Ош: Кадр алмаштыруу үчүн эшик "талкалап"

Боорукердик уйу (2)

Ош шаарынын “Боорукердик” үй-интернатынын директорун кызматтан алмаштыруу ар кандай чыр-чатактар менен коштолууда. Мурдагы директор Бермет Токтосунова аны кызматтан мыйзамсыз, эшигин талкалап , жумуштан алганын айтса, эшикти бузган учурда катчы Жаркынай Маматулаева эси ооп жыгылган. Ал эми мерия бул иштин баары мыйзам чегинде болду деп жатат.

“Боорукердик” үй-интернатынын мурдагы  директору Бермет Токтосунова анын иштен алынып калышын аз күн мурдаараак сезе баштаган экен. Анткени ага, мэрия кайра-кайра текшерүү жөнөтүп  жаткан.

“Мага коммисия келди, “мериянын өкүлүмүн деп, социалдык коргоо кызматкериненмин деп, “санэпидемстанция, билим берүү башкармалыгы”, кыскасы текшербеген кишиси калбады. Ал текшерүүдөн жакшы чыктым, эч кандай кемчиликтер болгон жок. Бир айдан кийин дагы текшерүү келип кетти. Мени Дастан Ходжаев телефон чалып кабинетине чакырды. Барсам “Эже сиздин жумуш ордуңуз керек”,-деди.  “Эмнеге, мен жаман иштеп жатамбы, же комиссиядан мыйзам бузуулар чыктыбы” десем “жок, эже сизге эч кандай айып жок, жөн эле бул саясат”,-деди.

Боорукердик үйү
Боорукердик үйү

Токтосунова айтымында, анын жумуш ордун депутат болбой калган аял талашып жатыптыр:

“Оштун вице-мэри Дастан Ходжаев айтты “бир аял депутаттыка ат салышып   өтпөй калды, ошондуктан биз аны жумушка орноштурушубуз керек. Ал аял сиздин жумушуңузду талап кылып жатат. А биз сизге башка жумуш беребиз. Бала бакчада иштесеңиз болобу” деди. Мэр билеби десем “ооба, билет бул маселе чечилген”,-деп сөз какты. Бир аз убакыттан кийин дагы коммисия “Боорукердикке” келди. Биздин жамаат Ош шаарынын прокурору Атай Шакирович Шакир уулуна арыз менен кайрылды, “бизге эмне үчун тынымсыз эле текшерүү келе берет” деп. Менин оюмча мэрия үй-интернаттын жерине кызыгып жатат. Себеби, жаңы директор келгенде эле жерди сураштырыптыр”.

Боорукердик үйү
Боорукердик үйү

Вице-мэр Дастан Ходжаев “Боорукердикке” жаңы директорду тааныштыруу үчүн келгенде, жетекчинин бөлмөсү жабык болот. Катчынын эшикти ачуунун талап кылып кыйкырган экен, катчы Жаркынай Маматулаева ошол эле жерден эси ооп жыгылып түшкөн.

“Ходжаев, жаңы директор Үмүт Жусупова жана дагы бир нече киши “Боорукердике” келип, директордун бөлмөсүн  ачууну талап кылган. “Менде ачкыч жок” -   деп айтса, “эмне үчүн жок, сен эски директорго кошомат кылып жатасың, сени жумуштан айдайм”,- деп  кыйкырат. 7 айлык боюмда бар эле, коркуп, эсим ооп жыгылып калыпмын”,-дейт Маматуллаева.

Аны тез жардам алып кетип, азырга дейре ооруканада баланын түшүп калуу коркунучу бар деген диагноз коюшат. “Менин үй-бүлөм укук коргоо органына арыз жазышты. Мен аягына чейин турам. Мыйзам  чегинде жооп берсин”,-дейт катчы.

Ал эми Ош шаарынын вице-мэр Дастан Ходжаев “Мунун баары мыйзам чегинде болуп өттү, Бермет Токтосунованын жумушунда кемчиликтер болду, ошонун негизинде жумуштан кетирдик”,-дейт.

Дастан Ходжаев
Дастан Ходжаев

“Бермет Токтосунованын  жумуштан кетип, жаңы директордун келишине  жамаат каршы болду. Берметтин жумуштан кетүүсүнүн себеби жумушунда жетишсиздиктер болгон.  Прокуратуранын сунуштамасы болгон. Биз аны жумуштан кетирдик. Катчыга мен кыйкырган жокмун, прокуратурага барып көрсөтмө бердим”,-деди Ходжаев клооп.кж менен болгон маегинде.

Жаңы директор Үмут Жусупова да анын кызмат орду мыйзамдык негизде болгонун айтып какшоодо:

“Боорукердик” үйүндө, бүт эле трайбализм болуп кеткен. Мурдагы директор 6 ай жумушка чыккан эмес. Мен мыйзамдуу жол менен жумушка келдим. Катчысы деле, санитаркасы, тарбиячысы деле бүт баары туугандашып кеткен. Ошондуктан мен барганда жамаат мени жактырбады. Катчы Жаркынай менен Бермет Токтосунова экөө  тууган болот экен,  ошондуктан сен жумушка чыкпагын. Мен жумуш ордума кайтарылып келем, ошондо чогуу иштейбиз дептир”.

Үмут Жусупова
Үмут Жусупова

Үй-интернаттын тарбиячысы Ыкбал Сатыбалдиева, Бермет Токтосунова көп жыл иштешкен.

“Биз Бермет Токтосунованын жумуштан алынышына каршыбыз. Дастан Ходжаев катчыга аябай орой мамиле жасады. Директордун бөлмөсүнүн эшигин бузуп сындырып басмачыга окшоп киришти. Мен ойлойм бул туура эмес. Бермет Токтосунова келгенде эле жаңы дайындаса  болмок. Бермет Токтосунова аябай жакшы иштеди. Чатырынан суу акчу эле, аны ремонт кылды. Жерге брусчатка төшөдү. Ар кандай долбоорлорду жазып, акча таап, ашкананы ремонт кылды”,-дейт Сатыбалдиева.

 

Боорукердик үйү
Боорукердик үйү

“Мерия эми чымындан пил жасап жатат. Булар айтып жатат прокурордун  багыттамасынын негизинде кызмат ордунан бошоттук деп. Ал багыттамада  мындай дейт “интернатка келген ар бир баланын документи болуш керек”. А бизге көчөдө калган балдарды да алып келишет. Ал баланын эч текеси жок. Негизи, социалдык  коргоо кызматы ал балдардын документин тактап кургак учук менен оорубайбы текшерип, анан бизге  багыттама бериш керек. Бирок  практикада андай болбойт. Дароо эле бизге жиберип коюшат. Анан Бермет Токтосунова өзү карточка ачтырып рентгенден өткөзүп бүт документтерди бүтүрөт. Биз  жамаат менен мурунку директорду мыйзамсыз эле жумуштан бошотту деп ойлойбуз”,-дейт Боорукердикте иштеген Раиля Шакирова.

Мурдагы директор Бермет Токтосунова кызматтан мыйзамсыз алынгандыгын айтып, Ош шаардык сотуна арыз жазган. Бирок биринчи отурумда тараптар келбей калып жылдырылды. Эми кийинки сот ушул айдын аягында өтмөкчү.

Ош шаардык “Боорукердик” үй-интернаты мамлекеттик  медициналык-социалдык мекеме. Бул жер негизинен кароосуз калган карыялар, тоголок жана жарым жетим балдар үчүн, социалдык жактан начар абалдагы  майыптарга, башка адамдардын жардамына муктаж майып адамдар үчүн дайыма жана убактылуу жашоочу жай. Анын ичинен 25 социалдык жактан абалы начар жана пенсия жашындагы I-II-тайпадагы майып карыялар, 4-16 жашка чейинки 29 жетим бала жашайт.

Автор: Элиза Таштанова. Сүрөттөр автордуку.

Редактор: Эрнист Нурматов.