Ош МУ: Куран окутууда мал союуга тыюу салынат

DSC_0061

Ош мамлекеттик университетининин кызматкерлери жакын тууганы каза болуп, куран окутса эми мал союуга тыюу салынат. Шаарга келип ресторан, кафелерде же үйүндө мал союп, дасторкон жасап куран окутуу каадасын өткөзүүнү университет жамаатынын көпчүлүгү туура эмес деп эсептейт. Мындай демилгени айрым педагогдор эркиндикти чектөө катары баалашууда.

“Элдик каада-салт, үрп-адаттарда куран окутуу каадасында кетүүчү ашыкча чыгымдарды кыскартуу жөнүндө” деген атайын жобо долбору университет кызматкерлери тарабынан 2013-жылдын март-апрель айларында талкууланып, эми окумуштуулар кеңешине коюлганы турат. Ал кабыл алынса эле, эми кызматкерлер жакындарына куран окутса эт коюлбайт.

Ош МУнун “Тарбия департаментинин директору Замир Божонов мындай дейт:

“Бизде окутуучулар мага кайрылышкан. Ар кандай жерлерде куран окуутуларда мага сунушташкан, куран окуутуда ашыкча чыгымдарды азайтып, тамак-аш койбой эле куран окутса болот деп айтышкан. Ошол себептен бул жобону иштеп чыктык. Кыргыз элинде каза болгон адамдын тажиясын өткөзүү бир топ матриалдык чыгымдар менен коштолот. Анан келип Ош шаарында куран окутуу каадасын өткөзүү үчүн болжолдуу 60 миң сомдон жогору акча каражатын сарптап келишүүдө. Бул окутуучу үчүн оор болуп калат. Ошондуктан унверситет кызматкерлерин ашыкча чыгымдардан арылтуу үчүн мындан ары куран окутуу каадасын эч кандай  материалдык- финансылык каржы-сарптоосуз өткөзүү зарылдыгы келип чыгууда,”-дейт З.Божонов.

Замир Божонов
Замир Божонов

Бул демилге окуу жай жамаатындагыларга сунушталып, Ош МУнун бардык стуруктуралары, факультеттери, коллеждери боюнча 1092 кызматкерден сурамжылоо алынган. “Анын 1021 (93,5%) кызматкери “макул”, 71 (6,5%) кызматкер каршы пикирин билдиришти”-дейт Божонов.

“Чынында, бул ректорат тараптан  чыккан деп айтып жатышса бул туура эмес. Мунун башкы идеясын алайлыктар баштаган. Окуу жайда мен сунуш киргизип, айткам. Анан баары колдоп атышат. Ашыкча чыгымдарды кетирип маркумдумдун жакындарын эле кыйнап коюшубуз мүмкүн. Анткени  жакындарынан ажырап жатып, бир жагынан акчасы кетет. Азыр деген куран окутуу кафе-ресторандарга той катары өткөрүшөт.Бул туура эмес.Ошол үчүн мен колдойм. Эртерээк бул күчкө кирсе жакшы болмок”-дейт ОшМУнун педагогикалык билим берүүнүн өркүндөтүү борборунун  директору, дацент Адылбек Батыралиев.

Ош МУда учурда 1500дөй окутуучу, 30 миңдей студент бар.
Ош МУда учурда 1500дөй окутуучу, 30 миңдей студент бар.

Анткени менен бул демилгеге баары бир ооздон макул болду деп айтууга болбойт. Окуу жайда буга каршы болгондор да бар. Тарых жана юридика факультетинин деканы, профессор Турдумамат Кадыров мындай дейт:

“Кыргыздар салт менен куранды аралаштырып салды. Бирок өкмөттүн токтому менен муну токтото албайт. Адамга ыйманды чакырыш керек. Ыйманга келүүнү чакырыш керек. Токтомду мисалы мен окудум окубаганы канча, демек түшүндүрү ишин жүргүзүп туруп эле токтотуп коё албайбыз. Биз бир эле токтом кабыл алып туруп жөнөтөлү ректоратка мына окусун, токтосун деп буга бардыгы эле каршы. Бул кагаз менен токтобой турган нерсе, “Не эми ушуну токтотуп калыптырбы” деген сөздөр көп болот. Кыргызда салт деген бар, жакшылык-жамандык деген нерсе бар. Мунун баарын токтотуу менен анчалык ийгиликке жете албайбыз. Мал сойбосо колунан келбегендер сойбосун, колунан келгендер сое берсин”,-дейт Кадыров.

Канткен менен Ош МУ демилгесин калаадагы башка окуу жайларга жана мекеме-ишканаларга да сунуштоодо. Бирок инициатива окуу жайдын өзүндө канчалык деңгээлде аткарылат баары ошондон көз каранды.

Окуу жайдын атайын жобосунда ОшМУнун кайсы бир кызматкеринин жакын тууганы каза болсо, маркумдун тажиясынан кийин Ош шаарындагы Алымбек датка тарыхый-этнографиялык оргумасында жайгашкан “Ак ордо” улуттук кафесинде өткөргөнгө болору айтылат. Ал жерде окутуучуларга жеңилдиктер берилмекчи.

Ислам дининде да ысырапкорчулукка ачык айкын тыюу салынган. Маркумга куран окуткан адамга көңүл айтуу үчүн келгендерге жандык союп, тамак-аш даярдоо жана бейшембилик, жетилик, кырктык, жылдык өткөрүү жөрөлгөлөрү шариатта жок дешет динаятчылар.

“Бишкек консенсус”экономикалык изилдөөлөр институту Кыргызстанда жыл сайын каада-салт, үрп-адат, аш тойлорго 40 миллиард сомдон ашык каражат сарпталаарын эсептеп чыгышкан. Акыркы жылдары эл ичинде каада салттарда кетүүчү ашыкча чыгымдарга тыюу салуу боюнча жер жерлерде демилгелер көтөрүлүп келүүдө. Маселен, Алай районунда “2013-жыл каада-салт, ырым жырымдарды тартипке келтирүү жана ашыкча чыгымдарды азайтуужылы” деп жарыялашкан.

Автор: Айгерим Абибиллаева.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку. Башкы сүрөт Оштогу Курбан айт учурунда тартылган.