Ошто “Ыйман” лицейинин ачылуусу түрдүүчө кабылданууда

1

Жаңы окуу жылынан баштап Ош мамлекеттик университетинде “Ыйман” лицейинин  ачылуусу  күтүлүүдө. Лицейди Түркия өкмөтү жана андагы “Дианет” фонду каржылаганы турат. Окуу мекемесинде дин  таануу кадимки предметтер менен бирге окутуулаары кабарланууда. Бирок жашоочулар арасында муну колдогондор да, каршы чыккандар да бар.

Ош мамлекеттик университетинин басма сөз катчысы Керим Калыкулов кабарлагандай, аталган окуу жай менен Түркиянын “Диянет”фонду, дин башкармалыгы жана билим берүү министрлиги  биргелешкен Түркиядагы “Имам Хатиб” лицейлеринин  моделиндеги “Ыйман” лицейин  Ош МУда  ачуу боюнча расмий  келишимге кол коюлду.

“Окуучууларды лицейге кабыл алуу 2013-2014-окуу жылынан  башталат. Бул жылы 60ка жакын окуучу кабыл алынат. Ыйман-адепке  тарбиялай турган сабактар окутулуп, кадимки мектепте өтүлгөн предметтер  тереңдетилип өтүлөт. Окуучуларга  бир маал ысык тамак  уюштурууну, окуу эмеректерин, техникалык  каражаттар менен жабдуунун Түркия тарап өз мойнуна алды. Кийинчерээк Түркия лицейдин окуу корпусун жана жатакана  курууну  пландаган. Долбоордун сметалык чыгымы  5 миллион АКШ долларын түзөрү айтылууда”,-дейт Калыкулов.

Лицей кыргыз шартына ылайыкталып “Ыйман” деп аталып жатат. Бирок аны бүткөн окуучуларга Кыргызстандын орто билим  алгандыгы  жөнүндөгү атестат жана Түркиянын “Имам Хатиб” лицейин бүтүргөнү  жөнүндөгү диплом берилет.

Ош МУнун ректору, профессор Каныбек  Исаков азыр мамлекет мекенчил, дилинде ыйманы бар, терең билимдүү адистерге  муктаж экендигин белгилейт:

Каныбек Исаков
Каныбек Исаков

“Эгемендүүлүк жылдардан бери жаштарыбызга татыктуу тарбия берүү бир топ  өксүктөр менен ишке ашууда. Билимдүүлөр көп болгону менен, таза, ак ниет кадрлар  таңкыстыгы ачык байкалууда. Бул кенемтени “Ыйман” лицейи ишке ашыра алат деп ойлойм”,- дейт Исаков.

Түркия дин башкармалыгынын өкүлү Мехмет Эмин:

“Түркия боордош, тектеш эл катары Кыргыз мамлекетине өзгөчө жылуу мамиледебиз. Биздин Премьер-министрибиз да Кыргызстанды  бир тууган мамлекет катары карайт. Кудай буюрса, жаңы ачылып жаткан лицейден адамгерчилиги, ыйманы, билими башка жаштарга үлгү боло ала турган жаштар өсүп чыгат”,-деди.

Окуу жайдагы саамалыкты аймактагы дин өкүлдөрү колдоого алып жатышат. Ош шаарындагы  борбордук  “Аль Бухари – Алай” мечитинин   имамы Асатилла  Нурматов билимди да, динди да айкалыштыра окутуу туура деп эсептейт:

“Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги  бар. Эгемендүүлүк  алгандан  бери  элибиз  динге  жакшы  эле  көз  карашта. Лицейдин ачылуусуна  каршы эмесмин. Ыйман - “ишенич”  деген  эле сөз. Ишенич  менен  бардык  нерсе  бүтө  бербейт.  Динди, билимди   бардык тармактан  окуткан  туура. Анткени  бардык  жактан  илим  алыш  керек”,- дейт мечит имамы А.Нурматов.

Жергиликтүү байкоочу Төлөгөн  Келдибаев да бул мекеме келечек муунду кооптуу диний агымдардан коргой тургандыгын белгилейт:

“Азыркы күндө айрым жаштарыбыз ар кандай кооптуу диний агымдарга кирип кетип  атат. Радикализм, эктремизм деген күчөп жатат. Ал агымдар жөнүндө дин кызматкерлери атайын лекцияларды өтсө, жаштарыбыз ак-караны айрып билип калат. Азыркы медресе, хужра деген нерселерде эмне окутуп жатканын эч ким билбейт. Анткени аларды билим берүү министрлиги, же башка мамлекеттик орган көзөмөлдөй албайт. А университетте жок дегенде бир калыпта кармап турса болот”,- дейт Т.Келдибаев.

ОшМУ, "Эрдем" мечити
ОшМУ, "Эрдем" мечити

Анткен менен, мамлекеттик университетте “Ыйман” лицейинин  ачылуусу  туура эмес дегендер да бар:

“Мен “Ыйман” лицейинин ачылышына кайсы бир деңгээлде каршымын. Себеби, биз динден тышкаркы өлкөбүз, диний мамлекет эмеспиз. “Ыйман” лицейи мусулманчылыкка  багытталган  лицей  болуп  атпайбы. Бизде  ар  түрдү дин өкүлдөрү жашайт да. “Дин таануу” лицейи деп  койсо болмок.  Мында ар кайсы диндин оң-терс  жактары үйрөтүлсө  боло берет эле. Башка жагынан алганда, мында Түркиянын идеологиясынын жайылуусуна өбөлгө түзүлүп калып жатат”,-дейт журналист Санжар Эралиев.

Ал арада лицей ачыла элек жатып эле ага балдарын окутууну каалаган ата-энелер чыкты. Ош шаарынын  тургуну Акжолтой  Көчөрова 4 жаштагы баласы жашы жеткенде “Ыйман” лицейине окутарын айтат:

“Баламын жөндөмү болсо, окутам. Азыр  ыймандуу жаштар азайып баратат. Кичине бир нерсени үйрөнүп чыкса, жакшы да”,- дейт Акжолтой айым.

Маалыматтарга ылайык, Түркияда учурда 2000 миңге жакын “Имам-Хатиб” лицейи иш алып барып келет. Мындан сырткары түрк бийлиги дүйнөнүн башка мамлекеттеринде, анын ичинде Кавказ өлкөлөрүндө, Африка өлкөлөрүндө өз мекемесин ачууга жетишкен. “Ыйман” лицейин ошонун кыргызча варианты катары уюшулууда.

Ош МУ, Теология факультети
Ош МУ, Теология факультети

Ош МУда буга чейин ошол эле Түркиянын колдоосу менен теология факультети ачылып, учурда 100дөн ашык студентти окутуп келет.

Ош шаарында жалпы 59 мечит  бар. Анын жыйырма бешинде жума намазы  окулат. Казыят башкармалыгынын карамагында 2 медресе: Ыйык Сулайман-Тоо балдардын медресеси жана “Саида Хадича”  кыздардын медресеси иштейт.

Автор: Айгерим Абибиллаева. Сүрөттөр автордуку.