Нарын облусу: мектептин директору окуучуну сабады деп айыпталып жатат

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептин директору 11-класстын окуучусун сабады деген күнөө боюнча шектелүүдө. Баланын ата-энеси уулу аттан жыгылган деп айтып, жазган арызын алып коюшкан. Директор иштен бошоп, комментарий берүүдөн баш тартты.

Нарын облусунун прокуратурасы мектептин директору Эсенбек Сатыбалдиевдин үстүнөн окуучуну сабагандыгы үчүн кылмыш ишин козгогон. Баланын сабалгандыгы боюнча арызды анын чоң энеси жазган.

Сатыбалдиев «үй-бүлөлүк шарты» боюнча иштен кеткенден кийин чоң энеси небереси аттан жыгылган деп айта баштаган.

Баланын классташтары кайрылышкан мамлекеттин башкы укук коргоочусу Турсунбек Акун болсо, директор баланын ата-энеси менен макулдашып алды деп эсептеп жатат.

Анын сөзү боюнча баланын чоң энеси жекече сүйлөшүп жатып, директордун баланы сабап койгондугун жашырууну чечкендигин айткан.

«Ал [Сатыбалдиев] мени менен келишкиси келип жатат, бирок мен макул болгон жокмун, себеби бул жерде бала жапа чекти жана менин буга укугум жок», – деп оюн бөлүштү Акун.

Нарын облусундагы омбудсмендин өкүлү директордун окуучуну сабагандыгынын себеби, ал мугалим менен айтыша баштаган дейт.

Он биринчи класстын окуучусунун атасы Акылбек Джунусакун уулу (ал учурда бир жакка кеткен эле) баласы аттан кулап түшкөн деп койду.

«Мен кошуна айылда элем, жок болчумун. Кайра келгенимде ал [Акылбектин уулу] аттан жыгылганын айтты, биз эртеси ооруканага жеткирип бардык. Азыр анын абалы жакшы, эртең ооруканадан чыгарышат», – деп айтты атасы.

Мурдагы директор жана прокуратура комментарий беришкен жок.

Автору: Гүлбадам Камчыбекова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева