Депутат Мадылбековдун уулу тергөө абагында дагы эки айга калтырылды

Жогорку сот парламент депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековду УКМКнын тергөө абагында 2013-жылдын январь айынын ортосуна чейин калтырды. Мадылбеков 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Бакиевдердин мүлкүн менчиктештирип алган деп айыпталып жатат.

Башкы прокуратура Элдар Мадылбековдун камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча өтүнүч катын жөнөткөн, Биринчи май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырып, депутаттын уулун 2013-жылдын январь айынын ортосуна чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Элдар Мадылбековдун жактоочусу Мырсалы Осмонкулов буга чейин Башкы прокуратура депутаттын уулун тергөө абагынан үй камагына чыгаруу чечимин чыгаргандыгын айтууда.

«Аны эмнеге чыгарбай жаткандыктарынын себебин бизге айтышпай эле. Мадылбеков азыр гепатит С менен катуу ооруп жатат», — деди Осмонкулов.

Депутаттын уулунун экинчи жактоочусу Жайнагүл Эсенакунова Элдар Мадылбековдун камактагы мөөнөтүнүн узартылышын анын атасынын парламент депутаты болгондугу менен байланыштырып жатат.

«Атамекенчи» Туратбек Мадылбеков 2010-жылдын апрель революциясынын учурундагы талап-тоноочулукту уюштурган деп шектелип жаткан.

«Бул окуя анын Туратбек Мадылбековдун уулу болгондугу менен байланыштуу деп биз болжолдоп гана айта алабыз. Мүмкүн башка киши менен мындай көйгөй болмок эмес», — деди Эсенакунова журналисттер менен болгон жолугушуусунда.

Өз кезегинде Жогорку соттун басма сөз кызматы баш коргоо чарасын белгилөөдөгү жаңылыштык Биринчи май райондук сотунун Элдар Мадылбековду тергөө абагында калтыруу боюнча чыгарган экинчи токтомунун улам келип чыккандыгын айтты.

«Биз ал токтом тууралуу эч нерсе билген эмеспиз», — деди Жогорку соттун басма сөз катчысы соттун алгач Элдар Мадылбековду үй камагына бошотуу боюнча чыгарган чечимин түшүндүрүп жатып.

Элдар Мадылбеков «коррупция» менен «алдамчылыкка» шектелип 15-сентябрда кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 2010-жылы качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин мүлкүнө «мыйзамсыз ээлик кылып, сатып жиберген».

Башкы прокуратура буга чейин Элдар Мадылбеков мамлекетке 94 миллион сом зыян келтирген деп билдирген.

Автор: Айзирек Алмазбекова