Бакиевдин инисинин жазасы күчөтүлдү

Биринчи май райондук соту Ахмат Бакиевди камакка алуу керектиги жөнүндөгү өкүм чыгарды. Ооруканадан качып кеткенден бери Курманбек Бакиевдин иниси изделип жатат.

Биринчи май сотунун судьясы Адылбек Субанкулов, 3-мартта ооруканадан качып кеткен Ахмат Бакиевдин жазасын күчөттү.

Колония-поселениеде жаза өтүү өкүмү УККнын тергөө абагында камалуу менен алмаштырылды.

«Муну менен бирге Ахмат Бакиев кылмыш жаза кодексинин «Түзөтүүчү мекемелерден жана камактан качып кетүү» 336-беренесинин 1-бөлүмү боюнча да мыйзам бузду», — делет Жогорку Соттун пресс-релизинде.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Александр Никсдорф, Ахмат Бакиевдин качып кеткендиги боюнча 6-мартта кылмыш иши козголгондугун маалымдады.

"Азыркы күндө ички иштер министрлигинде иликтөө иши жүрүп жатат. Мындан сырткары ЖАМКтын үч кызматкери кирген атайын иликтөө комиссиясы түзүлүүдө», — дейт ЖАМКтын өкүлү.

Ахмат Бакиевдин жоголуп кетүүсү.

Ахмат Бакиев жоголуп кетүүдөн мурун «КафМедЦентрПлюс» жеке клиникасында стационардык даарылануу өтүп жаткан.

«№35 колониянын кызматкерлери күндө ооруканага келип, ордундабы жокпу текшерип кетишчү. Бирок 3-мартта түштөн кийин текшерүү келип Бакиевди таба алган эмес», — дейт Никсдорф.

«Колония-поселениедегилер сакчы-конвоирсиз жүрүшөт, алардын «эркиндигин эч ким чектебейт. Алар ар бир ишемби келип катталып кетиши керек», — деп Никсдорф белгилеп өттү.

«Апта бою аларды [соттолгондорду] эч ким тескебейт. Бирок ар бир ишемби келип катталып кетиш керек. Кийинки ишембиге чейин эркиндигин эч ким чектебейт», — дейт ЖАМКтын басма сөз катчысы.

Ахматбек Бакиев 2010-жылдын июль айында камакка алынган. Бейбаштык, мыйзамсыз түрдө курал-жарак сактоо жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган.

Жети жыл эркинен ажыратылып, жазасын колония-поселениеде өтөмөк. Бирок амнистиядан кийин бул мөөнөт 2014-жылдын сентябрь айына чейин кыскарган.

ЖАМКтын маалыматы боюнча, 2012-жылдын 24-январында Ахматбек Бакиевдин ден-соолугу бузулуп, Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген.

Автор: Эльдияр Арыкбаев