Садыркуловдун өлүмү боюнча сот: сот жообуна тартылгандар алардан көрсөтмөлөрдү «күч колдонуу» менен жаздырып алышкандыктарын айтышты

Качып кеткен президент Бакиевдин мурунку аппарат жетекчиси Медет Садыркуловду кармап, өлтүрүүгө күнөөлөнүп жаткандар аларды милиция кызматкерлери «сабап», «коркутуп» көрсөтмө бердирткендиктерин айтышты. Милиция бул айыптоолорду четке кагып жатат.

Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку кызматкери Эргешбек Маткайымов менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын  «Альфа» бөлүгүнүн кызматкери Бакыт Байженовдор аларды күнөөнү моюнга алуу боюнча көрсөтмө бердиртүү үчүн Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү башкармалыгынын милиция кызматкерлери «кыйноого» алгандыктарын сотто айтышты.

Сот жообуна тартылгандардын айтымдарында, милиция кызматкерлери аларга күнөөлөрдү моюндарына алуу боюнча көрсөтмөлөрдү окуп берип жаздырышкан, анда кийин ал кагаздарга кол коюуга мажбурлашкан.

Маткайымов алар окуп берип жаздырган көрсөтмөгө кол койбой тургандыгын билдиргенде милиционерлер аны желкесине ургулап баштагандыктарын айтты — анын айткандарын «Альфанын» мурунку кызматкери да ырастап берди.

Байженов кошумчалагандай, аларды ар дайым №50 тергөө абагынан Бишкекке чейин алып келе жатканда сабап турушкан.

«Бизди алып келе жатканда ар дайым колубузду артка байлап, жаткырып алып буттары менен тепкилешчү», — деди Байженов.

Сот жообуна тартылгандардын айтымдарында, алар өз жактоочуларына анча ишенбегендиктен буга чейин «кыйноолор» тууралуу айтышкан эмес. «Сабоо» фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза жүргүзүшкөн эмес.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул айыптоолорду четке какты. Мекемедегилер Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери эч кимди сабай алышмак эмес деп билдиришти.

Милиция Маткайымов менен Байженовду 2011-жылдын сентябрында кармаган. Башкы прокуратура аларды качып кеткен президент Бакиевдин мурунку аппарат жетекчиси Медет Садыркуловду «кармап», «өлтүрүүгө» күнөөлөгөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, күнөөлөнүп жаткандарга Жаныш Бакиев Садыркуловду «кармап келип» Курманбек Темирбаевдин шаар сыртындагы үйүнө алып келүүнү буюрган.

Болжол менен Темирбаевдин үйүндө экс-президенттин иниси Садыркуловду «кыйноого алып», андан кийин аны «өлтүрүү» буйругун берген.

Садыркуловдун өлүмү

Садыркулов качып кеткен президент Бакиевдин аппаратынын жетекчиси кызматынан кеткенден көп өтпөй 2009-жылдын март айында каза болгон.

Садыркуловдун тарапташтары ошондо эле 2007-жылдан бери Бакиевдин бийлигинин жана “Ак жол” партиясынын үстөмдүгүнүн орношуна чоң салым кошкон саясатчыны атайын өлтүрүштү деген версияны айтып чыгышкан.

Уюштурулган унаа кырсыгынын күбөлөрүнүн бири, кырсыкка күнөөлүү деп табылган «Ауди» унаасынын айдоочусу 2010-жылдын апрелинде табышмактуу кырдаалда Бишкектин четинде өлтүрүлгөн.

Аскердик сот Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти 2011-жылы карап баштаган, бүгүнкү күнгө чейин 11 сот жыйыны өттү.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков