Талап-тоноочулукка шектелип жаткан «атамекенчинин» жардамчысы кармалды

Милиция 2010-жылдагы апрель революциясы маалындагы талап-тоноочулукка шектелип жаткан «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөновдун жардамчысын кармады. Төлөгөнов комментарий берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери депутат Төлөгөновдун жардамчысы Нурлан Асановду кармады — Асанов «алдамчылыкка» жана «ишенип тапшырылган мүлктү менчиктештирип алууга» шектелип жатат.

ИИМдин басма сөз катчысынын маалыматы боюнча, Асанов качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн колдоосу алдында 2007-2008-жылдардын аралыгында бизнестерди рейдерлик жол менен тартып алып турган.

Ошондой эле Асанов 2002-жылы 20 жарандан 100 миң сом алып, качып кеткен деп шектелүүдө.

Асановдун телефону өчүк болуп атат.

Kloop.kg депутат Төлөгөнов менен байланыша алган жок.

«Мародер-депутаттар»

«Атамекенчилер» «Республиканын» лидери, мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановду «коррупцияга» күнөөлөгөндөн кийин августтун ортосунда «Республика» партиясы камакта жаткан Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсүн жарыялаган.

Юсупов ал видоедо «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Туратбек Мадылбеков жана Райкан Төлөгөновдордун 2010-жылдагы апрель революциясындагы талап-тоноочулукка тиешеси бардыгын айткан.

Депутаттар болсо күнөөлүү эмес экендиктерин айтып жатышат.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Зарема Султанбекова

Сүрөт ktrk.kg сайтынан алынды