Ош: 100дөн ашык тургун авариялык абалдагы үйдө жашайт

351

Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү 351-үйдүн жашоочуулары 5 жылдан бери авариялык үйдө жашап келатышат. 2008-жылкы жер титирөөдө турак жай жараксыз абалга кептелип, адистер мындагыларды башка жакка чыгып кетүүнү буюрган. Бирок шарттын жоктугунан жашоочулар жер тилкесин ала алышпай, же мында инвестор келип көп кабаттуу жаңы үй салбай кыйын абалда жашап атышат.

351-үйдө жашаган Элмира Суранова жолдошу жана 5 баласы менен бир бөлмөдө турат. Анын белгилешинче, бул жер мурда үй бүлөлүк жатакана болгон. Кооптуу болсо да алар мында жашап турууга аргасыз. “Анткени, башка жакка көчүп кетүү үчүн бизге 20 миң доллардай тыйын керек керек” дейт ал:351 (1)

“Бизге мэриядан келип, бул жердин  абалы өтө оор экенин айткан. Бирок бул жерде чыгып кеткенге эч кимдин  шарты туура келбейт. Анткени жаңы проектилерди түзүп, жаңы көп кабат үйлөрдү салабыз дешкен. Анан ага кошумча акча керек экен. Аны салдырганга биздин таптакыр мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бул жердин тургундарынын кошумча акчалары жетпейт. Булар бизди көчүрүп салып, башка жакка көчүрүп анан ал жерди бузуп салып этаж үй салабыз дешет. Бирок ар бир жашоочудан 20 миң доллардан кошумча акча каражат керек экен. Ар бирине 2 комнатадан болушу мүмкүн да, андан көрө Москвадан 25 миңге бир үй келип атпайбы!”-дейт  Э.Суранова.

Бирок мындагылар азыр ар бир үйдү менчиктештирип алышкан. Күнүмдүк оокатын ар жерден иштеп эл катары  тиричилик өткөрүшөт. Үйдүн  ичинде суу чыкпайт. Дубалдары көчүп түшкөнү калган. Имарат өзү да бир күнү кулап түшүшү мүмкүн дешет мындагылар. Жаңы салынган ажатканасы  да иштебейт, суу да чыкпайт.351 (4)

1960-жылы бул жер областтык билим берүү башкармалыгына караштуу болгон. Кийинчерээк 1991-1992-жылы өзбек кыргыз урушунда  үйлөрү жоктор мында кирип жашап калышып, ошондон бери,  ушул жерде калып калышкан. Арасында 10-20 жылдан бери  жашагандар да бар. 2008-жылдагы жер титирөөдө бул жер жараксыз болуп калганына карабастан тургундар шарт жоктугунан дагы деле ушунда турушат.

Жаан жааган күндөрү, же башка бир жагдайда зорго турган үй кулап кетсе кантебиз деп кабатыр болушат жашоочулар.  Жашоочулардын бири Гүлүмкан Сатыбалдиева базарда картошка сатып 2 студент баласын окутат. Кошумча жолдошу да Россияда акча үчүн иштеп, үй бүлөсүн багат. Ал  эми үйдүн абалы аларга көнүмүш деле болуп калганын айтат:

“Биз бул жерге көнүп калганбыз, бирок кокустан бир нерсе болсо эмне кылабыз  билбейм. Эми кудай деп жашайбыз, башка чарабыз дагы жок да. Канча жолу өкмөткө  кайрылдык. Эми бизге күйгөн адам деле жок да азыркы заманда эч ким жанынан бизге жардам бере турган түрлөрү деле жок”,-дейт Сатыбалдиева.

351 (2)“Былтырлары жер титирөө болгондо жайдын түнү 3төрдө баарыбыз сыртка качып үйгө кирбей койгон күндөрүбүз да болгон. Дагы ошондой болбосун деп көңүлүбүз дайым тынчсызданат. Ал эми дубалдар өгүнү эле акталган, азыр эми көгөрүп жамгыр сайын эзилет. Дубалдары укаланып түшүп атат. Эми кышты бүтүрүп алдык деп сүйүнүп, кайра эле жайдын жамгырынан коркобуз. Жер бир силкинсе эле түшүп калат. Ошон үчүн  жылда үйдү шыбайбыз. Үйдүн боорундагы жаракалар жүрөктү өйүп келет”,-деп кошумчалайт Сатыбалдиева.

Эки кабаттүү үйдөгү 24 батирде 100дөн ашык тургун бар. Кээ бир үй-бүлөдө кичинекей бөлмөгө 10 чактысы тыгылып жашашат.

Мында батирде жашаган 1-курстун студенти Акмарал Тургунбай кызы да үйдүн абалы анча жакшы эмес экени айтып берди:

“Биз бул жерде квартирантбыз. Акем экөөбүз айына 2 миңден акы төлөп жашайбыз. Анан шарттары анчейин жок. Жамгыр жааганда үйдүн боору көгөрүп ным болот. Үй сыз болуп муздап калат. Бирок жашаса болот.”-дейт А.Тургунбаева.

Ал эми бийликтер болсо буга үйдө жашагандардын өзүн күнөөлөйт. Себеби ал жерден чыгаруу боюнча бир канча пландары болсо да, чыкпай жатышат дейт алар.351 (3)

“Биздин мэрия жакшы чара колдонуп ошол жерде бир күчтү инвесторлорду алып келген. Ошол  жерге, үй салып бербейсиңерби бизге дегенде, алар макул болгон. “Беш кабат үй салабыз, жертөлөсүн, биринчи жана экинчи кабатты биз иштетебиз, 3-4-кабатты силерге бир бөлмөдөн үй кылып адамдарга беребиз” деген сунушту жашоочуларга айтышкан. Анан эле ошол жашоочулардын арасынан ар кандай сөздөр болуп “бизди мэрия  алдап жатат, бизди ушунтип чыгарып коет, ушундай кылат” деп “өз жерибизди бербейбиз” деп тополоң болгон. Андан кийин буларга жер беребиз же көчүрөбүз деп жатканда, бир пастын ичинде эле булар өздөрүнүң үй-бүлөсүнүн санын  көбөйтүп, көбүрөөк жер же көбүрөөк квартира алабыз деп жаңжал кылышкан”,-дейт Ош шаардык архитектура башкармалыгынын башчысы Нурбек Баетов.

351 (5)“Бир канча жолу барганбыз, “ошого макул болосуңарбы” деп. Биз бул жерге беш кабат салганча силерди убактылу чыгарып туралы” десек эле, болбой коюшкан. Алардын проблемасы бир пикирге келе албаганында. Азыр деле маселени коюшсун, биригишсин. Ар ким ар кандай сөз сүйлөй берсе бул маселе чечилбейт.”-дейт Баетов.

Маалым болгондой, шаар боюнча учурда авариялык абалда турган 10 чакты көп кабатту үй бар. Алардын кээ бирлери эскилиги жеткенден болсо, кээлери табигый кырсыктардан улам ушундай акыбалга жеткен.

Автор: Айгерим Абибиллаева, сүрөттөр автордуку.

Редактор: Эрнист Нурматов.