин иниси 2014-жылга чейин эркинен ажыратылган эле.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф, Ахматбек Бакиевдин №35 колония поселениеден качып кеткендиги жөнүндөгү маалыматты тастыктады.

Анын айтымында, президенттин иниси Бишкек шаарындагы медициналык борборлордун биринде стационардык дарыланууда жаткан.

«№35 колониянын кызматкерлери күндө ооруканага келип, ордундабы жокпу текшерип кетишчү. Бирок 3-мартта түштөн кийин текшерүү келип Бакиевди таба алган эмес», — дейт Никсдорф.

Никсдорф менен болгон интервьюну жүктөп алуу

Басма сөз катчынын айтымында, азыркы учурда бардык күч структуралары Бакиевдин инисин издеп жатышат. Колония-поселениедегилер сакчы-конвоирсиз жүрүшөт, алардын "эркиндигин эч ким чектебейт", деп Никсдорф белгилеп өттү.

«Бакиев ооруканада сакчыларсыз болчу. Кайтып келет деп үмттөнөнбүз», — дейт басма сөз катчы.

Президенттин инисинин жоголгондугу жөнүндөгү маалымат 5-мартта түшкөн. Ахмат Бакиевдин кайда экени азыр белгисиз. Изделип жатат.

Ошого карабастан, колония-поселениедегилер ар бир ишемби күнү катталып туруш керек, дейт Никсдорф. Ахмат Бакиев ишемби эртең менен ооруканада болчу.

«Апта бою аларды [соттолгондорду] эч ким тескебейт. Бирок ар бир ишемби келип катталып кетиш керек. Кийинки ишембиге чейин эркиндигин эч ким чектебейт», — дейт Никсдорф.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси Ахмат Бакиев 2010-жылдын июль айында Жалал-Абад облусунда кармалган.

Бейбаштык, мыйзамсыз түрдө курал-жарак сактоо жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган.

Жети жыл эркинен ажыратылып, жазасын колония-поселениеде өтөмөк. Бирок амнистиядан кийин бул мөөнөт 2014-жылдын сентябрь айына чейин кыскарган.

ЖАМКтын маалыматы боюнча, 2012-жылдын 24-январында Ахматбек Бакиевдин ден-соолугу бузулуп, Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Раим Досункулов

Которгон: Бермет Абдыкадырова

Сүрөт «Азаттык» радиосунан алынды