Фракциядан чыгарылган депутаттарды бөлмөсүнөн, унаасынан жана залдагы ордунан ажыратышты

Өзүнүн мурдагы партиясы «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылган депутаттар Равшан Жээнбеков жана Омурбек Абдрахманов бөлмөсүнөн, унаасынан жана залдагы ордунан ажырашты. Депутаттар партиясынын бул чечимин «мыйзамсыз» деп эсептешет.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Клоопко» берген интервьюсунда фракциянын мүчөлөрү Абдрахманов жана Жеенбековду фракциянын түзүмүнөн чыгарып салууну чечкендигин айтты.

«Тартип боюнча кызматтык унаа жана бөлмөлөр фракцияларга карап бөлүштүрүлөт, мына ушуга байланыштуу фракция алардан аны алып коюуну чечти», – деп жооп берди Калмаматов.

Анын сөзү боюнча депутаттар пленардык отурумундагы орундарынан жылыштырылып, алардын ордуна фракциядагы иштеп жаткан депутаттардын бирин отургузушат.

«Алар болсо [Абдрахманов жана Жеенбеков] төрагага кайрылышат, төрага кайда отургузаарын чечип берет», – дейт Калмаматов.

«Атамекенчи» Туратбек Мадлыбеков Абдрахманов жана Жеенбековду фракциянын отурумуна ушул маселени чечүү боюнча чакырышканын, бирок алар келгенден баш тартышканын билдирүүдө.

Анын сөзү боюнча депутаттык орундар фракция боюнча берилет жана өзүнүн депутатын кайда отургузаарын фракция өзү чечет. Алар жөн эле депутат болушат, бирок башка жерде дейт Мадылбеков.

«Бир кызматтык унаа [Жеенбековдуку] бар эле, фракция аны Жоомарт Сапарбаевге берүүнү чечти, ал ушул убакытка чейин унаасыз иштеп жүргөн», – деди Мадылбеков.

Ошондой эле ал мандатты тапшыруу же тапшырбоо чечими – «алардын [Абдрахманов жана Жеенбековдун] ыйманында» деп эсептейт.

«Эл добушту партия үчүн берген, менин оюмча алар бул жагын ойлонуштуруп көрүшү керек», – деп билдирди Мадылбеков.

Ошондой эле партиянын чечими аркылуу Жеенбеков менен Абдрахманов баардык парламенттик комиссиядан жана комитеттерден чакыртып алынышкан.

Өмүрбек Абдрахманов «Клоопко» берген интервьюсунда конституция боюнча депутаттын иш ордун эч ким тартып ала албайт деп билдирди.

«Балким, «атамекенчилердин» башы айланып калган окшойт, – мага эл добуш берген, эл мени мамлекет менен биргеликте жумуш орун менен камсыз кылып жатат», – дейт Абдрахманов.

Ал ошондой эле мандатты тапшырбасын белгилеп кетти.

«Балким, Жеенбеков экөөбүздүн аркабыздан партия парламентке өткөндүр, себеби биз кеткенден кийин – алар бир да жерден бир да добуш ала алышкан жок», – деп эсептейт Абдрахманов.

Депутат Текебаев бул кылыгы менен «өзүнүн эссиздигин көрсөтүүдө» деп айтты ал.

Равшан Жеенбеков сурап-билүү үчүн жеткиликсиз болууда.

Өмүрбек Абдрахманов жана Равшан Жеенбеков 17-марттагы «Ата Мекендин» республикалык съездинде «өзүнүн жүрүш-турушу жана айткан сөздөрү менен партияга саясий, моралдык жана материалдык зыян келтиргендиги» үчүн партиядан чыгарылган болчу.

Автору: Улугбек Акишев

Фотосүрөт: «Азаттык» радиосунун сайтынан

Которгон: Айсулуу Көкөева