Иликтөө: Оюн автоматтары Интернет-клубдарынын атын жамынып, ишин улантууда

Кыргызстандын борборундагы оюн ишмердиги 2012-жылдын башынан тартып киргизилген тыюуга карабастан, иштөөнү улантууда. Оюн автоматтары Интернет-клубдардын атын жамынууда, казинолор көмүскөгө кетип, ал эми мамлекет тиешелүү органдын жоктугунан азырынча текшерүү жүргүзбөй жатат.

Бишкектин борборунда «Интернет-оюндары» деген көрнөктү асып койгон павильондун аркасында жөн гана оюндардан татаалыраак нерсе жашырылган.

Алар чынында эле компьютерде ойноо мүмкүнчүлүгүн беришет, бирок кардарларга «рулетка» жана оюн автоматтарынын электрондук түрлөрү сунушталат.

Бир өзгөчөлүгү – оюнчунун кумарга акча салгандан кийин, утушун Интернеттен алуунун ордуна, ошол мекеменин кассир-операторунан алып жатканы болбосо – бул толугу менен мыйзамдуу иш болмок.

Павильондун өкүлдөрү журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартышты.

Оюн-зоок ишмердигинин ассоциациясынын башчысы Мирлан Ташмамбетов, оюн-зоок автоматтардын ишмердигине тыюу салуу жөнүндө мыйзамга ылайык, мындай павильондор мыйзамсыз экендигин ырастады.

«Интернеттин кейпин кийип, алар кадимки эле оюн автоматтарында ошношот», — дейт ал.

2012-жылдын январь айында Кыргызстанда күчүнө кирген оюн-зоок ишмердигине салынган тыюулар букмекердик контораларды гана жандап өткөн.

Калган бардык кумар оюнунун түрлөрүнө тыюу салынган, бирок алар көмүскө түрдө иштерин улантууда, дейт Ташмамбетов.

Бул оюн автоматтары бар павильондорго гана тиешелүү эмес. Бишкекте, анын айтуусу боюнча, кирүүгө чоӊ көлөмдөгү төлөм алып, үч жолу текшерүүдөн өткөргөн, көбүнчө жер төлөөлөрдө иштеп жаткан көмүскө казинолор да бар.

«Ал жакта рулетка да, покер да, баккара да бар», — деп ишендирди Ташмамбетов.

Маанисиз тыюубу?

«Прецедент» тобунун юристи Нурбек Токтакунов оюн ишмердигине тыюу салууну «маанисиз» деп эсептейт.

«Адам дайым ойногон, дагы деле ойной берет. Ошондуктан көмүскөгө кубаланбай, анын мамлекеттин көзөмөлүндө болгону жакшы», — дейт юрист Нурбек Токтакунов.

Анын ою боюнча, мамлекет оюн-зоок ишмердигине тыюу салуу менен өлкөнүн бюджетине келүүчү көп кирешелерди жоготууда.

Ал «оюн-зоок ишмердигине тыюу салуу — маанисиз мыйзам», — деп билдирди.

Оюн-зоок ишмердигине тыюу салуу 2012-жылдын башында Бишкекте бир катар нааразычылыктарга негиз болгон. Эреже катары, митингге жабылып калган казинолордун жумушсуз калган кызматкерлери чыгышкан. Алар жумушсуздуктун артканына кошо, мамлекеттин киреше булагынан айрылгандыгын айтып чыгышкан.

Аталган мыйзамды сунуштаган депутаттар анын кабыл алынышын «адеп-ахлак жана калктын ден соолугун коргоо» менен түшүндүрүшкөн.

Тыюуну 2011-жылы ошол учурдагы президент Роза Отунбаева колдоп чыккан. Анын ою боюнча, оюн-зоок ишмердиги «коомго зыяндуу таасир тийгизип» жана «балдарга, үй-бүлөлөргө жана коомдун келечегине залал келтирип» жаткан.

Укук коргоочу Дмитрий Кабак мыйзамдын кандайча кабыл алынганына же анын маанисиздигине нааразычылык билдирүүгө аракет кылып көрүүгө болот, бирок ал мыйзам кабыл алынгандан кийин, ага баш ийүү абзел, деп эсептейт.

«Мыйзамдуулук боюнча карасак, эгер парламент мындай ишмердикке тыюу салса, демек ал мыйзамсыз», — деди ал.

Бирок мыйзамдын сакталуусуна көзөмөл жүргүзүү — бул мамлекеттин жоопкерчилиги, деди укук коргоочу.

Мамлекет азырынча текшерүүгө ала элек

Мамлекет, азырынча мындай мекемелердин бар экендигин билсе да, азырынча текшере элек.

Муну Мамлекеттик каржы рыногун жөнгө салуу жана тескөө кызматынын мониторинг жана банктык эмес каржы уюмдарын тескөө бөлүмүнүн жетекчиси Рустам Жоробеков мойнуна алды.

Анын айтымында, бул көрүнүш каржы полициясындагы реформаларга баланыштуу. Каржы полициясы 2012-жылдын март айында ремормаланган, анын ордуна түзүлгөн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү комитети июндан баштап гана иштеп баштайт.

Азырынча мыйзамсыз оюн мекемелеринин ишмердигин текшергенге эч бир органдын укугу жок.

Дагы бир маселе, Жоробековдун айтуусунда — оюн-зоок ишмердигине тыюу салган мыйзамды «толуктап иштеп чыгуу» зарылдыгы.

«Оюн-зоок ишмердигине тыюу салуу тууралуу мыйзам, бүгүнкү күндө, бизге бул маселе боюнча иштөө үчүн жетиштүү болбой жатат», — дейт ал.

«Азыркы күндө ар бир эле интернет баракчасында бар болгон мындай электрондук казинолордун кайсы тизмеге кирери так аныкталган эмес. Ушундай суроолор боюнча бул маселени толуктап иштеп чыгышча жакшы болмок. Ошондо бизге мындай иш-чараларды жок кылуу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк», — деди Жоробеков.

«Алардын бүгүнкү күндө иштеп жатканын биз билебиз», — дейт ал.

Оюн-зоок ишмердиги ассоциациясынан Ташмамбетовдун айтымында, укук коргоочу органдарынын мындай түрдөгү оюн-зоок ишмердигине бөгөт коюу аракеттери натыйжасыз болот.

Анын айтуусуна карганда, электрондук оюндардын серверлери, баары бир, Бишкекте жайгашпайт.

«Хлопушка [укук коргоочу органдарынын рейди] учурунда алар болгону компьютерлерди гана алып кетишет», — деди ал.

Авторлор: ELF жана Раим Досункулов

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы