Ош: «Келечек» борбору качан калыбына келтирилет?

Балдардын «Келечек»  чыгармачыл борборунун өрттөнгөн чатырын оңдоо иштери башталды. Иш кызуу жүрүп турса бир ай аралыгында толук калыбына келтирилиши айтылууда. Бирок курулуш иштеринин аркасынан балдардын сабагы үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. 

Кичинекей Сирожиддин  Абдужалилов «Келечек» балдар чыгармачылык борборундагы 20 күндөй мурда болгон окуяны  эч эле эсинен чыгара албайт. Ал мында каратэ ийримининин  катышуучусу. Ошо күнү да сабакта болчу.

"Келечек" борбору«Капыстан эле «өрттөнүп атат» дешти. Мен   жана   досторуму «сыртка чыккыла» дешти. Айланабыз түтөп эле жатып калды. Карасак борборубуздун чатыры  күйүп  жатыптыр. Бизди   тез  аранын  ичинде   өрт  кызматы   чыгарды. Аз-маз чочулоолор болду, бирок корккон деле жокмун», - дейт Сирожиддин.

24-апрелде саат 15:45те «Келечек» балдар  чыгармачылык  борборунун  чатырынан өрт чыккан. Атайын өрт өчүрүү унаалары менен келип адистер өрттү өчүрүп калышкан. Ошентсе да 700 квадрат метр болгон чатырдын 70%ы күйүп кеткен. Өрттүн себеби электр зымдарына байланыштырылган.

«Келечек» борборунун эки кабаттуу имаратынын жанында кытайларга тиешелүү мейманкана  бар. Аны  Кытайлык жарандар ижарага алып иштетишет. Ошол мейманканага «Келечек»  борборунун  чатырынын   үстүнөн  телефон  чубалгысын   өткөзүшкөн. Ал  телефон  чубалгысын 380  вольттук  электр  линиясынын  үстүнөн  өткөзүп  коюшкан. Электр  линиясы   телефон  чубалгысына  тийип, натыйжада  «замыкание»  болуп, өрт чыгып кеткен»,-деп  билдирди Ош  шаардык өрткө  каршы  кызмат  башкармалыгынын  башчысынын  орун  басары Эмилбек Эргешов.

Келечек (4)«Биз  өз  убактысында  жетишип  барып, туура  тактикалык  жайылууларды  алып баргандыгыбыз  үчүн  имараттын    чатырынын   жарымынан  азы, 1-2-кабаттагы   материалдык   баалуулуктардын  баары  сакталып  калды.  Бизди  маалымат  каражаттарынын  баары  көрүп  турушкан. Ал  жерде атайын  суу  көлмөсү болушу  керек  эле  (гидрант), бирок  ал  убакта  шаарда  суу  өчүрүлгөндүктөн  биз  150  метрден  суу  алып  келүүгө  мажбур  болдук»,-дейт Эргешов.

Өрт учурунда имараттын ичинде 100 окуучу болгонун,  эч ким жабыр тартпаганын кошумчалады Э.Эргешов.

Балдардын «Келечек» чыгармачылык борборунун директору Туратбек Муратов өрттүн алдын алуу чаралары болгонун айтат:

«Ал линиялар жогорку чыңалуудагы электр зымдары. Ага телефон зымы туташып калганын биз электриктерге айтканбыз. Алар келип бир нерселерди кылып, оңдодук деп кетишкен. Бирок үзбөй кетишиптир. Алар  кеткенден  2  сааттан  кийин өрт чыгып кетти»,- дейт ал.

Ал эми электрди тейлеген ишкана бул айыптоолорду четке кагат.

Келечек (2)«Бул  маалыматтар  туура  эмес. «Келечек» борборунун   чатыры  күйүп  кеткендигине электр  кызматкерлеринин  айыбы жок  экенин   өрткө  каршы  кызмат  башкармалыгы  далилдебеди беле?”,- дейт “Ошэлектр”  ачык  акционердик  коомунун   басма  сөз  катчысы  Талгат  Алиханов.

“Өткөн иш өттү, бирок мындан кийин дагы өрттүн алдын алуу үчүн, баары бир бул иш иликтениши керек,- дейт кайрадан «Келечектин» директору Туратбек Муратов, - ошентсе да, азыр бизге эӊ башкысы - чатырдын кайра калыбына келтирилиши маанилүү».

Балдардын чыгармачылык борбору Ош  шаардык  мэриясына  карайт. Имараттын чатыры өрттөнгөн күнү эле калаа башчысы Мелис Мырзакматов калыбына келтирүү ишин өз көзөмөлүнө аларын кабарланган. Калаа казынасынан чатырдын оӊдолушуна 1,5  млн сом бөлүнөт. Бул каражат чатырын эле эмес, борборду жалпы капиталдык ремонттон өткөрүүгө да жумшалмакчы.

Мындан сырткары,  шаардык  кеңештин депутаттары ар бири 5 миӊ  сомдон жардам кылса, муниципалдык  менчик  башкармасынын  кызматкерлери  бир күндүк  эмгек акысын калыбына келтирүү иштерине кол кабыш катары которушкан.

«Оңдоо иштери бир айдын ичинде бүтөт деп жатабыз. Бирок чатыр ачылып калса балдардын сабагы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Не болсо да, окуу  жылы  аяктап  калып жакшы болду», - деп кошумчалайт борбор директору Муратов Туратбек.

«Келечек»  балдардын  чыгармачылык борборунда 1400  окуучу билим  алат. Алар каратэ, комуз, бий түрлөрү, вокал, тай-цзи, информатика, куурчак  тетры болуп жалпы 19 ийримде окушат.

Эскерте кетчү жагдай, 2011-жылы балдардын «Келечек» чыгармачылык борборунун имараты толук оңдолгон.

Автор: Бекназар Исабек уулу