Парламент оң рулдуу унааларды такси катары пайдаланууга тыюу салышы мүмкүн

lavinaЖогорку Кеңеш такси айдоочуларын лицензия алууга милдеттендирип, алардын оң рулдуу автоунаалар менен жүргүнчүлөрдү ташуусуна тыюу салууну каалап жатат. Парламентарийлер бул боюнча түрдүү пикирлерин билдирип жатышат. Сурамжыланган айдоочулар бул жаңы киргизилгени жаткан эрежеге каршы чыгышууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Анвар Артыков такси айдоочулар жүргүнчүлөрдү оң рулдуу унааларда ташыбашы керек, анткени алар унаа кырсыктарын көбөйтүп жатат деди.

«Учурда бизде канча оң рулдуу такси бар экендигин эч ким билбейт. Бирок кырсыктардын көпчүлүгү оң рулдуу унаалардын катышуусунда болот деген маалыматтар бар», – деди Артыков.

Ал такси айдоочулардын ишин мамлекет көзөмөлгө алышы керек деп эсептейт, Ошондуктан, анын пикиринде, милдеттүү лицензия алуу эрежесин киргизүү зарыл.

«Бизде автотранспорт тармагы кароосуз калууда. Кандай гана ишмердүүлүк болбосун кайсы бир мыйзамдын негизинде жөнгө салынышы керек. Эгемендүүлүк алгандан бери бизде автотранспорт жөнүндөгү бир дагы мыйзам болгон эмес», – дейт Артыков.

Депутат Роман Шин дагы кесиптешинин көпчүлүк учурларда кырсыктын келип чыгуусуна оң рулдуу унаалардын айдоочулары себепкер болот деген пикири менен макул.

Парламентарий Дастан Бекешев Шинди колдобойт. Ал мындай мыйзам долбоору керектигин айтып, бирок учурда аны колдоого даяр эмес экендигин билдирди.

«Жалпысынан бул мыйзам долбоору бизге керек, бирок качан мыйзамдардын бардыгы аткарылып баштаганда», – деди Бекешев.

Ал жаңы эреже азыр киргизилсе оң рулдуу унаалар менен эл ташыган айдоочулар мыйзамсыз жолго өтүп, ишмердүүлүктөрүн легалсыз улантуулары мүмкүн деген пикирин билдирди.

«Көпчүлүк такси айдоочулар «көлөкөдө» иштеп, кардарларды жашырынып алып калышат», – деди Бекешев Kloop.kgге берген маегинде.

2012-жылдын тогуз айында эле Кыргызстанда дээрлик төрт миң жол кырсыгы катталган, алардын 708и оң рулдуу унаалардын катышуусунда болгон, деп жазган «Вечерний Бишкек» гезити Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаевге шилтеме жасап.

Жол кире кымбаттайт

«Ак-Жол» компаниясынын такси айдоочусу Курманбек лицензия айдоочуларга эмес, компанияга гана керектигин айтты.

«Ар бир такси айдоочусуна лицензия алуу пайдасыз. Анда таксиде жүрүү акысы жогорулайт», – деп эсептейт ал.

Курманбек учурда айдоочулардын көбүнүн унаасы оң рулдуу экенин жана мыйзам долбоорунун кабыл алынышы таксилердин санынын азайышына алып келе тургандыгын кошумчалады.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген «Лидер» компаниясынын айдоочусу кесиптешинин пикирин колдойт – ал дагы лицензияларды милдеттендирүү жол киренин кымбатташына алып келип, жүргүнчүлөр үчүн пайдасыз болуп калат деп эсептейт.

Автор: Мария Гребнева