Парламент Акмат Бакиевге өкүм чыгарган судьяны Сотторду тандоо кеңешинин курамына киргизген жок

Депутаттар Чүй облустук сотунун судьясы Кубанычбек Сулаймановду мурунку президенттин бир тууганы Акмат Бакиевге «жумшак» өкүм чыгарган деп күнөөлөштү. Судья болсо ал ишти кароодо эч кандай мыйзамды бузбагандыгын айтты.

Парламенттик көпчүлүк Чүй облусунун судьясы Кубанычбек Сулаймановду Сотторду тандоо кеңешине өткөргөн жок – жыйынга катышкан 105 депутаттын 79у анын талапкерлигине каршы добуш беришти.

Депутаттар судья 2011-жылдын октябрында мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевге «7 жыл эркинен ажыратуу» деп «жумшак» өкүм чыгарган дешти.

Анда Соттук коллегия Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20-жылдыгынын урматына Акмат Бакиевге мунапыс жарыялап, анын мөөнөтүн кыскарткан.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев судья Акмат Бакиевдин иши боюнча «мыйзамсыз» чечим чыгарган жана Сотторду тандоо кеңешиндеги орунга «татыксыз» деп эсептейт.

«Оор күнөөлөрдүн коюлгандыгына карабай жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга “жеңил” беренелер колдонулган. Андан сырткары Сулайманов Акмат Бакиевдин мунапыс жарыялангандардын катарына кирип калуусуна көмөктөшкөн», — деди депутат.

Өз кезегинде Сулайманов ишти карап жатканда бир дагы мыйзамды бузбагандыгын айтты.

«Биз Акмат Бакиев менен тааныш эмеспиз жана мыйзамдын чегинде иштегенбиз», — деди судья.

Калган үч талапкер депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен тандалды:

Жумагүл Албанова — Бишкек шаардык сотунун судьясы;
Абибилла Тажибаев — Сузак райондук сотунун судьясы;
Альбина Жээнбекова — Бакай-Ата райондук сотунун судьясы.
Сотторду тандоо кеңеши Кыргызстандагы соттук реформанын алкагында 2011-жылдын июль айында түзүлгөн. Бирок бир айдан кийин парламенттин чечими менен кеңеш ишмердүүлүгүн токтоткон.

Кеңештин ыйгарым укуктарына жергиликтүү, Жогорку сотторго жана Конституциялык палатага судьяларды тандоо кирет. Бүгүнкү күнгө карата кеңеш Жогорку соттун мүчөлөрүн тандоону баштады.

Акмат Бакиевдин жоголушу

Качып кеткен президенттин иниси 2010-жылы укук коргоо органдары тарабынан жүгүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунда кармалган.

Аны куралдуу күчтөрдү түзүүнү уюштуруу, мыйзамсыз куралдарды сактоо, бейбаштык жана алдамчылыкка күнөлүү деп табышкан.

Бакиевди катуу тартиптеги колонияга жети жылга соттошкон. Бирок мунапыс жарыялагандан соң мөөнөтү 2014-жылдын сентябрына чейин кыскартылган.

Андан кийин ден соолугунун начардыгынан улам аны жатак абагына которушкан – ал жерде Бакиев апта сайын каттоодон өтүп туруусу керек болгон.

Ал 2012-жылдын март айында жеке ооруканада дарыланып жатканда жоголуп кеткен. Кыргызстандын бийлиги ага издөө жарыялаган. Учурда анын кайсыл жерде экендиги белгисиз.

Автор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков