Депутаттын уулу Бакиевдердин мүлкүн уурдаган деп шектелип жатат

Депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Эльдар Мадылбеков качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мүлкүн уурдаган деп шектелип жатат. Ушундай эле шектенүүлөр август айынын ортосунда парламентарийдин өзүнө да түшкөн. Ал уулунун кармалышын эч кандай деп комментарийлеген жок.

Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери Эльдар Мадылбеков 15-сентябрда «коррупция» менен «алдамчылыкка» шектелип кармалган — аны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камашты, деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 2010-жылдагы апрель революциясы маалында уурдалган Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн мүлктөрүн «мыйзамсыз алып, аларды саткан».

Депутаттын уулу мамлекетке 94 миллион сом зыян келтирген, деп жазылган өлкөнүн башкы көзөмөлдөө органынын сайтында.

Депутат өзү «Клоопко» берген маегинде уулу менен байланыша албай жаткандыгын айтып, андан аркы комментарий берүүдөн баш тартты.  «Клооп» депутаттын кармалган уулу менен байланыша алган жок.

Бишкек ШИИБсинин басма сөз катчысы депутаттын уулу мекеменин убактылуу кармоочу жайына камалгандыгы тууралуу маалыматы жок экендигин айтты.

 Юсуповдун көрсөтмөсү

«Республика» партиясынын мөчүлөрү камакта жаткан Юсуповдун көрсөтмөсүн 15-августта өткөн фракциянын кезексиз жыйынында элге жарыялаган. Буга чейин 13-августта «атамекенчилер» «Республиканын» лидери, премьер-министр Өмүрбек Бабановду «коррупцияга» күнөөлөшкөн.

Ал видеодо Юсупов «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Туратбек Мадылбеков жана Райкан Төлөгөновдордун 2010-жылдагы апрель революциясы маалында Бакиевдердин мүлктөрүн «уурдоого» тиешелери бардыгын айткан.

Башкы прокуратура Мадылбековдун уулунун кармалуусу Юсуповдун көрсөтмөсү менен байланышы жоктугун билдирди.

«Э.Мадылбековдун кармалуусу тергөө абагында камакта жаткан Юсуповдун жана башка адамдардын айткан фактыларына байланыштуу эмес. Учурда алардын көрсөтмөлөрү боюнча башка кылмыш иши тергөө тарабынан иликтенип жатат», – деп жазылган өлкөнүн башкы көзөмөлдөчү органынын сайтында.

Автор: Александра Ли

 Редактор: Зарема Султанбекова

 Которгон: Илгиз Чалбараков