Иттин жүнүнөн бут кийим тиккен Абдылда

1

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл округунда  чакан бут кийим тигүүчү цехтин ачылганына 1 жылдай болду. Абдылда Мадрахимов ажы цехти ачкандан бери 15ке жакын адамды жумуш орду менен камсыз кылды. Арасында ата-энеси жок жетим балдар да бар. Эң кызыгы ал иттин терисинен да укмуштай бут кийимдерди тигет.

Абдылда Мадрахимовдун атасы чоң уста болгон. 6 жашынан баштап атасына каралашып, жардам берип жүрүп бут кийим тигүүнү үйрөнгөн. Бала кезинен эле абдан жөндөмдүү, чыйраак болгондуктан ата өнөрүн улап кетти.

“Жаштайымдан эле өзүмдүн бизнесим болсо эч кимден акча сурабасам деп тиленчү элем. Анан атамдын ишин улантып, мынтип өз алдымча цех ачканга да жетиштим”,-деп кудуңдайт Мадрахимов.

Абдылда ажыга барып келип, шариятты катуу кармагандыктан, ишканасында аялдар бөлөк, эркектер бөлөк иштешет. Ал эмес ажааткана, дааратканасы да эки башка.

“Мен ажыга барып келгенден кийин адамдарга болгон көз карашым өзгөрдү. Көрсө, мусурманчылыкта сенин курсагың ток кийимиң бүтүн болсо, эгерде кошунаң ачка, наны жок олтурса, кудайдын алдында жооп бересиң. Мен кудайдан коркомун жана парздарды аткарганга аракет кыламын. Азыр көчөнү карасаң кээ бир жаштар жөн эле бекер жүрөт. Алар бир күн эмес бир кун, уурулук кылат, адамдарды тонойт ж.б. жаман жолдорго түшүп кетиши мүмкүн. Ошолорго мен бир чоң бут кийим тиге турган цех ачсам деген ойдомун. Көптөгөн адамдар жумуш орун менен камсыз болмок. Эгерде демөөрчү болуп бизге жер тилке жана имарат менен жардам берсе жакшы болот эле”,-дейт уста киши Абдылдажан.

Ал өзү ишинде кайрымдуулук кылып көбүнө жардам берет. Кол алдында иштеген Шамурод Кочкоров ата-энесиз бала болгондугуна байланыштуу Абдылда ажы анын үйлөнүү тоюна кеткен каражаттын баарын өз мойнуна алган.

“Отанинг ҳунари, боланинг унари”,-деген макал өзбек элинде жакшы таркаган. Же кыргызча айтканда, “Атанын өнөрү, баланын ырыскысы”. Балдары  5 жыл жогорку окуу жайда окуп, анан жумушсуз  жүргөнгө караганда бир өнөр үйрөнүп алса жана ошондон акча тапса, үй-бүлөсүн бакса жакшы деп балдарын да өз өнөрүнө үйрөткөн.

Кочкоров Шамурод  ата-энесиз бала болгондугуна байланышту Абдылда ажы  Шамуроддун  үйлөнүү тоюна кеткен каражаттын баарын өз мойнуна алган.

Бул тигүүчү машинада алар териден кемзелдерди, бели, буту ооругандарга иттин жүнүнөн жасалган белдемчилерди, маасыларды тигишет. Бул машина электр энергияны  иштетпейт. Колдо тигилет.
Бул тигүүчү машинада алар териден кемзелдерди, бели, буту ооругандарга иттин жүнүнөн жасалган белдемчилерди, маасыларды тигишет. Бул машина электр энергияны иштетпейт. Колдо тигилет.
Бул жерге биз кардарларыбыздын бут кийимин өлчөп лекаласын илебиз
Бул жерге биз кардарларыбыздын бут кийимин өлчөп лекаласын илебиз
Чон жана кичине бут кийимдин үлгүсү
Чон жана кичине бут кийимдин үлгүсү
Абдылда ажы шакирттерине бут кийим тигүүнү үйрөтүп жатат
Абдылда ажы шакирттерине бут кийим тигүүнү үйрөтүп жатат
Кышкы бут кийим
Кышкы бут кийим
Бычмачы бала
Бычмачы бала
Бут кийимдердин үлгүсү
Бут кийимдердин үлгүсү
Абдылдажан акенин, шакирттери бут кийим тигип жатат, үйрөнчүктөр 3 жылга жакын бут кийим тигүүнү үйрөнүшөт. Андан кийин өзүнчө жумуш ачып иштесе болот. Иштегенине жараша айлык алат. Алды 15000 сомдон, арты 10 миң сомдон маяна тиет.

Кышкы-жайкы маасылар
Кышкы-жайкы маасылар
Маасылардын баасы 300 сомдон баштап 3000 ге чейин. Эң  кымбат маасылар табигый жүндөн жана териден жасалат. Кышкы өтүктөр 2000 сомдон баштап 6000 сомго чейин сатылат. Иттин терисинен жасалган бут кийимдер 4000-7000 сомго чейин. Алардын колунда тигилген өтүктөрдү 4-5 жыл кенен кийишет. “Жыртылбайт, кепилдик беребиз”,- дейт усталар.

Жасалма териден  жасалган бут кийим.
Жасалма териден жасалган бут кийим.

Маасыларды, бут кийимдерди ар түрдүү кесиптегилер сатып алышат. Ысык-суукта базарда олтурган сатуучу, кышта кой кайтарган чабан, сууктан корккон карылар көп кийишет. Өзгөчө кышкысын көчөдө какайып турган МАИчилер арасында бул бут кийимдер популярдуу боло баштады.

МАИнин кызматкери Мухаммед Арзыбаев: “Мен иттин терисинен жасалган өтүк сатып алгам, дарылык касиети  бар, жылуу, ыңгайлуу. Биз кышында көчөдө иштегенге байланыштуу бутубузду жылуу кармашыбыз керек. Абдылажан аке кышкы, жайкы, жазгы бут кийимдерди тигет. Оштон гана эмес Бишкектен жана башка өлкөдөн буюртма беришет. Сапаты эң мыкты”.

Абдылда ажы Ош боюнча эң мыкты уста. Дипломдору жана сертификаттары бар. Өзбекстанда болуп өткөн конкурста алдыңкы орунду алган.

Мадрахимов бул ийгиликтер менен эле токтоп калбай,  бизнесин мындан ары да өнүктүргөнү турат.

“Жакында Италиялык «Kenzo» сапатындагы бут кийимден кем калбаган бут кийимдерди чыгарамын. Заводду Ошко курганы жатам. Мен Түркияга барып бут кийим заводун көрүп келдим. Ал жакта италиялык аппараттар менен эң мыкты бут кийимдер чыгарышат экен”,-дейт ал.

“Балам барып алардын ыкмаларын үйрөнүп келет. Туркиядан адис чакырсак анын айлык акысы жогору болот. Биз жаңы ачылганга байланыштуу бизге пайдасыз. А өзүбүз билсек бул биз үчүн өтө пайдалуу болот. Кудай буйруса Кыргызстанда да Түркия бут кийиминен кем эмес бут кийимдерди чыгарабыз”,-дейт Мадрахимов.

 Автор: Элиза Таштанова, сүрөттөр автордуку. 

Редактор: Эрнист Нурматов.