Кыргызстан жана Казакстандык чек арачылар Ахмат Бакиевдин кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке кагышты

«Твиттер» коомдук тармагында экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Ахмат Бакиевдин кармалгандыгы тууралуу маалымат тараган. Кыргызстандык жана Казакстандык чек арачылар, ЖАМКтын жетекчиси Шейшенбек Байзаков да бул маалыматты четке какты.

Казакстан чек ара кызматынын капитаны Сапар Мырзакулов Кордай айылындагы кыргыз-казак чек арасынын өткөрүү пунктунда Ахмат Бакиедин кармалгандыгы тууралуу маалыматты жокко чыгарды.

Чек ара аскерлеринин жетекчиси Закир Тиленов «Ак-Жол чек ара пунктундагы» Ахмат Бакиевдин болжолдуу кармалгандыгы жөнүндөгү маалымат жалган дейт.

«Бизде мындай учурларды көзөмөлдөөчү адам бар. Бул маалыматтарга далил жок экендигинен кабардармын. Казакстан менен биз өз ара кызматташып келебиз. Азырынча эч кандай далилдер жок», - дейт Тиленов «Клоопко» берген интервьюсунда.

ЖАМКтын жетекчиси Шейшенбек Байзаков «Клооптун» кабарчыларына «Ахмат Бакиевдин качып кетүүсүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн жүз миң сом алган» деп гезит баракатарында макалалар чыккандан кийин, кызматкерлериме качкынды сөзсүз тапкыла деп буйрук бергендигин айтты.

ИИМдин уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынан Ахмат Бакиевдин кармалгандыгы жөнүндөгү маалыматты текшердим, тастыкталган жок, дейт Байзаков.

«Жетекчилигине чалдым.... Маалымат тастыкталган жок», — дейт Байзаков.

Улуттук коопсуздук кызматына баш ийген чек ара аскерлер башкармалыгынын кызматкери «Клооптун» кабарчыларына берген маегинде да Ахмат Бакиевдин кармалгандыгы жөнүндөгү маалыматты четке какты.

«Казак чек арачылары тарабынан эч кандай маалымат түшкөн жок. Биз алар менен сүйлөштүк. Алар жакта да баары тынч», дейт.

Мурунураак «Ак Жол» чек ара пунктунда Ахмат Бакиев кармалгандыгы жөнүндөгү маалымат текшерилип, такталып жатат деп айткан.

«Твиттердеги» маалыматтар

Arstan19 лакап атындагы колдонууучу жана «Твиттердеги» популярдуу колдонуучулардан бири саясатчы Эдиль Байсалов алгачкылардан болуп Ахмат Бакиевдин кармалгандыгы жөнүндөгү маалыматты таратышкан.

«Казакстан Республикасынын чек арачылары А. Бакиевдин сунуштаган акчасынан баш тартып , аны колго түшүрүшкөн. Ал эми КР мамлекеттик чек арасынан ал тоскоолдуксуз эле өтүп кеткен”, деп жазган Arstan 19 (пунктуация жана орфография сакталуу)

Бул маалыматты «коңшу мамлекеттин чек арачыларынан» алганын айткан.

Роза Отунбаеванын президенттик аппаратында иштеген саясатчы Эдиль Байсалов да ушундай эле маалыматты жарыялаган.

«Мына силерге сенсация: Ахмат Бакиев Казакстандын чек ара кызматы тарабынан Ак-Жол пунктунда кармалган. Ал эми кыргыз чек арачылары аны өткөрүп жиберишкен. #KZ коё берер бекен?— дейт Байсалов..

«Ар Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев бул твиттке кызыгып, Arstan19 колдонуучусунан маалымат булагын сурап, «маалыматты эртең гана текшерүү мүмкүн» деп жазган.

Эдиль Байсалов «Клооптун» кабарчылары менен болгон телефондук сүйлөшүүдө Ахмат Бакиевдин кармалгандыгы жөнүндөгү маалыматка ишенбегендигин айткан.

«Мен буга ишенбейм, тескерисинче, жок жерден жалын чыгарбагыла деп жатам. Болгону ретвит кылып койгом», — дейт Байсалов «Клооптун» кабарчыларына.

Ахмат Бакиевдин жоголуусу

Ахмат Бакиев 2010-жылы камакка алынып, колония-поселениде жазасын өтөмөк.

Бейбаштык, мыйзамсыз түрдө курал-жарак сактоо жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган.

Жети жыл эркинен ажыратылып, жазасын колония-поселениеде өтөмөк. Бирок амнистиядан кийин бул мөөнөт 2014-жылдын сентябрь айына чейин кыскарган.

Расмий маалыматтар боюнча, Бакиев  5-мартта ооруканадан качып кеткен.

Автор: Зарема Султанбекова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Таттуу Укуева