Каттоо кызматынын башчысынын орун басарын сабап кетишти

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары аны сабап кетишкендигин айтып милицияга кайрылды. Чиновник кол салууну өзүнүн жаңы кызматка дайындалганы менен байланыштырып жатат.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаеванын айтымында, 6-октябрь күнү кечинде Бишкектин Москва көчөсүнөн Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары Сейдахмат Исмаиловду бир нече адам сабап кеткен.

Чүй облустук ооруканасынын дарыгерлеринин маалыматы боюнча, Исмаиловдун баш сөөгү чайкалып, бир нече жери көгөргөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши чиновник соттук-медициналык экспертизадан өткөндөн кийин козголот.

Чүй облустук ооруканасынын каттоо бөлүмүнөн 6-октябрда аларга Сейдахмат Исмаилов деген жаран жардам сурап кайрылгандыгын ырасташты. Ал убактылуу жумушсуз экендигин айткан.

Kloop.kg Исмаилов менен байланыша алган жок.

«Дарыгерлер баш сөөк катуу чайкалып, колуң менен бир нече кабыргаң сынган, ошондой эле көптөгөн көгөргөн жерлериң бар экен деп дартымды аныкташты», — деп билдирген Каттоо кызматынын башчысынын орун басары «24» маалымат агенттигине.

Исмаилов кол салууну өзүнүн персонификациялоо боюнча мамлекеттик борбордун штаб жетекчиси болуп дайындалышы менен байланыштырып жатат, деп жазган «24».

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан учурда Исмаилов ооруканада жатат деп билдиришти.

Бирок ШИИБи менен Чүй облустук ооруканасынын маалыматтары боюнча, чиновник алгачкы медициналык жардам алып, ооруканага жатып дарылануудан баш тарткан.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова