Учурда Ош шаарында бассейнге кирүү 100 сомдон, 400 сомго сомго чейинки сумманы түзүүдө. Акы кымбат болгондуктан шаар тургундары кадимки аккан сууга чөмүлүп, жайкы ысыктын эбин табышууда. Мекеме ээлери болсо кымбат болгон менен, бассейндерде шарттар жакшы жаратылганын белгилешет.
Ош шаарынын тургуну, мектеп окуучусу Кабылан Арий уулу бассейндердин баасы кымбат болгондуктан аргасыздан Ак-Буура суусуна чөмүлүп жаткан экен:
“Менин Ак-Буура суусуна чөмүлүшүмдүн себеби, мага таза тунук болгондугу үчүн жагат. Ошондуктан чөмүлөм. Бир жагынан бассейнге түшөйүн десем көрүп жатасыз баасы кымбат болуп жатат. Азырынча акча маселеси кыйыныраак болуп жатат. Бассейнге түшөйүн десем тазалыгына да карайм, ал жерге көп адам киринет да, кээде ылай боюнча коюп коюшу мүмкүн”,-дейт ал. Бирок бир жагынан Ак-буурага чөмүлүү ага жагаарын айтты Кабылан.
Дагы бир мектеп окуучусу Яхия Камбаров, ал Ак-буура суусунун жээгинде жүргөндө суунун шарылдаганынан мээси эс ала турганын дагы, бир топ пайдалуу жактарын да айтат.
“Мен Ак-буурага чөмүлгөнүмдө суусу денеме башкача таасирин тийгизет. Чөмүлүп чыгып жээкке жатып алып күнгө кактансаң андан сонун. А күнгө кактануунун пайдасы болсо кышкысын жөтөл жана башка оорулар менен оорубай дененин чымыр болушуна жардам берет. Бассейндердин баасы мени кызыктырбайт. Кандай болсо деле кире берем. Негизгиси таза болсо болду да”,-дейт Яхия.
Ош шаарында 10дон ашык бассейндер болсо, алардын баары эле популярдуу эмес.
Эл көп билет делгендерден, “Дельфин” бассейни, чоңдорго 200 сом, балдарга 100 сом алат. “Планета Ош” бассейнинде болсо чоңдорго 150 сом, 15 жашка чейинкилерге 100 сом, 6 жашка чейинкилерге акысыз. “Большая Рыбка” бассейнинде да” Планета Оштогудай” баалар болууда.
Шаардын Кулатов кичирайонунда жайгашкан “Реми” бассейнинин баасы чоңдорго 400 сом, балдарга 200 сом акы алат. Эпсиз эле кымбаттыгынын себебин мекеменин администрациясы андагы шарттардын мыктылыгы менен түшүндүрөт. “Реми” бассейнинин башкаруучусу Жыргалбек Жээнмуратов:
“Биздин бассейн 400 сом болгон менен акчасына жараша шарттары бар. Биз ар бир жума сайын сууну сөзсүз түрдө алмаштырып турабыз. Үч күндө бир жолудан сууга дары кошуп турабыз. Бизде ар бир столго бирден тейлөөчү коюлган. Шашлыктардын түрлөрү бар. Түрдүү тамактар даярдалып турат. Бекер интернет пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү бар. Душ дагы бар. Муну менен биз кардарлардын гигиеналык тазалыгына көңүл бурабыз”.
Мында кирген адам бассейнге түшсө дагы, түшпөсө дагы 400 сом төлөшү керек. Бассейнге киргендерге тапочка желет кошуп берилет. Мекеме менчик болгондуктан дагы өз каалаган баасын коюуга акысы бардай.
Ал эми мамлекеттик делген, “Дельфин” бассейни да 200 сомго чейин бааны көтөрүп алган. Директор Эрмек Алибаев мунун себебин мынтип түшүндүрөт:
“Биздин бассейн санепидстанциялык көзөмөлдөн жума сайын өтүп турат. Мамлекет бизге өзүбүздү өзүбүз камсыз кыла ала турганга ылайыктап бассейндин баасын коюп берет. Ошого 200 сом деп баа коюлган. Анткени Ош шаарындагы бассейндерге салыштырмалуу биздин бассейн дүйнөлүк стандартка жооп берет. Санитардык жактан эң таза. Биздин бассейнде профессионал тренерлерибиз бар. “Реми” бассейни жеке менчик комерциялык деп саналат, алар каалагандай баасын коюшат. А бизде антимонополиялык кызмат деген бар. Алар бизди көзөмөлдөп турат биз өзүбүздү өзүбүз камсыз кылабыз, айлык беребиз”,-дейт.
“Мына жакында эле акыркы технологияга жооп берген, сууну түбүнөн тазалап жүрүүчү роботторду алып келдик. Биздин бассейн негизи сүзүү жана футбол мектеби деп аталат. Керек болсо биздин бассейн Кыргызстандагы эң чоң сүзүүчү жана футбол мектеби. Түштүк регионундагы бирден бир сүзүү билимин үйрөтүүчү бассейн. Биздин сууларыбыз булактын суусу. Баардык эмерек, жайларыбызды өзүбүз ремонт кылабыз. 550 миң сомдон 5 жарым миллион сомго он фильтир алынган. Биз башка бассейндерден ушул артыкчылыктарыбыз менен айырмаланып турабыз”,-деп кошумчалайт Алибаев.
“Планета Ош” бассейнинин кызматкелери аларда деле эс алуучулар үчүн көптөгөн шарттар түзүлгөнүн айтышат. Бул жердин кызматкери Базаргүл Эржигитова муну айтат:
“Бизде 150 сом болгонунун себеби, бардык шарттары бар. Тазалык ар дайым сакталган. Ата энелер балдары менен келишет, шартка жооп берет бардыгы. Бар жогу таза, тыкан, жакшы. Тамактанып алууга да мүмкүнчүлүк бар. Бардык шартка жооп берет да. Суу ар бир жумада тазаланып турат”,-дейт ал.
“Большая Рыбка” бассейнинин кызматкерлери деле алардын бассейнинин башка бассейндерден калышпаган өзгөчөлүктөрү бар деп жатышат.
Деген менен 2000 сомдон, же 4-5 миң сомдон маяна алган карапайым Оштук үчүн бул баалар бир топ эле кымбат экендигин айтышат шаардыктар.
Калаада мугалим болуп иштеген Айчүрөк Самиева 200 сомдук бассейнде кыйналып калып жатканын айтты:
“Албетте мени бассейндин баасы кымбат болуп жаткандыгы күйүндүрөт, мынчалык бааны көтөрүп алышканына таң калам. Буга дагы эптеп чыдасак болот, берки “Реми” дегени 400 сом кылып алыптыр. Бир жолу кокустан кирип алсам, 400 сом деп шаштымды алган. Бардык эле адамдардын мындай суммадагы акчаны төлөөгө алы жетпей калышы мүмкүн деп ойлойм. Мисалы үчүн менин анчалык акча төлөөдөн кыйналып атам. Экинчи кирбейм ал жерге...”
Жайдын ысык күндөрүндө көпчүлүк бассейндердин бааларынын кымбаттыгынан, кээлери ал жердеги гигиеналык шарттардын начардыгынан да Ак-Буурага чуркай салышат. Күн чайыттай тийген учурларда кээ күндөрү дарыянын жээктери адамдарга толуп кетет.
Автор: Бекназар Исабек уулу.
Редактор: Эрнист Нурматов.