“Достук” чек ара бекети: Кезек күтүп бир аял каза тапты

Достук (6)

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинен өтүп баратып өзбекстандык Хуршида Рустамова көз жумган. Көргөндөр аны кезек күтүп атып жүрөгү кармаганын айтышууда. Ал эми кыргыз чек арачылары маркум өзбекстандын постуна барганда каза болгонун белгилешүүдө.

Мындан 3 күн мурда болгон окуя Кыргызстан менен Өзбектандын ортосундагы нейтралдуу зонада орун алгандыгы айтылууда.

Кыргызстанга саамал ичип, дарыланганы келген Хуршида Рустамова бул жакта аз күн эс алып, үйүнө кайтып бараткан. Бирок каргашалуу ошол 24-июнь күнү “Достук” бекетинен өтүп баратып, оңбогондой кезекке кабылган. Ысык таасир эткенби, же дагы башка жагдайлар барбы кезек күткөн жеринде жүрөгү кармап каза тапкан.

Хуршиданын таякеси Пазыл Салиев клооп менен маегинде буларды билдирди:

“Карындашым Хуршида 30 жашта болчу. Атайы дарыланганы келген эле. Кыргызстандан өтүп Өзбекстанга өткөндө нейтралдуу, зонада болду бул окуя. Кыргызстан менен Өзбекстан убактысынын айрымасы 1 саат экен. Ошол себептен кошуна өлкө 1 саат кийин ачат экен. Ошондуктан 1 сааттан ашык күттүк, күн ысык кезек толтура. Мен өзбек аскерлерине айттым “ачкыла, карындашым кыйналып жатат, тез арада чек арадан өтүшүбүз керек” десем, “жок биз ача албайбыз, башкармабыз келиш керек, бизди урушат” деп макул болушкан жок. Бир саат күтүп турдук. Бизди Кыргызстандан машина менен алып барып чек арага таштап, анан машина кайра кайткан. Мен жанында болчумун. Өзбекстандын территориясында көз жумду. Тез жардам деле келген жок медициналык жардам деле көргөзүшкөн жок. Балким алар медициналык жардам көргөзгөндө өлбөй калат беле, жапжаш өтүп кетти. Кыргызстанга жыл сайын  саамал ичем деп келет болчу”,-дейт

Хуршида өзү Өзбекстандын Андижан облусунун Булак-Баш районуна караштуу Новок айылында жашачу. Баласы 6 жашка эми гана толгон болчу.

Достук

Достук (1)

Достук (2)

Достук (3)

Бул маселеде кыргыз чек ара кызматы алардын айыбы жок экенин айтууда. «Достук» өткөрмө бекетинин жетекчиси Алмаз Тойчиев:

“Чек арада өтүп кеткен кыз боюнча ал 1983-жылы туулган. Өзбекстандын жараны, кошуна өлкөнүн  территориясына  жеткенде көз жумду. Анын каза болгондугуна биздин тиешебиз жок”,-дейт Тойчуев.

Алмза Тойчуев журналисттерге маалымат берип атат
Алмаз Тойчуев журналисттерге маалымат берип атат

“Достуктан” күн сайын аз эле дегенде 2500-3500дөй адам Өзбекстанга, дагы ошончо киши Кыргызстанга өтөт. Өткөрмө пункту саат сегизден кечки сегизге чейин иштейт. Таң атып-атпай эле эки жакта тең узун кезек пайда болот. Биринин колунда ымыркайы болсо, бири чоң себет көтөрүп алган. Эртерээк өтүп алабыз деген үмүттө балдарын түн уйкудан ойготуп, жетелеп келгендери толтура.

Достук (4)

Достук (5)

Достук (6)

Достук (7)

Достук (9)

«Достук» өткөрмө бекетинин жетекчиси Алмаз Тойчиев мунун себебин мындайча түшүндүрөт:

“Эмне үчүн кезек көп  болгонунун  себеби, кошуна өлкө өтө акырындык менен көзөмөл жүргүзгөнүнө  байланыштуу жана түштүк аймакта  бир эле “Достук” автожол чек ара көзөмөл кызматы ачык болгондугуна да байланыштуу”,-деп белгилейт ал.

Деген менен ары-бери өткөндөр кыргыз-өзбек чек арасында кезек арты үзүлбөй жатканын айтышууда. Ага карабай күн ысыкта ондоп, жүздөп кезекке тургандар айласыз эки жакка каттоого аргасыз болушат.

Өзбекстандандык өзүн Дилдора деп тааныштырган аял буларга токтолду:

“Кезекте 5-6 саат күтүп турасың. Эрте менен таңкы 4тө келип кезекке турушат. Өзбекстандын территориясында туруп эгерде өзүңдү жаман сезип, кускуң келсе уруксат сурап анан чыгыш керек, болбосо аскерлер катуу урушат жана кредитиң жок болот. Башынан кезекке турасың. Кезекте тургандар кээде мындай мээ кайнаткан ысыкта эс учун жоготкондор да болот. Өзбекстандын чек арасында көп убакыт кезекте турабыз. Чек ара пунктунун тосмосунун жанына жарандар үчүн отургучтарды, чай ичүүчү, тамактануучу жайларды куруп койсо жакшы болмок. Себеби 4-5 саат кезекте какайып  турасың. Азыркы ысыкта куурулган эттей куйкаланасың”,-дейт Дилдора.

Кыргызстандык келин Айзада болсо өзбекстанга турмушка чыккан. Ал дагы ары бери өткөндө куду ушул сыяктуу эле көйгөйгө кабылып турат.

“Кезек аябай көп. Жатып калган күндөрүбүз да болот. Нейтральдуу зонада суткалап кезекте турабыз. Ошол зонада атайын үйлөр бар. Суткасына 7000 сумдан, кыргыз сомго 200 сомчо  төлөп жатабыз. Кезекте бири-бирин тебелеп да кетишет. Аялдар чашташып мушташышат. Бир жолу, боюнда бар бир келин  кезекте өтө көп турган. Анан боюнан түшуп калган. Өзбекстандын сакчыларынын бир жакшы сапаты бар, мен ошого ыраазы болом пара сурашпайт. Ушул өзүбүздүн кыргыз  чек арачылар акча сурашат. Өзүм кыргызстандык болом Өзбекстанга турмушка чыккамын”,-дейт Айзада.

Кыргыз-өзбек чек арасынан ары-бери каттагандардын дагы бири Дилфуза:

“Бул жакта атайын иштеген адамдар бар. 200 сом берсең кезеги жок өткөзүп коет. Көбүүрөөк киши болсок 150 сомдон сүйлөшсөң болот, дүңүнөн сүйлөшсөң арзаныраак түшөт. Кудай сактасын тилекке каршы сенин улутуң кыргыз болсо да, бирок Өзбекстандын жараны болуп калсаң Кыргызстандын чек арачылары акчаңды чиркей адамдын канын кандай сорсо, ошондой сорот”,-дейт ал.

Достук (10)

Достук (11)

Достук (12)

Достук (13)

Бирок бул айыптоолорду «Достук» өткөрмө бекетинин жетекчиси Алмаз Тойчиев таптакыр четке кагат:

“Достук” чек ара бекетинде 200 сомдон пара алып, кезексиз өткөрөт деген, ал такталбаган маалымат. Чек арадан өткөн адамдардын көп кемчилиги болот, мисалы документтери толук эмес. Ошолор  чыгарышы мүмкүн бул сөздөрдү.  Кары-картаңдарды  балалууларды кезеги жок өткөрөбүз. Ар бир чек арачы ай сайын кылмыш кодексинин беренелери менен таанышып кол коюп чыгат. Ар бир чек арачы иштеген жерде ишеним телефондору бар жана ар бир чек ара нөөмөттөрүнүн  бейджиги бар”,-дейт Тойчуев.

2010-жылдагы апрель жана июнь окуялары учурунда өзбек тарап бардык чек ара бекеттерин жаап, бир топтон соң Кара-Суу районундагы “Достук” өткөрмө бекетин гана ачкан. Ошондон бери эки өлкө жарандары ушул жерден гана ары-бери катташат. Калган бекеттер атайын чакыруу телеграммасы бар кишилерди гана өткөрөт.

Автор: Элиза Таштанова.

Редактор: Эрнист Нурматов.