Барак: Элдин кыйналганы кыйналган...

Кыргызстандын Барак анклавына кирип-чыгуу маселеси али күнчө чечилбеген бойдон келатат. Жашоочулардын бийликтерге кайрылуусунан азырынча жыйынтык жок. Ал жакка каттоо дагы деле оор бойдон калууда. Ал эми жергиликтүү бийликтер болсо анклав маселесин чечүү каралып жатканын айтышат.

Мындан 20 жыл мурун, тагдырдын буйругу менен Барак айылына келин болуп түшкөн Гүлнара Аллаева бул жерде араң эле жашап келатканын айтат. 40тан жаңы эле ашкан айымдын анклавда 7 кишиден ашык үй-бүлөсү бар. Анда күйөөсү, кайнатасы, балдары бар.

“Чынын айтыш керек, бул айылда жашоо өтө кыйын болуп кетти. 90-жылдары мынчалык кыйын эмес, болчу. Анда Өзбекстан менен Кыргызстан жакшы мамиледе, чек ара да көп жабылчу эмес. Азыр болсо, эки жакка ээн  эркин баса албайсың. Өзбекстан  өз кызыкчылыгы үчүн, өз мекенин коргоо максатында  чек  араларды казып, зым тартып аскерлерин коюп, бажыканасын күчөтүп, чек ара постторун татаалдатып салган”,-дейт ал.

(Барак айылына азыр фотоаппарат, камера алып кирүүгө мүмкүн эмес. Сүрөттө анклавдын жашоочулары, 2006-жыл.)
(Барак айылына азыр фотоаппарат, камера алып кирүүгө мүмкүн эмес. Сүрөттө анклавдын жашоочулары, 2006-жыл.)

“Районго чейинки  аралыкка  бир саатта жетчү  жерге эки саатта жетчү болдук, анысы аз келгенсип базардан алган буюм-тайымдарыбызды жөн жайынча алып келе албайбыз, 5-10 кило картошка, пиязга, 1 кап ун, 1 кап көмүргө да айыл өкмөттөн “справка” деп кыйначу болушту”,-деп кошумчалайт андан ары Гүлнара.

Жыл башынан бери Барактыктардын абалы дагы да оорлоду дешет ал жердегилер. 17-январдан баштап кыргыз-өзбек чек аралары жабылып калгандыгына байланыштуу Барак айылы, район, облус, өлкө борбору менен байланышы дээрлик үзүлүп калган. Сыртка чыккысы келгендер атайын документ толтурушуп, айыл башчыга катталып, анан нотариустан анысын тастыктатып бир канча убарага батышат. Документтер даяр болгондон кийин эле аларды жөн эле чыгара койбойт.

“Азыр эми 30 км жерди 300 кмге узартып жиберишти. Мобу турган Ак-Таштан өткөзүшпөй, бизди Өзбекстанды айлантып Кызыл-Кыя өткөрүү пункту менен Кыргызстанга өткөзүп атышат. Жол азабы, көр азабы дегендей эрте менен саат алтыда жолго чыксак, саат 3кө жетип келебиз. Айылдан чыга элегиме 3 ай болду. Чыгайын десем шартым туура келбейт, чыккбайын десем тууган уруктардан да кабарлашып туруш экен”,-дейт дагы бир Барактык Азиз Камалов.

Барактык кичинекей кыз, 2006-жыл.
Барактык кичинекей кыз, 2006-жыл.

Чек ара жабылганы Барактыктар күйүүчү май, жер семирткичтерди алып кирүүсү да өзүнчө бир азапка айланды. Дыйканчылыктан түшкөн түшүмдөрүн да ээн-эркин сыртка алып чыгып сата албай калышты. Буудай түшүмүн базарга алып чыгуу үчүн,  жашоочулар атайын айыл өкмөттөн тастыктама алышы керек.

Анклавдагы студенттер да облус борбору Ошко келип окуп кетиши кыйынчылыкка айланган. Студенттер сентябрда келишет, ошол боюнча окуу жылы аяктаганда кайра кайтышат. Анткени утур-утур кирип-чыга берүүгө болбойт. Айдынай да ошондойлордун бири:

“Өз айылыбызга кирип чыгуу биз үчүн бир Орусияга барып келгендей эле болот. Аның туура эмес, мунуң туура эмес деп киргизбей коюшат. Бир келген боюнча окуу бүткөнгө чейин жүрө беребиз. Анан 1-2 жыл дегенде үйдөгүлөр менен көрүшүп келели деп, айласыз чыдап барып келебиз. Бир жолу менин паспортумду китепканада алып калышкан эле, анан чет өлкөгө кетчү паспортум менен барсам киргизбей коюшкан. Жөн эле киргизбей койгону кеппи, кээде бизге ошол жердеги өзбек чек арачылар ар кандай сөз ыргытышат,  кээде тийишип, кемсинтишет эле”,-дейт ал.

Барак айылынын башчысы Бурканбек Аширов Барактыктардын качан башка жакка көчүп кетүүсү азырынча белгисиз экенин ачыктады:

Бурканбек Ашыров
Бурканбек Ашыров

“Барак анклавынын чек арасы жабылып калганына мына 5 айдын жүзү болуп калды. Биздин барбаган жерибиз калбады. Өзүбүздөн өкүл шайлап атайын президентке жөнөттүк. Чек ара министрлигине да жолугуп келишти. 17-февралда чек ара министри айыл менен жеринен таанышып, элдин көйгөйүн көрүп кетти, облустук администрацияга да тынбай барып атабыз. Бирок ушул күнгө чейин бир да жыйынтык жок. Андан кийин 27-марта биздин кыргыз өкмөтү вице-премьер-министри Шамил Атаханов жетектектеген ишчи тобу менен Ташкентке чек ара маселери менен барып келди, Ала-Бука районунда 3-майында чек ара министрлерин жолугушуусу болду. Мындан да биз чоң үмүт менен күткөн болчубуз, аныбыз да акталбады”,- дейт Ашыров.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков төмөнкүлөрдү белгиледи:

Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

“Чек аранын жабык калуусун негизинде Барак айылынын эли азык-түлүк продукталарынан кыйынчылыктар жаралган. Барак айылынын элинин азык-түлүк продукталарына муктаждыгын эске алып өкмөт, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы жана Ак-Таш айылдык округу тарабынан 2013-жылдын 25-январда биринчи кезектеги керектелүүчү азык-түлүктөр, дары-дармектер жана гуманитардык жардам жеткирилип берилген”,-деди Жээнбеков.

Учурда Барак элин Кызыл-Кыя өткөрүү пункту аркылуу жумасына эки жолу ташып турууга бийликтер бир кичи автобус бөлүп берип, ал аптасына эки жолу Барак айылына каттап атат. Өзбекстан аркылуу Барак анклавынан Кызыл-Кыя өткөрүү пунктунун аралыгы бир тарапка 300 км, эки тарапка 600 км түзөт.

Бийликтер барактыктардын 130 тоннадай пахтасын, 38 тонна жүгөрүсүн алып чыгып берген. Ошондой эле апрелдин башында 10 т ун, 10 т солярка, 10 т минералдык жер семиркичтер, 2 т жүгөрүнүн уру, 1 т чигит жана дары-дармектер Барак элине гуманитардык жардам жөнөтүлүп жергиликтүү калкка таркатылып берилди. Бирок тургундар арасында бул жардамдар Барак айылында элге бекер берилбей, сатылып жатат деген да кептер бар.

Канткен күндө да Барак анклавынын тургундарынын 180 бодо мал, 600 кой жандыктарын Кыргызстан аймагына өткөрүү жагы чечилбей келет.

Толгон-токой кыйынчылыктардан тажаган айыл тургундары өз айылынан көчүүнү калабаса да, бул жактан чыгып кетүүдөн башка арга көрбөй турушат. Аларга Кара-Суу районунун башка айылдарынан атайын үй салууга жер бериле турган болуп, бирок дагы деле чечилбей келет.

Барактыктар өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө нааразылык билдиришүүдө. 19-март, 2013-жыл.
Барактыктар өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө нааразылык билдиришүүдө. 19-март, 2013-жыл.

Январ айынын башында кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал чыгып, Өзбекстандын Сох анклавынын тегерегиндеги өткөрмө бекеттердин баарын эки тарап тең жаап салган болчу.  17-январдан тарта Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук”, “Маданият”, “Кең-Сай”  жана башка өткөрмө бекеттеринен жарандарды жана унааларды бир тараптуу гана өткөрүп, темир жолду убактылуу жапканын Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдаган болчу.

Барак айылындагы 300дөй түтүндө жалпы 2 миңдей адам бар. Административдик жактан Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык округуна карайт.

Автор: Барчынай Азизбек кызы.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автор жана редактордуку.