Ош: Кылмышка аралашкан аялдардын саны көбөйдү

Аялдар

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы аялдардын кылмыштуулугу өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл 20 пайызга өскөнүн айтып чыкты. Кылмыштарга аралашкандардын басымдуу бөлүгү 30 жаштын тегерегиндеги кыз-келиндер. Буга үй бүлөлүк көйгөйлөр себеп болууда дешет адистер.

Уурулук менен айыпталып милицияга кармалган аялдарын бири Гүлийпа (аты өзгөртүлүп берилди) жашоосунун оордугунан кылмышка барганын айтып даттанат.

“Күйөөм менен ажырашып кетип баламды өзүм бакчумун. Кыйынчылыктан бир кафеге жумушка орноштум. Бирок администрация менен келише албай кайра ишимден  бошодум. Жумушсуздуктан айла жок кийимдерди уурдоо менен күн өткөрдүм”,-дейт ал.

Гүлийпаны мектепти бүтүрбөй эле тааныбаган бирөө ала качып кеткен. Ал кишиге эч кандай сезими да болгон эмес экен.

“Баламды  ата-энемдин үйүндө төрөп, ал жерде да көп жүрүүгө чыдабай Ошко келе бергем. Анан курсактын кайгайы менен ар кандай кылмыштарга аралашып калдым. Мунун баары ала качуунун кесепетинен болсо керек. Ала качпаса балким мен деле башкалардай окууну бүтүп, чоң окууга тапшырып бир кесиптин ээси болмок белем”,-дейт биздин каарман.

Ошентип  ал кылмыш ордунда кармалган. Учурда жасаган ишине бушайман экенин айтат.

Ушинтип кылмыш иштерине аралашып калгандар жыл сайын көбөйүп баратканын милиция тастыктайт.

“Кылмышка аралашкан аялдардын  көпчүлүгү 30 жашка чыгып, чыга элек кыз-келиндер. Ошондой эле алар Ош шаарына айыл-кыштактардан келген айымдар болуп чыгууда.  Биз болгон цифранын баарын ачыктай албайбыз, бирок салыштыруу менен айтканда алардын саны былтыркыга караганда 20 пайызга өскөн”,-дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков.

Укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, бир аял 2-3 кылмышка аралашкан учурлары кездешет. Мунун себебин алар турмуштук көйгөйлөр менен байланыштырат.

“Токтогул районунун 19 жаштагы тургуну үч жолу уурулук менен кармалып, учурда камакта отурат. Анын кылмышка баруу себеби апасынын үч жолу турмушка чыккандыгы, өгөй агаларынын кысымында калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Мындан сырткары үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн, ажырашуулардан улам кылмыштуулук көбөйүүдө. Айтып кетчү нерсе, бир-эки кылмыш жасап, ага жаза көрүлбөгөндөн кийин оор кылмышка өтүшөт экен”,-дейт Замир Сыдыков.

Соңку мезгилдерде уурулук, жеӊил кылмыштар эмес, оор кылмышка да аралашкан аялдардын саны арбыган. Сойкулук, адам өлтүрүү, кафе-ресторанда ичип мас болуп, жаңжал чыгаргандардын үстүнөн арыз жазгандар да болгон. Кылмыштуулуктун арбып баратканын психологдор экономикалык абал менен да байланыштырат.

Ош мамлекеттик универстетинин окутуучусу, психолог Акчач Жолдошованын айтымында  айымдардын кылмышка аралашуусуна  үй бүлө багуу түйшүгү да себеп болууда.

“Кыйынчылыктан,айрыкча айыл жерлеринде жумуштун жоктугунан  кредит алып, кайра төлөөгө алы жетпегендер кылмышка аралашып жатат. Учурда үй бүлөлүк көйгөйлөрдүн көбүн аял чечет. Мындай мезгилде ар кандай абалга кабылып, бирок жардам көрсөтчү адамдын жоктугу да себеп болууда. Өмүр жолдошу да көмөк көргөзүүнүн ордуна ажырашуу жолун тандап жатат”,-дейт психолог.

Жолдошеванын изилдөөсүнө ылайык, жумушсуз калган аялдар көбүрөөк ушундай иштерге кириптер болот.

“Жумушка алууда да көпчүлүгү эркек кишилер болууда. Ал эми аял кишиге көӊүл буруулар аз. Кайсы ишканага барба иш кыла алат, же күчү бар деп эркектерди алат. Маалыматтарга ылайык, жумуш тапкандардын 70%ын эркектер, 30% аялдар түзөт”,- дейт А.Жолдошева.

Аялдар оор абалга түшкөндө кай жерге кайрылуу жөнүндө кабарлары жок. Бул да жаш айымдардын кылмышка аралашышына бир тараптуу себеп болгондой дешет адистер.

“Эркектерге караганда аялдардын саны көп. Ошол себептүү да алардын кылмыш иши көзгө тез ташталып жатат. Күйөөсүнөн таяк жеп өзүн коргоо үчүн аны кокусунан өлтүрүп алгандар да бар,-деп кошумчалайт Акчач Жолдошева.

Ош шаарында бир ай ичинде сойкулук менен алектенген 9 аял белгилүү болгон. Алар учурда эркиндикте болсо да, бул иш боюнча тергөө жүргүзүлүп, сот иши алып барылууда.

Укук коргоо органдары жыл башынан бери кылмыштуулуктун санын азайтуу жаатында жер-жерлерде коомдук угууларды өткөрүп келет.

Автор: Бегайым Кубанычбек кызы

Фото: Эрнист Нурматовдуку