Ош: Жаңы ачылган унаа базары мурдагы базардын ишин токтотту

Ушул аптадан баштап ишин баштаган мамлекеттик унаа базарына кардарларды тартуу үчүн мэрия эски унаа базарга кетчү жолду жаап салды. Буга мурдагы унаа базарда иштегендер да, айланада жашагандар да нааразы болууда. Бирок бийликтер жаңы базар элге жана мамлекетке көп пайдалуу экенин айтып, элди түшүнүү менен кабылдоого чакырууда.

Шаардын жакасындагы Жапалак айылында элүү жылдан бери эч ким пайдаланбаган саз, камыш жерди сегиз айдын ичинде машинелер тизиле турган жайга айланды да калды. Жөн эле тизиле турган эмес, кадимки унаа базарына айланды.

“Бул жер мурда саз болгон. Биринчиден шаардын чети, экинчиден көчө тосулбайт, тыгын болбойт. Жашоочуларга жолтоо болбойт. Кеңдиги боюнча кеңири, эч кимге зыяны тийбейт. Мындайча айтканда заманбап базар болот. Ал эми эски базар жеке менчик болгондуктан андан түшкөн акча каражат менчик ээлеринин чөнтөгүнө түшөт эле”,-дейт Ош шаарынын башкы архитектору Нурбек Баетов.

Шаардын вице-мэри Рустам Мирзаматов да жаңы унаа базарынын келечеги мамлекет үчүн зор экенин белгилейт:

“Бул базардан бир жылда түшкөн киреше менен биз жылына бирден мектеп, же бала бакча куруп салсак болот. Салыктан дагы өзүнчө бир социалдык обьект бүтүрүп койсок да жарайт. Бул эми мурдагы базарга үстөмдүк кылуу үчүн эмес, мамлекетке, элге пайдалуу болуусу үчүн уюшулду. Ансыз деле мурдагы унаа базары ар бир дем алыш күндөрү тыгын жаратып, элди кыйнап келген. Ал санитардык эрежелерге да туура келбейт болчу”,-дейт.

Кароосуз калган жердин, базар болуп ачылышына жергиликтүүлөр да кубанып турган экен:

“Биздин маанай абдан жакшы. Мурун бул жер иштеткенге мүмкүн эмес эле. Эми бул жерди ондоп түзөп Жапалак айыл өкмөтүнүн тургундарын  жумуш менен  камсыз кылышат. Ошондуктан сүйүнүп атам”,-дейт Жапалактык Гүлмайрам Раева.

Бирок көнбөгөн элди Жапалактагы жаңы базарга тартуу үчүн, эски унаа базарына кетчү жолдор жабылды. Аны мэрия кызматкерлери, атайын күч кызматкерлери атайын унаалар менен жолду бууп турду. Бул мындагы жашоочулардын нааразылыгына кабылды.

“Жаңы унаа базар ачса ача беришсин, эски базары менен деле ишим жок. Бирок бул эски базарга адамдарды киргизбейбиз деп атып Ош шаардык мэриясы биз тарапка кетчү жолду да жаап салышты. Азыр го кичине унаалар ары-бери каттап калды. Базар жаңы иштеген күндөрү жөнөкөй эле жарандарды, керек болсо маршруттарды да каттатпай коюп жашоочуларды жинди кылышты. Оо, “кирпичный” районунан баштап, борбордук көчөгө чейин 4-5 км жөө келип кыйналдык. Биз эки күн тең кыйналдык маршурт жок. Биздин балдар окууга барат болчу. Жолдо милициялар да толуп турду.   Темир коюп койгон. Жапса ошол базардын өзүн эле жаап салбайбы?”,-дейт Ноокат көчөсүнүн (эски базар жайгашкан жер) жашоочусу Айжан.

  Элдерге түшүндүрүү иштеринде мэрияга жаштар комитети да жардамга келди. Алар атайы эл кыдырып   баракчаларды таркатышты.

“Мэрия айрым, айтылып жаткан туура эмес маалыматтарга алдырбоону суранат жана уюштуруу иштери көңүлдөгүдөй кетип жаткандыгын белгилейт. Жаңы базарга карата ар кандай пикирлер туура эмес. Ошол эле учурда Ош шаарынын мэриясы калаа конокторун жана шаар тургундарын өлкөнүн патриоту болууга үндөйт”,-деп жазылат Ош шаардык жаштар комитетинин билдирүүсүндө.

Бийликтердин айымында, эски авто  базар экологиялык жана санитардык нормаларга жооп бербейт. Айрым учурларда транспорттордун аракети адам өмүрүнө коркунуч туудурат. Бирок мындай айыптоолорго “Кирпичный” кварталында жайгашкан эски унаа базардын ээлери макул эмес.

Базардын директорлор кеңешинин төрагасы Маматсултан Чырмашов:

“Өткөн ишемби жана жекшемби эрте менен саат 7ден баштап Ош-Сүлүктү-Баткен жакка кеткен Амир-Темир көчөсүнүн башынан, Ноокат айлампасына чейин жол жабылды. Мунун айынан элдин жашоосу да үзгүлтүккө учурап,   Ош “Ак-Таш” Акционердик коомунун иштөө тартиби бузулду. Анан да бул жакта кыш завод бар, ошол кыш заводко келүүчү адамдардын саны да токтоп калды”,-дейт.

Базарга “Ак-Таш” ААК коому ээлик кылат. Мында жалпысы 457 акционер бар. Миңге жакын жумушчулар жана инженер механиктер иштешет. Алардын баары жумушсуз калганы турат.

“Бул эми ар кайсы  региондордон келген инсандарга кыйынчылык туудурду. Бул иштерди мыйзам жолу менен ишке ашырса болот эле. 20 жылдан бери иштеп келген базар мынтип аз күндө эле жабылып калганы турат. Бизге азыр элден эч кандай нааразычылык жок. Тиги базар деле иштей берсин, биздин базар деле иштей берсе болмок”,-дейт эски унаа базардын өкүлү Маматсултан Чырмашов.

Унаа базар_ош (2)“Болуп өткөн иштер иштеп жаткан акционерлерге  бир кыйла залакасын тийгизди. Өкмөт болсо элди эки жактан бөлүп атат. Базарды куруу үчүн 20-жылдын ичинде 100 млндогон акча кетип атпайбы. Ошонун баары эми асманга учту да калды. Мурдагы мэрия бизге чечим чыгарып берген да, анан биз өкмөттүн буйругун аткарып кадимкидей иштеп келгенбиз. Демократия заманында, мынтип зомбулук менен жолду жаап, анан бизге кардарларды киргизбей койгону такыр акылга туура келбейт. Булар менимче ушул келе жаткан базар күнү да жол жабууга барышат”,-дейт базар жетекчилеринин бири Ахмат Рустанбеков.

Эски базардын жабылуусун каалабаган жашоочулар да бар. Анткени ал жерден көп жашоочулар жылдар бою соода сатык менен алектенип, үй-бүлөсүн багышат. Алардын бири Айжаркын эже:

“Элди чакырып эле, “каалаганың бул базарга, шартың барың жаңы базарга баргыла” деп койсо болмок. Биз мында иштеп аткандар эми кайсы жакка барып иштешти билбей атабыз. Ушинтип атып бир күн жумушсуз калбасак болду. Жаңы ачылган базар бул базардан бир кыйла тар жана эч кандай шарттары да жок экен. Балким эми дагы кыйла нерсеси курулаар”,-дейт Айжаркын айым.

“Бирок  Жапалактагы  жаңы базардын ачылышы  туура. Себеби мамлекетик базар болуп атпайбы. Жеке адамдардын кызыкчылыгы эмес, элдин кызыкчылыгы маанилүү”,-дейт башка бир Оштун жашоочусу Абдылдабек.

Жаңы уюшулган базар аптасына 7 күн иштемекчи болду. Ал эми мурдагы унаа базары ишемби жана жекшемби күнү гана иштейт эле.

Автор: Айгерим Абибиллаева, сүрөттөр автордуку.

Редактор: Эрнист Нурматов.