ИИМ: Кыргызстандыктар 13 жыл бою айдоочулук күбөлүк үчүн ашыкча акча төлөп келишкен

Айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 1998-жылдан 2011-жылга чейин 11 АКШ долларын түзгөндүгүн жана ал баа документтерде көрсөтүлгөн баадан бир кыйла көп экендигин милиция аныктады. Бул жылдардын аралыгында кыргызстандыктарга келтирилген чыгым «миллиондоп» саналышы мүмкүн деп билдирди ИИМ.

Документтер боюнча, айдоочулук күбөлүктүн дагы, автоунааны каттоодон өткөрүүчү кагаздын дагы баасы 4 АКШ долларын түзөөрүн Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам тобу аныктаган.

Бирок 1998-жылдан 2011-жылга чейин күбөлүк алган айдоочулар улуттук айдоочулук күбөлүк үчүн 11 доллар , эл аралык маанидеги күбөлүк үчүн 46 жана автоунааны каттоодон өткөрүүчү кагаз үчүн 14 доллар төлөп келишкен, деп билдирет ИИМ сайты аркылуу.

«Унаа айдоочуларынын күбөлүгүнүн баасы кыйла эле жогорулатылган. [...] Келтирилген чыгым миллиондоп саналышы мүмкүн», — деп жазылган ИИМдин сайтында.

Министрлик буга Мамлекеттик автоинспекцияны, Мамлекеттик каттоо кызматын жана күбөлүктөрдү даярдоо менен алектенген «Алабел Корпорейшн» ЖЧКсын күнөлүү деп эсептеп жатат.

ИИМ ошондой эле «Алабел Корпорейшн» компаниясын 900 миң долларды чыгарып алган деп айыптап жатат.

Кыргызстандын Кылмыш кодексинин төмөнкү беренелери боюнча кылмыш иши козголду:

  • 166 «алдамчылык»
  • 304 «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»
  • 305 «кызматтык ыйгарым укуктарын ашыра колдонуу»
  • 306 «мамлекеттин кызыкчылыгына каршы контрак түзүп, мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу»
  • 221 «коммерциялык же башка уюмдардын кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу»

ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

«Алабель Корпорейшн» ЖЧКсынан факты жүзүндө компания азыр иштебестигин билдиришти.

«Компания [«Алабель Корпорейшн»] эсепте жөн гана жүрөт, ал жок, бир жылдан бери иштебей эле. Бирок документация бар, текшерсе болот. [...] Каражат боюнча — бухгалтерияга кайрылуу керек [...] Азыр бухгалтер ооруп жатат», — деп айтышты кабылдамадагылар.

Мамкаттоо азырынча бул суроого жооп даярдап жатат.

«Айдоочулук күбөлүк боюнча бизге эмес Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылууңар керек. МАИнин бул маселе менен алектенбей калганына көп болду», — деп билдиришти Мамлекеттик автоинспекциядан Kloop.kgге.

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүүнү 2011-жылдын июлунда баштаган — алардын баасы 15 доллардын айланасында болгон. Ал эми 1998-жылдан бери берилип келген күбөлүктөр жараксыз деп табылган.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт «АКИпресс» маалымат агенттигинин уруксаты менен пайдаланылды