Билим берүү министрлиги ЖОЖдордун Болон системасына өтүүгө даярдыгын текшерет

2012-жылдын апрель айында билим берүү министрлиги бардык жогорку окуу жайларынын Болон системасына өтүүгө даярдыгын текшерет. Билим берүү министри мурда мамлекеттик ЖОЖдордун баары 2012-жылдын күз айларына чейин эки деңгээлдүү системага өтөөрүн айткан.

Министрликтин басма сөз катчысы Керез Жукеева «Клоопко» берген интервьюсунда, ЖОЖдордун эки баскычтуу билим берүү системасына өтүү даярдыгын аныктоо үчүн стандарттар иштелип жаткандыгын айтып берди.

«ЖОЖдордун бизге берген стандарттарынан кайсы ЖОЖ кандай жүктү көтөрө алаары аныкталат, кайсы университет бакалавриатты, кайсынысы магистратураны даярдайт, же колледждин эле деңгээлин көтөрө алабы, ушул нерселер такталат», – дейт Жукеева.

Башкача айтканда стандарттарды беришкенде гана кайсы ЖОЖ жалаң бакалаврларды даярдай турган, кайсынысы «магистр» даражасынбере алаары белгилүү болот.

ЖОЖдордун стандарттары бул — бул универсеттердин жаңы системага даярдыгы.

«Эки баскычтуу системага өтүү студенттерге билим берүүнүн жаңы багыттарын талап кылат, адистиктердин санынын азайышы – буга ЖОЖдор толук даяр болушу», – дейт Жукеева.

Анын айтымында, 10-апрелде жогорку окуу жайлары стандарттарды тапшыра баштайт жана бакалавр даражасын окутууга «лицензияларда бериле баштайт».

Жукеева «Клоопко» берген интервьюсунда университеттер жай айларында магистратураны киргизүүнүн стандарттарын бере башташаарын кабарлады.

Борбор Азиядагы Эл аралык Консалтинг агенттигинин өкүлү Жыпар Шабданкулова «Клоопко» берген маегинде, Болон процессине өтүү үчүн университеттер билим берүүнүн стандарттарына жооп бериш керек дейт, бирок Кыргызстанда ал нерсе «али жок», дейт.

«Мамлекет өзү болондук процесске кириши керек, бизде болсо дипломдор мамлекеттик үлгүдө берилет, демек системага бир эле ЖОЖ эмес, мамлекет да кириши керек», – дейт Шабданкулова.

Мурда өкмөт бардык мамлекеттик ЖОЖдордун Болон процессинин алкагындагы эки баскычтуу системага өтүү программасын бекиткен. Январда билим берүү министри Канат Садыков аталган системага өтүү процессин 2012-жылга чейин аякташы керек деп билдирген.

Болондук билим берүү системасы — бул студенттерди окутуунун эки баскычтуу системасы. Биринчи баскыч — 4 жыл, анын жыйынтыгында студент «бакалавр» даражасын алат, экинчи — «магистр» деңгээлине ээ болуу үчүн кошумча эки жыл окуш керек.

Мындан сырткары төрт жылдык билим алуу кредиттик баалоо системасын камтыйт.

Автор: Любовь Шевченко

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Айсулуу Кокоева