Араван: Кыргызстандын "өгөй келиндери"

Араванга турмушка чыккан 45тей өзбекстандык аял паспорт алууга керектүү документтерин жөнөттү. Мындан башка 35тей аялдын кагаздары дагы такталып жатат. Бирок дагы 400гө жакын аял дээрлик союз таркагандан бери атайын өлкө атуулдугун аныктаган документ ала албай келе атат. Мунун айынан алардын балдарына жөлөкпул берилбей, аялдар шайлоо укуктарынан ажырап калган.

Баардыгына СССРдин жоюлганы “айыптуу”

Мукарам Алиназарова Кыргызстанга турмушка чыкканына 30 жыл болсо да бул өлкөнүн жарандыгын ала элек. Араван районунун Чек-Абад айылында үйү, балдары бар экенине карабай ал мында өгөйлөнүп келет. Ал алигиче Өзбекстандын паспорту менен жүрөт. Төркүнүнүн үйү болгону 200 метр. Бирок чек арадан ашып өтө албайт.

“Үйүмө төрт жылдан бери баралекмин. Достуктан өтөйүн десем атып салышпасын деп корком. Паспорт алмаштырууга бир канча жолу аракет кылдым, бирок чечиле элек. Кыргызстанга турмушка чыккандан кийин каттоомду да бул жакка алып өткөмүн. Чынын айтайын, төркүнүмдүн үйү менин үйүмдөн 200 эле метр ары жакта, болгону ортобузда чек аранын зымдары бар. Ошол жерден да кабарлаша албай жатабыз”,-дейт Алиназарова.

Мындан 20 жыл мурда Кыргызстанга турмушка чыккан Гүлнара Балтабаева да эмдигиче жашап жаткан өлкөсүнүн толук кандуу жараны боло элек. Ал дагы канча  жолу паспорт алууга аракет кылып, эч бир майнап чыккан эмес экен. Гүлнара Балтабаева:

“Канча жыл болсо да Өзбек ССРинин паспорту менен жүрөм. Кыргызстан жаңы паспортко өткөн мезгилде алмаштыра албай калгам. Мен азыр же Кыргызстандын жараны эмес, же Өзбекстандын жараны эмес болуп ортодо калгам. Бир канча жолу документ тапшырсам да, кыргыз паспортун ала албай койдум”.Араван (2)

Балтабаева паспорт жоктуктун азабын дурус эле тартканын айтат. Балдарына жөлөкпул алганды мындай кой, кадимки жарандык укуктары да тепселип келет. Документ болбогондуктан өз туулган жерине өтүп, жакындары менен байланышуу ал үчүн такыр мүмкүн эмес:

“Балдарыма жөлөкпул ала албайм, шайлоолорго болсо дээрлик катышпайм. Өзбекстанда турган ата-энем менен дегеле учураша албайм. Элдер азыр жок дегенде «Достук» посту аркылуу айланып өтүп келишет. А менде паспорт жок болгон үчүн ал жерден да өткөзүшпөйт. Чек арада туруп алып 50 метр аралыкта кыйкырып ал акыбал сурашып, кайра кете беребиз”,-дейт Гүлнара Балтабаева.

 

“Укук дегенди унутканбыз”...

Паспортсуз аялдар ар бир эки айда, чек арага барып, кирип чыгып мөөр бастырып турушат. Антпесе аларды кыргыз бийлиги депортация кылып жибериши мүмкүн.

Араван (4)“Эки ай сайын барып, мөөр бастыра берип биз да тажап бүттүк. Күйөөлөрүбүздүн 10 сотыхтан жери бар. Ал жер менен үй-бүлө багуу, бала багуу кыйын болуп атат. Азыр паспорт жок, ушундай кыналдык”,-дейт Араванга келин болуп түшкөн дагы бир тургун Гүлноза Пазылова.

Кыргызстанга келин болуп түшүп, паспорт ала элек жарандардын саны Араван районунда 450нү түзөт. Алардын алды беш-алтыдан, арты эки-үчтөн балалуу болуп калышкан. Жергиликтүү бийликтердин жана бейөкмөт уюмдардын жардамы менен паспорт алгандар азырынча саналуу эле.

«Тынчтыкка данакер аялдар түйүнү» да аялдардын бул көйгөйүн көңүл борборуна алып чыгышкан. Уюмдун райондук лидери Замира Ташалиева мындай деди:

“Бул аялдардын балдары чоңоюп, анча-мынчасы үйлөнүп калды. Аялдардын өздөрүндө болсо паспорт жок. Ар биринде үчтөн-төрттөн бала бар деп эсептегенде дагы, 1000ден ашык бала пособие ала албай атат. Аялдар болсо, эки жакка ээн-эркин чыга албайт, шайлоолорго катышууга укугу жок. Ошентип аялдар өтө кыйналып атышат”.

 

Айта берип тил тешилди

Оштогу “Чек арасыз юристтер уюмунун” адиси Каныбек Токтосун уулу паспорт алуу үчүн аялдар кандай аракеттерди кылуусу керек экенин бизге айтып берди.

-Бул аялдардын укугу учурда Кыргызстандын мыйзамынын негизинде канчалык деңгээлде корголот?

-Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык Өзбекстандын жараны өлкө ичинде 60 сутка гана жүрө алат. Эгер андан ашыкча жүрө турган болсо, визаны жол жоболоштурушу керек. Башкача айтканда виза алышы керек. Ансыз 2 айдан ашык жүрсө анын бул жердеги туруктуу жашоосу мыйзамсыз деп табылат. Алардын укугу корголмок тургай, бул жагдайда алар өздөрү айып төлөп калышат. А Кыргыз Республикасында мыйзамсыз жүрүү фактысы чет өлкөлүк жарандар үчүн 500 сомдон 1000 сомго чейин айып салуулар бар. Мында кылмыш иши козголбойт, жөн гана айып салуу процедурасы жүрөт дагы, айыппулду төлөсө анын күнөөсү акталды деп саналат.

-Мыйзам боюнча алганда чет өлкөлүк жарандарга эмненин негизинде паспорт берилбейт?Араван (1)

-Эгерде чет өлкөдөн Кыргызстанга келген жарандар башка өлкөнүн чалгындоо кызматында же башка укук коргоо органдарында иштегени аныкталса аларга жарандык такыр берилбейт. Анткени алар Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирет деп саналат. Мындан башка жагдайларда чет өлкөнүн жарандарында негиздүү документ болсо, шарт болсо паспорт алса болот.

 

Жергиликтүү бийликтердин аракетинен майнап жок

Жыл башынан бери болгону 45 аялдын документи туураланып, паспорт алууга жиберилген. Бирок дагы калган 400дөй аялга паспорт алуу үчүн  саясий эрк керек дегендер бар. Анткени Өзбекстандын паспорту менен жүрүп, анысынын мөөнөтү өтүп кеткендер 2-3 эселеп түйшүккө батышат.

“Эгерде паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен болсо, ал Кыргызстандан паспорт алышы чынында кыйын. Алар барып Өзбекстандан кайрадан жаңы паспорт алышы керек. Анүчүн Өзбекстандын президентине атайын кат жазышы керек ал текшерилиши керек, анан барып чечилет. Анан ошол паспортунун негизинде бул жактан кайрадан жаңы документ алса болот. Бирок бул өтө кыйын иш. Анткени алар коңшу өлкөдөн жашабайт делинип, каттодон чыгып кетишкен. Анан бул жакка келгенде да каттоого турбай калышкан. Мунун чечүү үчүн Президент өз кам көрүп, кандайдыр бир мыйзам кабыл алса, ошондо жеңил болот”,-деди Чек-Абад айыл өкмөтүнүн паспорт боюнча адиси Абдулла Бурханов.

Ал эми райондук акимиаттагылар болсо аялдардын жарандык алуу маселеси парламенттик деңгээлде чечилип жатканын айтышат. Араван район акиминин орун басары Жамила Абылкасымова:

Араванн“Бул маселе эмне үчүн буга чейин чечилбей келгенин билбейм. Бирок эми акырындап чечип атабыз десем болот. Былтыркы жылдан бери биз өкмөткө, президентке жана депутаттарга кайрылып, келиндерге паспорт алып берүү боюнча көп иштерди жасадык. Азырынча ошол 450 аялдын 153ү документин алууга мүмкүнчүлүгү бар. Төртөө колдоруна паспортторун алышты. Калганы деле кийинки жылдардан алып калат деп үмүт кылып олтурабыз”,-дейт.

Маселе кайра-кайра көтөрүлүп атып, өткөн жылы Жогорку Кеңеш «жарандык алуу» боюнча токтомго атайы өзгөртүү да киргизген. Бирок дагы деле Кыргызстанга турмушка чыгып, биротоло жашап калган аялдардын паспорт алуусу кыйынга турууда дешет адистер.

 

А Кыргызстандын атуулдары бул маселе боюнча эмне дешет?

Бул маселе боюнча кадимки эле Кыргызстандын жарандарынын да ойлорун ортого салып көрсөк.

 Жылдыз Орозматова, Өзгөн районунун жашоочусу:

-Менимче, аялдар маселени оо башында эптеп кетиши керек эле. Анткени азыркы кыргыз чиновниктери бир документиң туура эмес болсо эле, болду паспорт бербей кыйнай беришет. Кээде паспортуң бар туруп, алмаштырууга канча убактың кетет.

Рашид, Ош шаарынын жашоочусу:

-Негизи бул аялдардын көйгөйү менен мен анчалык тааныш эмес экем. Бирок мен салыштыруу менен айтсам, сырттан келип Кыргызстанда жашап жаткан адамдардын документ алышы чынында кыйын. Маселен мен улутум кыргыз болсо да, Тажикстандан келгеним үчүн документимди бүткөрө албай атам. Анан эми ал аялдардыкын бийликтер дагы көпкө чейин созушат го.

 Акылбек Орозматов, Өзгөн районунун жашоочусу:

-Мисалы, биздин Орусиядагы мигрант кыз келиндерибиз орус жарандыгын алыш учун орус жарандыгы бар инсан менен “фиктивный брак” кылышат,  башкача айтканда “загс” алат. Андан сон автоматтык түрдө ошол өлкөнүн жараны болот дагы паспорт алат. Бул баардык эле өлкөлөрдө ушундай. Эмне үчүн Арванда же Кыргызстанда  паспорт алалбай жатышат таң калыштуу. Бул эми Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий тирешүүдөн улам го. Алгач ошону чечиши керек, анан ошол “өгөй келиндердин” көйгөйү чечилет.

Хилола Нурматова, Ноокат районунун жашоочусу:

-Ал аялдарга атайын бир укуктук агартуу керек. Алар ар бири өздөрүнүн укуктарын толук билүүсү зарыл. Анан документ иштерин жасоо үчүн да өз алдынча даярдыктан өтүшү кажет. Ошондон кийин документтерин чогултуп, катуу аракет кылышса паспорт алышса керек.

Жыпар Маматалы кызы, Кара-Суу районунун жашоочусу:

-Маалыматтык сабатсыздыкты жоюу керек эң биринчи. Айрым жарандар документ иштерин жүргүзүүнү жетиштүү билишпейт. Каттоого туруу, каттоодон чыгуу тууралуу, жөлөк пул алууда кантип документ топтоо керек экенин айылдарга барып үйрөтүү керек. Мында тийиштүү мамлекеттик орган өкүлдөрү, паспорт стол, социалдык камсыздандыруу органдары да катышуусу керек.

Автор: Эрнист Нурматов

Сүрөттөр автордуку.

Бул макала "Кабар Ордо" долбоорунун алкагында жарыяланды.