“Ата-Журтчу” депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдордун абактан бошогондугун Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда өзүнчө эле майрам катары кабылданууда. Жер-жерлерде атайын жолугушуулар уюштурулуп, салюттар атылууда. Жолугушуулар ырчы-чоорчулардын чыгуулары менен да коштолууда. Митингдерде азыркы бийликтерди кетирүү чакырыктары айтылып жатат. Бирок бул аракеттерди түрдүүчө баалагандар бар.
“Ата-Журт” фракциясынын абактан бошогон депутаттары менен жолугушуу Жалал-Абадда 22-июнда, Ошто 23-июнда, Баткенде 24-июнда өткөрүлдү. Алгач митингге чакырган унаалар шаар аралап кыдырып элди топтоп атышты. Район-райондордон да кичиавтобустар менен адамдар ташылып келинди.
Борбордук аянттарда кеминде 5-10 миңдин тегерегинде эл чогулуп жатты. Тынчтык митингдерин ырчы-чоорчулар да коштоп, шаңдуу уланды.
“Депутаттардын абактан бошогондугун элдик майрамдоо катары Ошто жана Жалал-Абадда салют атылды”,-деп айтты Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев.
Митингде чыгып сөз сүйлөгөн “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев ак болгон үчүн абактан бошогондугун белгиледи:
“Биз 9 ай абакта жаттык. Бизди эч ким сындыра албайт, себеби биз сиздер менен күчтүүбуз. Биз мамлекетте болуп жаткан баш аламандык акыйкатсыздык токтойбу, деп күтүп келе жатабыз бирок токтой элек. Мамлекетибиз алдыга жылбай жатат. Кечээки эле чек арада болуп өткөн окуя, биздин атуулубуздун кордолушу, биздин чек арага башка мамлекеттин жараны басып кириши жана кечээки эле Батукаевди түрмөдөн чыгарып жибериши бугүнкү бийликке “позор” болушу керек. Биз бардыгыбыз биригип туруп мамлекетибизди сактап калышыбыз керек. Азыркы бийликте баш аламандар боло берсе эл өзүбүз чыгышыбыз керек. Эгерде бийлик тура эмес саясатын жүргүзө берсе анда биз аларды “кет” бийлик деп айтышыбыз керек туугандар”,-деди Ташиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров болсо, Кумтөр маселесин көтөрүүнү алар мындан кийин деле токтотпой тургандыктарын ачыктады:
“Кумтөр 21-жылдан бери мамлекетке кызмат кылбастан тескерисинче трагедияга айланып калыптыр. Биз коммисия түзүп барганыбызда 20 жылда 260 тонна алтын казылып алынып, кыргыз мамлекетине болгону 1 тонна 400 кг гана берилген. 78 тонна күмүш алынса 1 кг да калган эмес. Бардыгы ташылып кеткен. Анысы аз келгенсип бизге өмүр бою миллиондогон жылдар уулуу калдык сактаган көлдү таштап кетип жатат. Беш мөңгүбүздү жок кылып жиберди. Кумтор жерин биздин ата-бабалар миң жылдан бери сактап келген . А биз болсо кыянаттык кылдык. Келечек муундун каргышына калдык. Биз ошо каталарды оңдойбуз деп 3-октябрда митинг уюштуруп чыкканбыз. Эмне үчүн? “20 жылда 20 комиссия түзүлсө баардыгы сатылып кеткен айланайындар силер сатыла көрбөгүлө” деп бизден аксакалдар суранышкан. Биз сатылбастан, комиссиянын отчетун парламентке добушка койгондо ошол аксакалдар кайра өздөрү тескерисинче каршы добуш беришти. Кумтөр боюнча аягына чыгарганга аракетибизди жасайбыз”,-деди Жапаров.
Оштун борбордук аянтында өткөн тынчтык митингине Ош, Жалал-Абад жана Баткен облус райондорунун дээрлик баарынан келген. Кызыл-Кыядан келген Айлар Кожокулова мындай дейт:
“Кызыл-Кыядан 8 газель болуп келдик. Ушул үч депутат менен жолугушканы келдик. Булар чыныгы баатырлар, эр, азаматтар. Биз Ташиевди колдоо үчүн келдик”,-дейт Айлар.
Ноокаттан келген дагы бир тургун Адылбек Калыев болсо мынтет:
“Ноокат шаарынан 10 кичи автобус, ал эми айыл өкмөттөн эки кичи автобус менен келдик. Жеңил машина менен келгендер да аябай көп. Кызыл-Кыя эли бардыгы көчүп келишти. Камчыбек Ташиев бизге өтө чоң көпүрө салып берген. Кыргызстанда мындай көпүрө жок дейт. Бензинге кеткен акчаны ар ким өз-өзүнө төлөдү”,-дей ал:
Деген жер-жерлердеги жолугушууларды түрдүү кабылдагандар бар. Ош шаарынын тургуну Арстан Жүдөмүшов тынчтык митингдерин маскарачылык катары баалоодо:
“Ташиевдин, Жапаровдун, Мамытовдун абактан бошотулушу туура эмес. Бул эми билген киши үчүн уят эле нерсе. Ал кандай күн болгондо дагы Кыргыз Республикасынын конституциясын бузду. Ал бийликти басып алууга аракет кылды. Же ичине кирип кофе ичип отуруп алдыбы. Кандай күн болгондо дагы, ал жазасын алыш керек эле, административдик болсо дагы жоопко тартыш керек болчу. Бул бир эле кыргыз сот системасы үчүн эмес, кыргыз эли үчүн маскарачылык нерсе. Чыгып алып жөн эле калбай анысын мынтип белгилегени да болбогон көрүнүш”,-дейт Жүдөмүшов.
Аймактагы серепчилер да жер-жерлерде жолугушуулар уюштурулуп, ар кандай ойлорго чакырыктар ташталып жатканын мыйзам бузуу катары баалашууда. Коомдук серепчи Төлөгөн Келдибаев:
“Эгер булар бийликке келсе деле Кыргызстанды оңдой албайт. Мен бул 3 депутатты дипломат, реформатор деп айта албайм. Булардын басып өткөн жолдору тегерегиндеги жүргөн адамдар шайлоочуларды сатып алганы мыйзам бузгандык. “Ата-Журт” партиясы “Бүтүн Кыргызстан” деле мамлекетибизди оңдой албайт. Булар деле өздөрүнүн көмөчүнө күл тарткан адамдар. Мисалы Өзбекстанда жөнөкөй эле зымды ашса атып салып жатпайбы, чек араны буздуң деп. Ал эми Ташиев ак үйдөн “забордон” ашып жатпайбы. Жалал-Абадда жол тосуулар болду. Канча адамдарга чыгаша болду. Кээ бирлери өлүмгө келип убагында жайга бере алган жок. Ушунчалык патриот экен жол тосуудан жабыр тарткан адамдарга жардам берсин. Бишкектеги шаардык соттун эшик терезелерин туугандары сындырды ошолорду калыбына келтирсин”,-дейт Келдибаев.
Былтыр күзүндө парламент жана президент отурган имараттын темир тосмосунан ашып түшүп мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып боюнча 8 айдан ашуун УКМКнын тергөө абагында жаткан "атажуртчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду 17-июнда шаардык сот актап, камактан бошотту. 19-июнда жумушка чыгышкан.
Прокуратура Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 10 жылга, Талант Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратууну соттон суранган. Ал эми соттолуучулардын адвокаттары алардын толугу менен акталышын өтүнгөн.
Жогорку Кеңештин үч депутаты былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытов менен Ташиевдин үч жансакчысын бир жылга кескен. Мындай өкүмгө каршы болуп, алар кийинки инстанцияга - шаардык сотко кайрылган.
Автор: Элиза Таштанова. Сүрөттөр автордуку.
Редактор: Эрнист Нурматов.