Ош: 300дөн ашык бала ар кандай жумушта иштейт

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Бейөкмөт уюмдар Ошто 12ден 20 жашка чейинки 300 бала базарда жана башка жерлерде иштей турганын аныктап чыгышты. Балдар оор жана жеңил ар түрдүү иштерде иштейт дейт адистер.  “Көбүнчө шарты оор үй-бүлөдөгү балдар айласыздан иштешет” деп билдирди эмгекти коргоо инспекциясы.

Ош шаарындагы көрпө-төшөк цехинин, оюуларга клей жабыштыруучу жеринде иштеген 17 жаштагы окуучу кыз Шахноза Макалага (1)Арзыбаева бул жерде иштегенине өз каалоосу түрткү болгонун айтат:

“Бул жерде иштегениме төрт ай болуп калды. Өз каалоом менен киргенмин. Мага бул иштер жагат. Өзүм негизинен кичинекей кезимден эмгек кылып үйрөнүп калганмын. Укуктарым корголуп жатат десем жаңылышпайм, иш акымды убагында беришет. Бул жерде иштегендердин баары менен жылуу мамиледебиз”,-дейт жаш кыз.

Шахноза бул жерде тыным албай иштеп жатканы менен, келечекте дарыгер болгусу келгенин айтты. Шахноза менен кошо мында анын 14 жаштагы иниси да иштейт.

Шаардагы бейөкмөт уюмдар болсо, көчөдө, базарда жана башка жерлерде иштеген балдар көбөйүп жатканын айтып келишет. “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду учурда Ош шаарында 12 жаштан 20 жашка чейинки 300 бала иштеп жатканын кабарлоодо.

Фонддун төрайымы Зейнеп Эшмуратова мындай дейт:

“Мурда иштеген балдардын ата-энелерине жакын туугандарына түшүндүрүүү иштери менен алардын укуктарын коргоп келген элек. Азыркы  учурда балдар үчүн атайын арналган долбоорубуз жок. Бирок турмушу оор балдардын интернаттарга түшүүсүнүн алдын алуу боюнча бир айда 4 жолу көчөдө базарда иштеп жүргөн балдар менен баарлашып кабар алып турабыз”,-дейт ал.

“Арбир балага үй-бүлө” фонду 2011-2012-жылдары базарда жана башка жерлерде иштеген 60 баланы атайын курстарда окутуп, алар окууну аяктагандан кийин 8 балага фонд өзү кийлигишип өз кесиптерине жараша жеңил жумуштарга киргизишкенин айтышууда:

“Биз балдарды кайсы жерде иштеп жатат, укуктары корголуп жатабы, ким үчүн иштеп жатат, өзүнө ылайыктуу иште иштеп жатабы, ага жумуш берүүчү адамдар кимдер, ал тапкан акчасын эмне максатта пайдаланат, негизинен балдар кандай жумуштарга иштеп жатат, баланын иштеп жаткан иши анын өсүүсүнө таасирин тийгизбейби ошолорду иликтейбиз”,-дейт фонддун төрайымы Зейнеп Эшмуратова.

Макалага“Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду Ош шаарында шаардык балдар жана башка райондордон келген балдардан, ата-энесинин кайдигерлигинен улам 30 бала үйүнө да барбай окууга да барбай иштеп жатканын белгиледи.

“Негизинен балдардын иштөөсүнө үй бүлөлүк абал себеп болот. Азыркы учурда үй-бүлөлүк абалдан улам ар бир ата-эне такай эле баласына акча бере албайт. Балдар канчалык көчөдө көп жүргөн болсо, окууга, өзүнүн досторуна, өзүнүн айлана-чөйрөсүнө кайтаруу өтө кыйын. Айрыкча базарда иштегендерди окууга кайтаруу өтө кыйын. Биз буга чейинки долбоорлорузбуда ар бир балага өзүнчө идентификационнный номер түзүп өзүнчө карайт элек. 2009-жылы 100 баланы камтыдык деп ойлогонбуз, а бирок 100 баланын ичинен 13 эле баланы окууга кайтарыппыз. Булар Ош шаары менен Кара-Суу районундагы балдар болгон”,-деп кошумчалады Эшмуратова.

Аталган уюм БУУнун балдар фонду ЮНИСЕФтин алкагында быйыл да Ош облусунда 42 айыл өкмөттү кыдырып, балдарды окууга тартуу чараларын көргөнү жатат.

Ал эми бийликтер болсо бул жаатта бир багытка салган иш менен алектенбейт. Шаардык эмгекти коргоо инспекциясы алардын структуралык жактан өзгөртүп койгону үчүн балдардан кабар алууга мүмкүнчүлүгү болбой жатканын билдирди:

“8  инспекцияны  бириктирип бизди кайра түзгөн. Ошондуктан  биздин  балдардан  кабар  алганга  убактыбыз  жок. Бизди “Экология  техники  безопастности” кылып  өзгөртүп  койгон. Мурда эмгек инспекциясы бар  кезинде балдардын укугун күчүбүздүн жетишинче коргойт элек, азыр иштеген балдарды барып  көргөнгө  убактым  жок. Мыйзам  чегинде эгер бизге мамлекеттен кайрылса  биз  коргоп беребиз. Жумушчу балдардын өздөрү арызданышса биз укуктарын коргоп беребиз, а бирок  арызданышпайт. Биз базарга барып айтабыз, "сенин укуктарың бар, согуш же башка куралдарды ташыган жерлерге иштебешиң керек, сойкулук жана башка жаман иштерге барбашың керек, өзүңдүн чен өлчөмүңдөн ашык иш аткарбашың керек," деп. Бирок бир нерсе  десең  турмушум, туугандарым дейт да. Анан  сен иштебе деп айталбайсың да. Пландуу түрдө иш болуш керек да. Чындыгында азыркы ишибизди мен нөл деп эсептейм”,-дейт эмгекти коргоо инспециясынын башкы адиси Махмуд Вахапов.

Эмгекти коргоо инспекциясы, “балдарга тиешелүү азыркы учурда мамлекет тараптан көрүнүктүүү деле проект жок болуп жаткандыгын айтат. Жаштар гезит таркатууда (10)

Махмуд Вахапов мындай дейт:

“Сөзсүз. Баланы жашынан үйрөткүлө дейт. Такыр иш жасабай жүрүп, чоңойгондо кантип иш кылат көрбөсө, билбесе.  Баланы иштетип үйрөтүш керек, бирок жеңил ишке иштетип үйрөтүш керек. Биздин балдардын саны боюнча маалыматыбыз жок. Бүгүн көргөн бала эртең жок болуп калат.”.

Шаардык мэрия болсо иштеп жаткан балдар боюнча такыр маалымат жоктугун айтат. Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы Камил Сыдыков:

“Бизде канча бала иштегени боюнча маалымат жок. Эмне үчүн дегенде базарда биздин муниципалдык базар бар. Ошол жерде иштегендерди, ошолор көзөмөлдөшү керек. Дегеле балдарга иштегенге таптакыр уруксат жок. Анан иштешпейт дагы. Айрым бир гана фактыларды эске албаганда, Ош шаарында иштеген балдар жокко эсе. Бул эми ИДН кызматы менен ИИМдин ишинин чабалдыгы. Ошого карабай бул боюнча атайын текшерүү рейдддерин уюштуруп, алдын алуу иш-чараларын көрүп турабыз”,-дейт.

Ал эми ата-энелер болсо жашы жете элек балдардын иштешине ар кандай көз карашта. Ош шаарынын тургуну Санжар Эралиев баласын өз каалоосу менен жеңил иштерге иштетип эмгекке үйрөтөөрүн айтты:

“Балдардын иштөөсүн 2 тараптан караса болот. Биринчиден алар өз үй бүлөсүнө  жардам берүү үчүн иштешет. Экинчиден колу жука үй-бүлөдөгү балдар өз курсагын тойгозуу, кийим алып кийүү максатында иштешет. Эми ал иштин өзүнөн көз каранды болот да. Мисалы менин балам жаныма келип жеңил иш жасап жардам берем десе макул болом. А баланы мажбурлап иштетүүгө каршымын”,-дейт Эралиев.

Ош шаарында иштейт делген 300дөн ашык балдар негизинен араба түртүү, дүкөндөрдө сатуучу, жүк ташуучу катары, тигүү цехтеринде, кафе-ресторандарда тейлөөчү, идиш жуугуч, отун жаргыч, унаа кароочу, унаа жуугуч, пол жуугуч жана ар кайсы компанияларда жардамчы катары иштешет. Айылдагы балдар болсо негизинен мал чарбачылыгы, дыйкан чарбачылыгы (пахта, жүгөрү талааларында) жана көмүр шахталарында эмгектенээри айтылат.

Автор: Бекназар Исабек уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автор жана редактордуку.