Кыргызстанда алты жаңы шаар пайда болот

27-сентябрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын алты шаар тибиндеги кыштагын шаар деп өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун үчүнчү окуусунда жактырды. Мыйзам долбоорунун кийинки пункту менен башка шаар тибиндеги он үч кыштак жөнөкөй айыл статусун алышат.

«Шаар тибиндеги кыштактарды кайра түзүү жана аларды айыл же шаар категориясына киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору өкмөт тарабынан үстүбүздөгү жылдын сентябрында демилгеленген.

Документке ылайык, төмөнкү шаар тибиндеги кыштактар шаар болуп түзүлөт: Кадамжай, Айдаркен, Токтогул, Орловка, Кемин, Кайыңды.

Шаар тибиндеги 13 кыштак айыл статусун алышат. Алар:

Баткен облусунда Советский жана Чаувай;
Жалал-Абад облусунда Терек-Сай жана Сумсар;
Ысык-Көл облусунда Ак-Булак, Кажы-Сай жана Жыргалаң;
Нарын облусунда Достук жана Миң-Куш;
Ош облусунда Найман жана Сары-Таш;
Талас облусунда Маймак;
Чүй облусунда Ак-Туз.

Мыйзам долбоору менен бирге жөнөтүлгөн катка ылайык, кыштактар шаар жана айыл болуп юридикалык себептерден улам кайра түзүлүп жатат: буга чейин парламент шаар тибиндеги кыштактар менен андагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары эске алынбаган мыйзамдарды кабыл алып келген.

Айылдарды кайра түзүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин үчүнчү окуусунда колдоо таап эми кол коюуу үчүн президентке жиберилет. Документ өлкө башчысы кол коюп, расмий басылып чыккан күндөн тарта күчүнө кирет.

Мыйзам долбоору ишке киргенден кийин жаңы пайда болгон 13 мектептин мугалимдеринин айлыктарына айыл жеринде иштегендиктери үчүн деп дагы бир миң сомдон кошумча каражат кошулат. Ал эми алты жаңы шаарда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү көбөйөт.

Автор: Аскар Акталов