«Ата-Мекендин» депутаттарына байланышкан кылмыш иши токтотулду

ИИМ «Ата-Мекен» партиясынын депутаттарынын 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийинки талап-тоноочулукка тиешеси бардыгы аныкталган жок деген жыйынтыкка келди. «Ата-мекенчилерди» биринчилерден болуп айыптап чыккан «Республика» партиясы бул чечимдин тез аранын ичинде кабыл алынгандыгына таң калып жатат.

14-ноябрда Ички иштер министрлиги камактагы Абдулла Юсуповдун «Ата-Мекендин» депутаттарын талап-тоноочулукка күнөөлөгөн көрсөтмөлөрү аныкталбагандыгын билдирди.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө Юсуповдун Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2010-жылдагы апрель окуялары учурундагы талап-тоноочулукка тиешеси бардыгы тууралуу айткандары аныкталган жок», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Kloop.kgге берген маегинде.

Курамына «Ата-Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев кирген депутаттардын тобуна каршы тергөө иштери токтотулду.

Маалымат жыйынында ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын башчысы тергөөнүн жүрүшүндө 246 адам суракка алынгандыгын билдирди.

«Ата-Мекендин» шектелип жаткан депутаттарынын бири Туратбек Мадылбеков иштин токтотулушун анын партиясына каршы жасалган «кара пиар» деп атады.

«Бул Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары менен башка партиянын көмүскө бүтүмү экендигин билебиз. Азырынча алардын аты-жөнүн айтпайбыз. Алар Юсупов менен сүйлөшүп алып, бирге «Ата-Мекенге» каршы кара пиар уюштурушкан», — деди Мадылбеков Kloop.kgнин журналистине.

«Республика» макул эмес

Өз кезегинде «ата-мекенчилерди» биринчилерден болуп айыптап чыккан «Республика» партиясы ИИМдин тез эле чечим чыгарып койгондугуна таң калып жатат.

«Албетте, мындай аз убакыттын ичинде Юсуповдун көрсөтмөсүнүн тастыкталбагандыгын жүз пайызга аныктагандыктары таң калычтуу», — деди «Республика» партиясынын мүчөсү, экс-депутат Алтынай Өмүрбекова Kloop.kgге берген маегинде.

Ал камактагы Юсуповдун айткандарына«ишенүүгө ыктай» тургандыгын билдирди.

«Азыр мага ооба алардын тиешеси бар деп айтууга кыйын болот. Бирок мага мында чындыктын бир үзүмү бардай сезилип жатат, бул менен субъективдүү пикирим. Көрөбүз, башкы көзөмөлдөөчү орган эмне деп айтат», — деп кошумчалады Өмүрбекова.

Депутат айткан Башкы прокуратура комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийинки талап-тоноочулукка тиешеси бар деген шек менен депутаттар Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов, Болот Шер жана Туратбек Мадылбековдор айыпталып жаткан.

«Республика» партиясы Юсуповдун көрсөтмөсүн август айынын ортосунда, «атамекенчилер» «Республиканын» лидери, мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановду «коррупцияга» айыптагандан кийин жарыялаган.

Автор: Эльдос Казыбеков