Ош: Чет өлкөдөн келген мигранттар текшерилди

ОШ_108

Мигранттарга арналган иш-чараларды алкагында Ошто эмгектенген чет өлкөлүк жарандар иштеген жайларда рейддер жүргүзүлүп, алардын документтеринин мыйзамдуулугу текшерүүгө алынды. Муну уюштурган жаштар уюмдары мигранттардын укуктук статусун аныктоо учурдун талабы экендигин айтышты.

ОШ_15720-21-июнь күндөрү Ош шаардык мэриясынын Жаштар комитети, «Жаңы Муундун Коалициясы» коомдук бирикмеси, «Кыргызстан Жаштар Кеңеши», «Эркин Эл» саясий партиясы биригип, КРдеги чет өлкөлүк эмгек миграциясына арналган иш-чараларды өткөзүштү. Ушул эле уюмдар күч органдарынын өкүлдөрү 21-июнь күнү Ош шаарынын аймагында эмгектенип жаткан чет  өлкөлүк эмгек мигранттардын укуктук статусун көзөмөлдөө максатында «Миграция кечээ, бүгүн, эртең» аттуу рейд уюштурушту.

“Рейд Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмү менен биргеликте Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы, Тышкы миграция боюнча түштүк регионалдык башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Ош шаарынын аймагында эмгектенип жаткан чет өлкөлүк эмгек мигранттардын укуктук статусун көзөмөлдөө максатында ушул иштин баарын жасап жатабыз”,-деди Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев.DSC_0559

Рейддин алкагында Ош шаарындагы ХБК кичи районунда жайгашкан Шунь-Ди-Ли» аталышындагы арматура заводундагы жана башка бир катар объектилериндеги Кытай мамлекетинен келген эмгек мигранттарынын документтери текшерүүгө алынды.

“Рейд учурунда мындан башка да бир катар объектилерге кирүүгө аракет кылдык. Бирок кээ бир объектилерде, жумуш ордунда бир да эмгек мигранттарын жолуктурууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Алар сыягы биздин текшерип жүргөнүбуздү билип калышкан окшойт”,-дейт Жунусбаев.

Тышкы миграция боюнча Түштүк регионалдык башкармалыгынын эксперти Абдилатип Эгембердиев бул туурасында мындай дейт:

"2013-жылы Ош шаарынын аймагында иштөө боюнча уруксат кагазы бир да чет өлкөлүк жаранга бериле элек. Анткени документтер учурда комиссиянын кароосунан өткөрүлүп жатат”.

Белгилей кетсек, 2012-жылы Ош шаарынын аймагында 350гө жакын чет өлкөлүк жаранга иштөө үчүн  уруксат берилген. Алардын көпчүлүгү Кытай жарандары.

Рейддин максатын жаштар уюмдары Кыргызстанда  башаламан миграция саясаты жүргүзүлүп жатканы менен байланыштырышат. Анткени мыйзамсыз мигранттардын саны кескин өсүп, улуттук коопсуздукка, демографияга, коркунуч жаратууда дешет алар. Өлкөнүн региондорунда мыйзамсыз мигранттар менен жергиликтүү тургундарыдын ортосунда конфликтер күчөп жатат дейт жаштар уюмдары.

“Бишкек шаарында “Бета сторес” деген магазинде түрк мигранты кыргыз кызыбызды ур-токмокко алып, ичеги-карыны үзүлүп кеткенге чейин сабаган. Тилекке каршы ошондо сотторубуз аны актап Казакстанга качырып, акцияларды өткөрүп атып мына алты жылга эркинен ажыратканга жетиштик. Бирок көмүскөдө калып кетип аткан мындай фактылар толтура”,-дейт Бишкек шаарындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы Жеңиш Молдоакматов.

ОШ_136“Жаңы муундун коалициясы” коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Саралаев болсо, уруксаты жок иштеген мигранттар да көп экенин белгилейт:

“Өндүрүш жакта иштеген мыйзамсыз атуулдар табылган. Мисалы, “Кой-Таш” айылында 34 жумушчунун ичинен жыйырма экөөсү уруксатсыз иштеп жаткан. Ал эми биздин Кыргызстандыктар чет өлкөгө барганда ар дайым ал жактын мыйзамын бузбайт. Кыргызстандагы мигранттардын 90 пайызы  мыйзамга баш ийбейт. Себеп дегенде бизде акчаны берип койсо баары бүтөт, көзөмөлдөөчү кызматтар коррупцияга малынган. Чет өлкөлүк жарандар да ошол себептен, бизге башкача сүйлөшөт. Акча берет да өздөрү каалаган   нерселерин жасашат. Мисалы, мыйзам бузган чет өлкөлүктөрдү сот айып пул төлөп койсо, бошотуп коюп атат. Аларды депортация кылыш керек болчу. Бирок андай болбой атат”,-дейт.

Былтыркы 2012-жылдын эсебинен, Кыргызстанга 13 миң чет өлкөлүк жарандарга иш орундары берилген. “Кыргыз жаштары өз мамлекетинде иш таппай жаткан кезде, бийликтердин сырттан келгендерге мынчалык көп орун бериши жакшы эмес” дейт “Эркин эл” партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков:

“Айылдан келген жаштарыбыз иш таппай чет жакка иш издеп, дүйнө жүзүнө тентип кетип жатат.  Ошону билип туруп, жыл сайын 12-13 миң чет жарандарына иш орундарын берип жатат. Ал 12-13 миң адам бизнесмен эмес, алар инвестор эмес, жөн гана кафелерде, бизнес-чөйрөлөрдө, базарларда жана башка жерлерде иштеп жатат”,-дейт ал. Андан ары Аскарбеков буларды кошумчалайт:

“2012-жылдын статистикалык негизинде мамлекет тарабынан 101 миң документ берилген. Эми ал сандын 70%ы кайра сыртка чыгып кетет. Кытай жарандарынын саны расмий эмес түрдө 300 миңден ашты. Бул маалыматтарды ички иштер министрлигинен сурасаңар “жок, андай маалымат жок” деп тана башташат. Бирок урматтуу Кыргызстандыктар Нарын облусунда канча кытайлык бар, Бишкекте “Мадина”, “Дордой” жана бир топ завод фабрикаларда иштеп жатат. “Пекин” соода борборлорунда көп. Бул актуалдуу, өтө орчундуу маселе. Миграция маселеси демографиялык коркунучту туудурат. Чет жактан келген жарандардын кескин көбөйүшү мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чоң шек келтирет”,-дейт М.Аскарбеков.ОШ_092

Деген менен Кыргызстанда иштеп жаткан мигранттар мындай текшерүүлөргө капа экендиктерин айтышат. Фамилиясын атагысы келбеген түрк ишкери Нихат алар бул жерде мыйзамдуу гана иштеп жаткандыктарын айтышат:

“Биз мында келгенибизге көп эле болду. Азыр мында соода-сатык менен алектенем. Бир эле бул текшерүү эмес, мындан башка текшерүүлөр деле күндө болуп турат. Биз Кыргызстанга салык төгүп, пайда келтирип жаткандан кийин бизге деле мыйзамдык укуктарыбызды пайдаланууга мүмкүнчүлүк бериши керек. Анан кечке текшере бергени бизге иш беришпейт. Эгерде кайсы бир ишкер, же кайсы бир мигрант Кыргызстанда мыйзамды сактабай атса ал жоопкерчиликке тартылсын, бирок жалпы мигранттарга ошонун айынан көө жабылбашы керек”,-дейт.

DSC_0646Ал эми байкоочулар да жаштар уюмдарынын миграция маселесине кийлигишип атканын ар башка кабылдашууда. Жергиликтүү эксперт Төлөгөн Келдибаев мындай дейт:

“Мигранттар мыйзамсыз иш кылып жатса аны милиция карасын, уруксатсыз иштеп атса аны миграция боюнча министрлик, укук коргоо органдары карасын. Анан мынтип аз-маз баш көтөрө калган майда барат, жаштар уюмдарынын өлкөнүн миграция саясатына кийлигишүүсү менимче туура эмес нерсе. Ар ким өз ишин кылышы керек”,-дейт Келдибаев.

Аталган рейдге Бишкек шаарындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы Жеңиш Молдокматов, «Эркин эл» партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков, «Жаңы муундун коалициясы» коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Саралаевдер да катышышты.

Бир топ жаштар уюмдарды жана саясий партиялар буга чейин Чүй регионунда коомдук текшерүүлөр өткөрүп, мыйзамсыз иш мигранттары аныкташкан эле. Алар бул рейд иштери мындан ары да улантыла берээрин айтышат.

Автор: Айгерим Абибиллаева. Сүрөттөр Автордуку. 

Редактор: Эрнист Нурматов.